Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн досторум жок?

Эмне үчүн досторум жок?

Сен социалдык тармактагы баракчаңды ачып алып, жакынкы отуруштагы сүрөттөрдү көрүп отурасың. Досторуңдун баары жүрөт, баары жадырап-жайнап көңүлдүү. Бирок ал жерде сен эле жоксуң.

«Кызык, мени эмнеге чакырышкан жок?» — деп таң каласың.

Анан көңүлүң сууп, таарына баштайсың. Досторуң сени бөлүп салгандай сезилет. Алар менен болгон достугуң буу сымал бир паста эле тарап кеткендей болот. Өзүңдү жалгыз сезип: «Эмне үчүн досторум жок?» — деп капаланасың.

 Тест

 Туурабы же туура эмеспи?

  1.   Досуң көп болсо, эч качан жалгызсырабайсың.

  2.   Социалдык тармакка кошулсаң, эч качан жалгызсырабайсың.

  3.   Көптөр менен SMS жазышсаң, эч убакта жалгызсырабайсың.

  4.   Башкалардан эч нерсеңди аябасаң, эч качан жалгызсырабайсың.

 Бул төрт ой тең туура эмес.

 Эмне үчүн?

 Достук жана жалгыздык жөнүндөгү чындык

  •   Досуңдун көп болгону эч качан жалгызсырабайсың дегенди билдирбейт.

     «Мен досторума күйүп-бышып, жан тартып турам, бирок алар көп деле антишпейт. Эгер досторуң сени сенчелик жакшы көрбөсө же баалабаса, толтура досуң туруп деле жалгызсырашың мүмкүн» (Анна).

  •   Социалдык тармакка кошулсаң эле бул эч качан жалгызсырабайсың дегенди билдирбейт.

     «Кээ бирөөлөр коллекция чогулткан сыяктуу досторун көбөйтө берет. Бирок коллекциясы көп болгону үчүн эле адам өзүн керектүү сезип калбайт. Эгер ынак мамиледе болбосоң, социалдык тармактагы досторуң жансыз буюмдарга эле тете болуп калат» (Элейн).

  •   Көптөр менен SMS жазышуу эч убакта жалгызсырабайсың дегенди билдирбейт.

     «Кээде жалгызсыраганда досторуңдун бири SMS жазат болду бекен деп телефонуңду улам-улам карай бересиң. Эгер эч ким жазбай койсо, ага чейин эле жалгызсырап турган жаның ого бетер жалгызсырайсың» (Серина).

  •   Башкалардан эч нерсеңди аябасаң эле жалгызсырабай калбайсың.

     «Мен досторуман эч нерсемди аябайм, бирок алар антишпейт. Албетте, ошенткеним үчүн ичим ачышпайт, ошентсе да кылган жакшылыгыңа жооп кайтарышпаса, бир кызыктай эле болот экенсиң» (Ричард).

 Жыйынтык: Жалгызсыроо сезими баарынан мурда ой жүгүртүү менен байланыштуу. «Кеп башкаларда эмес, кеп адамдын өзүндө»,— дейт Жаннет деген бир кыз.

 Жалгызсыроо сезиминен арылыш үчүн эмне кылсаң болот?

 Кантип жеңсе болот?

 «Жалгызсыроо сезими адамдын өзүн ишенимсиз сезгенинин натыйжасы болушу мүмкүн. Эгер өзүңдү кимдир бирөөнүн көңүл бурушуна татыксыз сезсең, дос күткөнгө умтулбайсың, башкаларга да сени менен достошуу кыйын болот» (Жаннет).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Галатиялыктар 5:14). Эгер дос күткүбүз келсе, өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде «жакшы көрүшүбүз» керек, бирок менменсинип да кетүүдөн сак болушубуз керек (Галатиялыктар 6:3, 4).

 «Жалгызсыроо сезими сазга окшош. Сазга баткан сайын, андан чыгуу оордой берет. Эгер ошондой сезимдин оюңдун баарын ээлеп алышына жол берип койсоң, өзүңө эле көңүл бурдургуң келип, байкуш боло бересиң, натыйжада сени менен эч ким сүйлөшкүсү келбей калат» (Эрин).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:4, 5). Чынында эле, өзүн эле ойлой берген адам башкаларга көп кайрымдуу болбой калат. Ошонун айынан достору андан оолактап калат (2 Корунттуктар 12:15). Эске алчу нерсе: башкалардын көңүл бурганын жетишкендик деп эсептей турган болсоң, көңүл кайттыкка учураарың турган иш. «Мага эч ким чалбайт» же «мени эч ким эч жакка чакырбайт» деген сыяктуу сөздөрдү айтканыңда кубанычыңды башка бирөөгө көз каранды кылып алган болосуң. Эмне үчүн сенин кубанычың алардан көз каранды болуш керек?

 «Жалгызсыраган адам башкалардын көңүл бурушун ушунчалык каалагандыктан ага ким көңүл буруп жатканына көп деле маани бербей калат. Ага иши кылып эле өзүн керектүү сезиш керек. Бирок айрымдар сени ошондой сездирет да, өз кызыкчылыгына колдонуп коёт. Ошондо мурдагыдан да жалгызсырайсың» (Брианна).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл сөздөр 13:20). Ачка болгон киши баарын ылгабай жеп салат. Ошо сыңары, доско зар болуп жүргөндөр ылгабай эле көрүнгөн менен дос боло берет. Алар мунун эч жаман жери жок деп же мындан жакшы досторду кайдан тапмак элем деп ой жүгүртүшөт. Бирок ушинтип ойлогондор башкаларды башкарып алгысы келгендердин оңой олжосуна айланышы мүмкүн.

 Корутунду: Баарыбыздын эле жалгызсыраган учурларыбыз болот, бирок айрымдар буга өтө эле чоң маани бериши мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, жалгызсыроо сезими жан дүйнөнү канчалык эзбесин, бул тек гана сезим. Сезимдер болсо, негизинен, ойлордон жаралат, ал эми ойлорду башкаруу ар бир адамдын колунан келет.

 Башкалардан өтө көптү күтпө. «Ар бир эле киши сенин түбөлүктүү жакшы досуң боло бербейт,— дейт сөздөрү жогоруда келтирилген Жаннет.— Бирок сага жан тарткан достор сөзсүз болот. Чындыгында, адамга ошол эле керек. Муну түшүнсөң, жалгызсыроо сезимине жеңдирбейсиң».

 Кошумча маалымат алгың келеби? Анда  «Коркуу сезимин жеңүү» деген кутучаны да окусаң болот, ошондой эле «Жалгызсырабаш үчүн...» деген пландын PDF файлын жүктөп алсаң болот.