Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Социалдык тармактар мага кандай таасир этет?

Социалдык тармактар мага кандай таасир этет?

 Ата-энең соцтармактарды колдонгонго уруксат береби? Эгер ошондой болсо, бул макаладагы үч маанилүү ой сен үчүн пайдалуу болот.

Бул макалада:

 Соцтармактардын убактыма тийгизген таасири

 Социалдык тармактарды колдонууну азоо атты мингенге салыштырса болот. Сен аны тизгиндебесең, ал сени ала качат.

 «Башында: „Бир карап эле чыгам“,— деп кирем. Анан эле карасам, бир нече саат өтүп кеткен болот. Соцтармактар өзүнө жипсиз эле байлап алат. Убактыңды да уурдайт» (Жоана).

 Билесиңби? Соцтармактарга байланып калыш оңой эле. Анткени ал чырмап ала тургандай кылып жасалган. Соцтармактарды иштеп чыккандар сайт канчалык белгилүү болсо жана канчалык көп колдонулса, жарнамачылардан ошончолук көп акча түшөрүн билишет.

 Ойлонуп көр. Соцтармактарды кыдырып жүрүп, канча убакыт кетип калганын билбей калбаймбы? Анын ордуна убактымды пайдалуураак иштерге коротконум жакшыраак болбойт беле?

 Эмне кылсаң болот? Соцтармактарга канча убакыт короторуңа чек коюп ал. Анан ошого карман.

Соцтармактарга короткон убактыңа чек кой

 «Мен телефонумду белгилүү бир тиркемелер кайсы бир убакыт өткөндөн кийин жабылып калгыдай кылып жөндөп койгом. Бир топ убакытка чейин ошенттим. Анан соцтармактарды тең салмактуу колдонгонду үйрөндүм. Ошентип, убактым текке кетпей калды» (Тина).

 Ыйык Китептеги принцип: «Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:16).

 Соцтармактардын уйкума тийгизген таасири

 Көп изилдөөчүлөрдүн айтымында, өспүрүмдөр түндө, бери дегенде, 8 саат укташы керек. Бирок көбү андан аз уктайт. Мунун бир себеби алар түнкүсүн соцтармактарда отурушат.

 «Жатар алдында маанилүү бир нерседен кур калган жокмунбу деп телефонумду бир карап коём. Анан бир нерсеге кызыгып калам. Ким кандай сүрөт салыптыр деп көрүп отуруп, бир нече саат өтүп кетет. Ушул жаман адатыман арылганга аракет кылып жатам» (Мария).

 Билесиңби? Уйкунун жетишсиздиги коркунуч басышына жана депрессияга алып келиши мүмкүн. Психология жаатындагы профессор Жейн Твенждин айтымында, көңүл чөгөттүктүн негизги себеби — уйкунун жетишсиздиги. Профессор узак убакыт бою уйкуну кандырбай жүрө берүү акыл-эс саламаттыгынын жабыркашына алып барарын да кошумчалаган a.

 Ойлонуп көр. Күн сайын канча саат уктайм? Уктаардын алдында соцтармактарга саякаттап кетпеймби?

 Эмне кылсаң болот? Электрондук каражаттарды уктаган бөлмөңө койбо. Мүмкүн болсо, жатканга чейин, бери дегенде, эки саат электрондук каражатыңдын экранын карабаганга аракет кыл. Эгер ойготкуч коюш керек болсо, анын телефонуңда же планшетиңде болбогону жакшы.

Жатар алдында соцтармактарды колдонбо

 «Кээде түн бир оокумга чейин телефонумду чукулап жата берем. Бирок ошол адатымдан арылганга аракет кылып жатам. Мен чоңоюп, жоопкерчиликтүү болгум келет. Эрте жатып, жакшы эс алайын деп максат койдум. Ошондо эртеси күнү уйкум канып, сергек жүрөм» (Жереми).

 Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

 Соцтармактардын эмоцияларыма тийгизген таасири

 Жогорку класста окуган кыздардын арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Аларды дээрлик жарымы өздөрүн «үмүтү жоктой сезерин же дайыма көңүлү чөгүп жүрөрүн» айткан. Буга кандайдыр бир деңгээлде соцтармактар себепкер. «Соцтармактарда көп убакыт өткөрүп, өзүңдү башкаларга канчалык көп салыштырсаң, ошончолук жаман болушуң мүмкүн»,— дейт доктор Леонард Сакс b.

 «Жаштар өздөрүн башкаларга салыштырганга жакын келет. Ал эми соцтармактарда мындай кылыш оңой эле. Башкалардын салган сүрөттөрүн бир нече саат бою карап отура берип, өзүңдүн жашооңду алардыкына салыштыра баштайсың. Же досторуңдун жыргап жатканын көрүп өзүңдү бир байкуш сезишиң мүмкүн» (Фиби).

 Билесиңби? Соцтармактар аркылуу досторуң менен баарлашып тура аласың дечи, бирок ал жүзмө-жүз көрүшүп сүйлөшкөнгө жетпейт. «Ар бир кишинин жан дүйнөсүндө башкалар менен баарлашууга болгон муктаждык бар. Электрондук каражаттар ал муктаждыкты канааттандыра албайт,— дейт доктор Николас Кардарас.— Себеби биз бетме-бет көрүшүп сүйлөшкөнгө муктажбыз» c.

 Ойлонуп көр. Соцтармактардан досторумдун эмне кылып жатканын көргөндөн кийин жалгызсырабаймбы? Алардын жыргап түшкөндөй көрүнгөн сүрөттөрүн көрүп алып жашоом кызыксыздай сезилбейби? Мен салгандарга аз эле киши «лайк» басса же эч ким «лайк» баспай койсо, көңүлүм чөкпөйбү?

 Эмне кылсаң болот? Соцтармак уусунан тазаланып (детокс) тур. Башкача айтканда, бир нече күн, жума же ай соцтармактардан эс ал. Досторуң менен жүзмө-жүз көрүшкөнгө же чалышканга көбүрөөк убакыт бөлүп көр. Соцтармактардан эс алып жаткан учурда азыраак стресс болгонуңду, өзүңдү бактылуураак сезип калганыңды байкашың мүмкүн.

Досторуң менен жүзмө-жүз көрүшкөнгө көбүрөөк убакыт бөлө аласыңбы?

 «Соцтармактарды колдонгондо „башкалар эмне кылып жатты болду экен“ деп оюмдун баары ошол болуп калат. Аккаунттарымды өчүрүп салгандан кийин жонуман оор жүктү алып салгандай эле болдум. Пайдалуу иштерге жумшаганга көбүрөөк убактым болуп калды» (Бриана).

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

a «iGen» деген китептен алынды.

b «Why Gender Matters» деген китептен алынды.

c «Glow Kids» деген китептен алынды.