Ышая 65:1—25
65 «Мени сурабагандарга+ өзүмдү издөөгө жол бердим+. Мени издебегендерге өзүмдү табууга жол бердим+. Ысмымды чакырбаган элге+: „Мен мындамын, мен мындамын“,— дедим+.
2 Мен өжөр элге+, өз ойлоруна жетеленип+, жаман жолдо жүргөндөргө+ эртеден кечке колумду сунуп турдум.
3 Алар мага дайыма ачыктан-ачык акарат кылышат+, бак-дарактуу жерлерде курмандык чалышат+, кыштардын үстүндө курмандык түтүнүн түтөтүшөт+,
4 көрүстөндөрдүн арасында отурушат+, күзөтчүнүн алачыгында түнөшөт, чочконун этин жешет+, идиштерине арам сорпо куюшат+.
5 „Ары тур. Жаныма жолобо, болбосо ыйыктыгым сага өтүп кетет“,— дешет+. Алар — таноомдогу түтүн+, эртеден кечке күйгөн от+.
6 Мына, бул менин алдымда жазылуу+. Мен унчукпай койбойм+, тиешесин берем+. Алардын тиешесин койнуна салып берем+.
7 Өзүлөрүнүн кылмыштары үчүн, ата-бабаларынын кылмыштары үчүн ошентем+,— дейт Жахаба.— Алар тоолордо курмандык түтүнүн түтөтүшөт+, дөбөлөрдө мага акарат кылышат+, ошон үчүн адегенде алардын жазасын өлчөп, койнуна салып берем»+.
8 Жахаба мындай дейт: «Жаңы шарап+ алына турган жүзүм шиңгили тууралуу: „Муну жок кылба+, мында бата бар“+,— дешет. Мен да кызматчыларым үчүн ошентем: баарын жок кылбайм+.
9 Жакыптан тукум чыгарам+, Жүйүттөн тоолорума ээлик кыла турган мураскор чыгарам+. Менин тандап алгандарым ушул жерге ээлик кылат+, ушул жерде менин кызматчыларым жашайт+.
10 Мени издей турган элим үчүн+ Шарон+ койлорго жайыт+, Акор+ өрөөнү бодо мал жуушаган жер болот.
11 Ал эми силер Жахабаны таштап+, ыйык тоомду унуткансыңар+, Кут кудайына дасторкон жайып+, Тагдыр кудайына+ аралашма шарап куйгансыңар.
12 Ошон үчүн силердин тагдырыңар мындай болот: баарыңар кылычтын мизине алынасыңар+, мууздалыш үчүн тизе бүгөсүңөр+. Анткени мен чакырганда+, жооп берген эмессиңер; мен сүйлөгөндө, укпай койгонсуңар+. Силер менин көз алдымда жамандык кылып+, мага жакпаган нерселерди тандап алгансыңар»+.
13 Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: «Менин кызматчыларым тоёт+, силер болсо ачка болосуңар+. Менин кызматчыларым суусунун кандырат+, силер болсо суусайсыңар+. Менин кызматчыларым кубанат+, силер болсо уят болосуңар+.
14 Менин кызматчыларым жүрөгүндөгү кубанычтан улам шаттанышат+, силер болсо жүрөгүңөр ооругандыктан кыйкырасыңар, көңүлүңөр чөккөндүктөн боздойсуңар+.
15 Өзүңөрдүн ысмыңарды менин тандап алгандарым ант* берүүдө колдонушу үчүн калтырасыңар. Эгедер Теңир Жахаба ар бириңерди өлтүрөт+, ал эми өзүнүн кызматчыларын башка ысым менен атайт+.
16 Ошондо жер үстүндө өзүнө бата сураган ар бир адам ишенимдүү Кудайдан бата сурайт+, жер үстүндө ант берген ар бир адам ишенимдүү Кудайды оозанып ант берет+, анткени мурунку азаптар унутулуп, көз алдыман жок кылынат+.
17 Анткени мен жаңы асман+ менен жаңы жерди жаратып жатам+. Мурункулар мындан ары эскерилбейт+, ойго да келбейт+.
18 Мен жаратып жаткан нерселерди көрүп+, шаттангыла, түбөлүк кубангыла+. Анткени мен Иерусалимди кубанычтын, анын элин шаттыктын булагы кылып жатам+.
19 Мен Иерусалим үчүн кубанып, элим үчүн шаттанам+. Мындан ары анын ичинде ый, боздогон үн угулбайт»+.
20 «Ал жерде төрөлгөнүнө бир нече эле күн болгон эмчектеги бала да+, өмүрүнүн акырына чейин жашабаган кары киши да болбойт+. Кимдир бирөө жүзгө чыгып өлсө да, бала бойдон өлөт, күнөөкөр жүз жашка чыкса да, каргышка калат+.
21 Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат+, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет+.
22 Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт. Анткени менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот+, менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт+.
23 Алар куру бекер эмгектенишпейт+, балдарын азапка төрөшпөйт+, анткени алар урпактары менен бирге+ Жахабадан бата алган тукум болот+.
24 Алар чакыра электе эле, мен жооп берем+, алар сүйлөп жатканда эле, мен угам+.
25 Карышкыр+ менен козу бирге жайылат+, арстан букадай болуп саман жейт+, ал эми жыландын жегени топурак болот+. Алар менин бүт ыйык тоомдо+ эч зыян келтиришпейт+, залака тийгизишпейт»,— дейт Жахаба.
Шилтемелер
^ Б. а. каргыш.