Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн бир туугандарым менен ынтымактуу болушум керек?

Эмне үчүн бир туугандарым менен ынтымактуу болушум керек?

 «Жакшы да көрөм, жиним да келип кетет»

 Бир туугандар бири-бирине: «Жакшы да көрөм, жиним да келип кетет»,— деп айтып калышат. Аларды жакшы көрөсүң, алар да сени жакшы көрүшөт. Бирок кээде тил табышуу кыйын болот. «Иним кечке эле жиниме тие берет. Ал кантип жиниме тийишти жакшы билет. Анан ошону чукуй берет»,— дейт 18 жаштагы Хелена.

 Кээ бир келишпестиктерди урушуп-талашпай эле чечишип алса болот. Мисал:

  •   Бир бөлмөдө жашаган ага-ини батыша албай урушушу мүмкүн. Эмне кылышса болот? Сеники-меники дебей, ийилчээк болгула. Лука 6:31деги принципти колдонгула.

  •   Эже-сиңди бири-биринин кийимдерин сурабай эле кийип кетиши мүмкүн. Эмне кылышса болот? Оюңарды ортого салып, акылга сыярлык чектерди коюп алгыла. 2 Тиметей 2:24төгү принципти колдонгула.

 Айрым учурларда келишпестиктер ырбап кетип, кесепети аябай жаман болушу мүмкүн. Буга байланыштуу Ыйык Китептеги эки окуяны карап көрөлү.

  •   Мириям менен Арундун бир тууганы Мусага көрө албастык кылганы кесепеттүү болгон. Бул тууралуу Сандар 12:1—15-аяттардан окуп көр. «Бир тууганыма көрө албастык кылбаш үчүн эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көр.

  •   Кабыл ачуусун баспаган үчүн иниси Абылды өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Башталыш 4:1—12-аяттардан окуп көр. «Ачууга алдырбаш үчүн эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көр.

 Ынтымактуу болуунун эки себеби

 Тил табышуу кыйын болсо да, ынтымактуу болуунун, бери дегенде эле, эки себеби бар.

  1.   Жетилгендиктин белгиси. «Эки карындашымды көргөндө эле жиним келе берчү. Азыр өзүмдү кармап, аларга жумшак мамиле кылам. Муну чоңойгондун белгиси деп эсептейм»,— дейт Алекс деген жигит.

     Ыйык Китепте: «Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы, ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:29).

  2.   Келечекте пайдасы тиет. Бир туугандарыңдын ката-кемчиликтерин көтөрө албасаң, кийин жубайыңдын, чогуу иштешкендериңдин, жетекчиңдин жана башкалардын ката-кемчиликтерин кантип көтөрөсүң?

     Чындык. Келечекте башкалар менен жакшы мамиледе болоруң, азыртадан эле тил табышып, чечише билгениңден көз каранды. Муну үйдөн баштагандан өтөрү жок.

     Ыйык Китепте: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деп айтылат (Римдиктер 12:18).

 Ортодогу келишпестиктерди чечкенге жардам керекпи? Төмөндөгү «Жаштардын ою» деген жерде жазылгандарды окуп, «Тил табыша бил» деген иштөө барагын толтур.