Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде көбүрөөк эркиндикке ээ боло алам?

Канткенде көбүрөөк эркиндикке ээ боло алам?

 Ата-энелер эмне үчүн кийлигише беришет?

 Ата-энең: «Сени эле ойлоп жатабыз»,— деши мүмкүн. Бирок сага алар жашооңо кийлигишип жаткандай сезилет. Бир нече мисал карап көрөлү.

  •   «Атам телефонумду алып алып, сыр белгиңди айт дейт, анан SMSтеримди окуп кирет,— дейт өспүрүм курактагы Эрин.— Эгер айтпай койсом, бир нерсени жашырып жатасың дей берет».

  •   20 жаштан жаңы өткөн Денизинин апасы телефондун төлөм кагазын текшере берчү экен. «Апам кагаздагы ар бир номурду карап: „Бул кимдин номуру? Эмне жөнүндө сүйлөштүңөр эле?“ — деп сурай берчү»,- дейт ал.

  •   Кэйла деген өспүрүм кыз апасы анын күндөлүк дептерин окуганын айтат. Ал: «Мен ал жакка ичимдегинин баарын жазчумун. Апам жөнүндө да жазган болчумун. Ошондон кийин эч нерсе жазбай калдым»,— дейт.

 Жыйынтык. Ата-энең сага кам көргөнгө милдеттүү. Аларга милдетин кантип аткарышы керектигине байланыштуу көрсөтмө бере албайсың. Кээде өтө эле кийилигишип жаткандай сезилеби? Балким. Бирок сен ата-энем кийилигишип жатат деген терс сезимдериңден арыла аласың.

 Эмне кылсаң болот?

 Ачык сүйлөш. Ыйык Китеп «өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө» үндөйт (Еврейлер 13:18). Бул кеңешти ата-энең менен мамилелешүүдө да колдон. Ата-энеңе баарын чынчылдык менен айтып, ачык сүйлөшсөң, сага көбүрөөк ишеним артып, көбүрөөк эркиндик беришет.

 Ойлонуп көр. Сен канчалык ишеничтүүсүң? Ата-энең үйгө келип кал деген убакта келип каласыңбы? Кимдер менен дос болуп жүргөнүңдү, эмне иш кылып жүргөнүңдү жашырбайсыңбы?

  «Ата-энем менен сүйлөшүп алгам. Эмне кылып жатканымды, кимдер менен жүргөнүмдү ачык айтып берем. Кыскасы, алар билгиси келген нерселердин баарын айтам. Мунун аркасында мага көбүрөөк ишенип, көбүрөөк эркиндик беришет» (Делиа).

 Чыдамдуу бол. Ыйык Китепте: «Өзүңөрдү сынап тургула»,— деп айтылат (2 Корунттуктар 13:5). Ата-энеңдин ишенимине киргенге убакыт талап кылынат, бирок мунун акыбети сөзсүз кайтат.

 Ойлонуп көр. Сенин ата-энең деле бир убакта өспүрүм болгон. Алар сенин жашооңо эмне себептен кызыкдар болушат деп ойлойсуң?

 «Ата-энем өздөрү кетирген каталарды менин да кетирип алышымды каалабайт болуш керек деп ойлойм» (Даниэл).

 Өзүңдү алардын ордуна коюп көр. Жагдайга ата-энеңдин көзү менен караганга аракет кыл. Ыйык Китепте жакшы эненин «үйүндөгүлөрүнүн иштерине көз салары», ал эми жакшы атанын балдарын «[Жахабанын] акыл-насааты менен тарбиялаары» айтылат (Накыл сөздөр 31:27; Эфестиктер 6:4). Бул милдетти аткаруу аларга оңойго турбайт. Ата-энең сенин эмне кылып жатканыңды билип турушу керек.

 Ойлонуп көр. Эгер ата же эне болсоң, өспүрүм курак кандай болорун билгендиктен балаңды же кызыңды өз билгениңди кыла бер деп таштап коёт белең?

  «Өспүрүм куракта ата-энең жашооңо аябай эле кийлигишип жаткандай сезилет. Алардын эмне үчүн ошенткенин эми түшүнүп жатам. Мени жакшы көргөндүктөн ошентишчү экен» (Жеймс).