Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде ооруга багынбайм? (1-бөлүк)

Канткенде ооруга багынбайм? (1-бөлүк)

 Жаштардын арасынан катуу оорусунун айынан азап тартып, башка жаштарга окшоп, ойноп-күлө албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген кимдир бирөөнү билесиңби? Же балким, ошондой оорунун айынан өзүң кыйналып жүргөндүрсүң.

 Эгер ошондой болсо, кээде көңүлүң чөгүп, ындының өчүп калары айтпаса да түшүнүктүү. Ошондой учурларда сага Ыйык Китепте жазылган жүрөк жылыткан төмөнкүдөй эки ой жардам бериши мүмкүн:

  •   Жараткан Жахаба Кудай сенин оор абалыңды билет. Андан да маанилүүсү, ал сага кам көрөт (1 Петир 5:7).

  •   Жахаба Кудай жакында бардык ооруларды айыктырат. Кудайдын ал убадасы Ышая 33:24тө жана Аян 21:1—4тө жазылган.

 Көптөгөн жаштар катуу оорусу менен күрөшкөнгө Кудайга жана анын убадаларына болгон бекем ишеними жардам берерин айтышкан. Ошол жаштардын айрымдарынын эмне деп айтканына көңүл бурсаң.

 ЯМИ

 Мен 11 жашыман бери майыптар коляскасыз жүрө албайм. Мага жөнөкөй эле иштерди кылуу, мисалы, жеңил нерселерди көтөрүү да кыйынга турат.

 Беш жашымда мага бара-бара кыймыл жөндөмүмдү чектей бере турган булчуң дистрофиясы (булчуңдардын иштебей калышы) деген диагноз коюлган. Кээде өзүм курдуу жаштардын кылганын кыла албаганыма аябай көңүлүм чөгөт. Бирок ата-энем, ишенимдештерим мага дайыма рухий жактан колдоо көрсөтүп, көңүлүмдү көтөрүүгө аракет кылышат. Учурда мен жакшы кабар айтуу ишине катышып, Кудайга толук убакыт кызмат кылам. Ыйык Китепти окутуш үчүн кимдир бирөөлөргө барышым керек болгондо көп учурда ишенимдештерим мени менен барышат.

 Иса пайгамбар айткандай, «ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34). Ошондуктан мен эртеңки күнүмдү ойлоп тынчсыздана бербей, алдыма алым жете турган максаттарды коюп, аларга жеткенге аракет кылам. Мен Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө азыркы оорумдан айыгып, «чыныгы жашоонун» даамын тата турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем (1 Тиметей 6:19).

 Ойлонуп көр: Сен да, Ямидей болуп, алдыңа алың жете турган максаттарды коё аласыңбы? (1 Корунттуктар 9:26).

 МАТЭО

 Алты жашымда аркам катуу ооруй баштады. Адегенде доктурлар аны боюмдун өскөнүнө байланыштуу деп коюшту. Бирок бир жылдан кийин омурткамда шишик бар экени аныкталды.

 Мага операция жасашты, бирок доктурлар шишиктин 40тай пайызын гана кесип сала алышты. Эки ай өтүп-өтпөй шишик баштагысындай эле болуп, кайра чоңоюп кетти. Ошондон бери далай жолу текшерилип, далай жолу дарыландым, көңүл кайттыкка учурап, ындыным өчкөн учурларым да көп болду.

 Кээде шишиктин айынан бүт дене боюм, өзгөчө, аркам менен көкүрөгүм бычак менен сайгандай ооруйт. Ошондой учурларда өзүмдүн ооруганыма эле көңүл топтой бербей, башка нерсеге алаксыганга аракет кылам. Мисалы, башкалардын деле кыйналып жатканын, ошого карабай оң маанай сактап жатканын ойлоном. Баарынан да мага Жахаба Кудайдын жакында азап-кайгынын баарын жок кыларына бекем ишенгеним жардам берет (Аян 21:4).

 Ойлонуп көр: Матэодой болуп, Кудайдын азап-кайгыны жок кылам деген убадасы жөнүндө ой жүгүртүү сага кандайча жардам берет? (Ышая 65:17).

 БРУНА

 Сыртыман соо адамдай эле көрүнгөндүктөн, кээ бирөөлөр мени жалкоо деп ойлошу мүмкүн. Бирок чынында мага көп нерсени, мисалы, кадимки эле үйдөгү жумуштарды кылуу, китеп окуу, атүгүл кээде төшөктөн туруу да аябай кыйын.

 Он алты жашымда доктурлар мага бара-бара өрчүп отуруп, адамды бейкаруу кыла турган жайылма склероз (борбордук нерв системасын жабыркатуучу оору) деген диагноз коюшкан. Ал оорунун айынан мен кээ бир жумуштарды кыла албайм. Кабар айтуу ишине да өзүм каалагандай көп катыша албайм. Мага 1 Петир 5:7деги: «Бардык түйшүгүңөрдү ага [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деген сөздөр аябай жардам берет. Мен ал аятты кайра-кайра окуй берем. Анткени Жахаба Кудай ар бирибизге жекече кам көрөт деген ой мага дайыма дем-күч берет.

 Ойлонуп көр: Брунадай болуп, бардык түйшүгүңдү Жахабага тапшырганың сага кандайча жардам бериши мүмкүн? (Забур 55:22).

 АНДРЕ

 Кээ бирөөлөр мага 10 жашар балага кылгандай мамиле кылышат. Бирок мен аларга таарынбайм, анткени чын эле ошондой көрүнөм.

 Эки жашымда акырындап жүлүндөн мээге өтө турган рактын чанда кездешүүчү түрү менен ооруй турганым аныкталган. Доктурлар оорунун жайылышына бөгөт коюуга аракет кылышкан, бирок ошонун айынан боюм өспөй калган. Азыр боюм, болгону, 1 метр 37 сантиметр болгондуктан, көптөр 18демин десем, ишенишпейт.

 Мектептеги балдардан айырмаланып, жыйналыштагы ишенимдештерим мага дайыма жакшы мамиле кылышат, алар менин кадыр-баркымды сыйлап, эч качан шылдыңдабайт. Мен өзүмдүн оорума карабай, дайыма оң маанай сактаганга аракет кылам. Анткени мен адам баласы жашоодо ээ боло ала турган эң сонун нерсеге жеттим — Жахаба Кудайды таанып-билдим! Ошондуктан башыма кандай кыйынчылык түшпөсүн, Жахабанын мага кам көрөрүнө эч шектенбейм. Ошондой эле мага оң маанай сактаганга Кудай убада кылган жаңы дүйнө жөнүндө ойлонуу да жардам берет (Ышая 33:24).

 Ойлонуп көр: Жахаба Кудайды таанып-билүүнү, Андре айткандай, «адам баласы жашоодо ээ боло ала турган эң сонун нерсе» деп эмне үчүн айтууга болот? (Жакан 17:3).