Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жыныстык жетилүү убагындагы өзгөрүүлөргө кантип ылайыкташа алам?

Жыныстык жетилүү убагындагы өзгөрүүлөргө кантип ылайыкташа алам?

 «Жыныстык жетилүү — кыздар үчүн жагымсыз учур. Денең ооруйт, кооптоно бересиң, эмне болуп жатканыңды түшүнбөйсүң, иши кылып аябай кыйналасың» (Оксана).

 «Жакшынакай эле туруп заматта көңүлүм чөгүп калчу. Башка балдар кандай болот билбейм, бирок мен ушундай боло берчүмүн» (Бриан).

 Жыныстык жетилүү убагын бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшкөн каруселге салыштырса болот: бир чети аябай кызыктуу, бир чети коркунучтуу. Анда ага канткенде ылайыкташа аласың?

 Жыныстык жетилүү деген эмне?

 Жөнөкөй сөз менен айтканда, жыныстык жетилүү — чоң адамдардын «дүйнөсүнө» алып баруучу чыйырга түшүү. Ал маалда дене боюңда өзгөрүүлөр болот жана маанайың да бат-баттан өзгөрүп турат. Денеңде гормондор алмашат жана ата же эне болууга даярдаган өзгөрүүлөр болот.

 Албетте, бул сенин ата же эне болууга даяр болуп калганыңды билдирбейт. Жыныстык жетилүү — балалыгың менен коштошуп жатканыңдын белгиси. Бул бүйүрдү кызытарлык, ошол эле учурда кайгылуу да болушу мүмкүн.

 Тест: Жыныстык жетилүү канча жаштан башталат деп ойлойсуң?

  • 8

  • 9

  • 10

  • 11

  • 12

  • 13

  • 14

  • 15

  • 16

 Жообу: Бул курактын баарында жыныстык жетилүү башталат деп эсептелет.

 Ошондуктан жыныстык жетилүүң сени менен тең балдар-кыздарга караганда кечирээк же эртерээк башталса, чочулаба. Жыныстык жетилүүнүн өзүнүн биологиялык сааты бар жана сен ага таасир эте албайсың.

Жыныстык жетилүү убагын бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшкөн каруселге салыштырса болот, бирок ага ылайыкташа аласың

 Денедеги өзгөрүүлөр

 Балким, боюң тез өсүп кетиши мүмкүн. Бирок дене мүчөлөрүңдүн баары бир учурда өспөшү ыктымал. Андыктан олдоксон болуп жатсаң, эч тынчсызданба. Убакыттын өтүшү менен баары калыбына келет.

 Жыныстык жетилүү учурунда эмнелер өзгөрөт?

 Балдардыкы:

  •   Жыныстык органдар чоңоёт

  •   Колтукка, жыныстык органдардын тегерегине, бетке түк өсөт

  •   Үн өзгөрөт

  •   Жыныстык органдар өзүнөн өзү дүүлүгөт жана түнкүсүн урук чыгаруу пайда болот

 Кыздардыкы:

  •   Төш чоңоёт

  •   Колтукка, жыныстык органдардын тегерегине түк өсөт

  •   Этек кир келе баштайт

 Балдардыкы да, кыздардыкы да:

  •   Денеден тер менен бактериянын аралашкан жыты чыгат.

     Кеңеш: Жаман жыт чыкпаш үчүн тез-тез жуунуп тур, дезодорант жана тердөөгө каршы башка каражаттарды колдон.

  •   Май бездеринде пайда болгон бактериялардан улам безетки чыгат.

     Кеңеш: Безеткинин чыгышын токтотуу мүмкүн болбосо да, бетти бат-баттан жууп, тери тазалоочу каражаттарды колдонуу жардам берет.

 Маанайдын өзгөрүшү

 Гормондордун көп бөлүнүп чыгышы маанайга зор таасир этет. Маанайың бирде аябай көтөрүлүп, бирде аябай чөгүшү мүмкүн.

 «Бир күнү ыйласаң, эртеси сопсонун болуп каласың. Жиниң келип, ачуулансаң, бир мүнөттөн кийин көңүлүң чөгүп, эч кимди көргүң келбей калат» (Оксана).

 Жетилип жаткан маалда өспүрүмдөрдүн көбүнө, эл аларды эле карап же аларды эле сөз кылып жаткандай сезилип, уялчаак болуп кетишет. Ошол маалда сырткы келбети аябай өзгөрөрүн билишсе деле уяла беришет.

 «Өспүрүм курагымда атайлап эле бүкүрөйүп басып, чоң кийимдерди кие баштагам. Дене боюм эмне үчүн өзгөрүп жатканын түшүнүп турсам да, оңтойсузданып, уяла берчүмүн» (Жэнис).

 Балким, карама-каршы жыныстагы адамдарга болгон көз карашың да өзгөрүшү этимал.

 «Мен балдардын баарына эле мурункудай кыжырданбай калдым. Айрымдары жага баштады, ошондой эле бирөөнү сүйүп калуунун эч жаман жери жок деп ойлой баштадым. Баарыбыз ким кимди жактырары жөнүндө эле сүйлөшүп калдык» (Алексис).

 Жыныстык жактан жетилип жаткан маалда айрым жаштар өзүнүн жынысындагы кимдир бирөөлөрдү жактыра баштайт. Эгер сен да ошентип жатсаң, гей окшойм деп жыйынтык чыгарууга шашпа. Көп учурда андай сезим өтүп кетет.

 «Өзүмдү башка балдарга салыштыра бергендиктен аларды жактыра баштагам. Бирок убакыттын өтүшү менен кыздарды эле жактыра баштадым. Азыр балдарга карата андай сезимдерди туйбайм» (Алан).

 Эмне кылсаң болот?

  •    Туура көз караш өрчүткөнгө аракет кыл. Чынында, жыныстык жетилүү маалы дене боюң, эмоциялык саламаттыгың калыптана турган маал. Дөөтү пайгамбардын: «Мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам»,— деген сөздөрү өзүңдү ишенимдүү сезгенге жардам берет (Забур 139:14).

  •   Өзүңдү башкаларга салыштырба жана сырткы келбетиңе эле көңүл топтой бербе. Ыйык Китепте: «Адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деп жазылган (1 Шемуел 16:7).

  •   Көнүгүүлөрдү жасап, жетиштүү эс ал. Уйкуңду кандырсаң, көп кыжырданбайсың, стресс болбойсуң жана көңүл чөгөттүккө алдырбайсың.

  •   Өзүңө карата терс көз карашта болбо. Чын эле элдин баары сага көңүл буруп жатабы? Башкалар атүгүл кайсы бир жериңди баса белгилеп айтса да, көңүлүңдү чөгөрбө. Ыйык Китепте: «Айтылган ар бир сөзгө маани бере бербе»,— делет (Насаатчы 7:21).

  •   Жыныстык каалоолоруңа жетеленбеш үчүн аны ооздуктай бил. Ыйык Китепте: «Бузуктуктан качкыла... бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 6:18).

  •   Ата-энең менен же өзүң ишенген чоң кишилердин бири менен сүйлөш. Албетте, ачык айтуу башында оңой болбошу мүмкүн. Бирок алар менен сүйлөшсөң, керектүү жардам ала аласың (Накыл сөздөр 17:17).

 Жыйынтык: Жыныстык жетилүү кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок анын аркасында дене боюң эле жетилбестен, ой жүгүртүү жөндөмүң өрчүйт жана эмоциялык, рухий жактан да жетилесиң (1 Шемуел 2:26).