1 Тиметей 6:1—21
6 Кудайдын ысмына жана окуусуна сөз тийбеши үчүн+, кулчулуктун моюнтуругун кийип жүргөндөрдүн баары мындан ары да кожоюндарын толук урматталууга татыктуу деп эсептешсин+.
2 Кожоюндары ишенимдеши болсо+, кулдары аларды бир тууган деп+ тоготпой коюшпасын+. Тескерисинче, алардын жакшы кызматынан пайда көргөн кожоюндары сүйүктүү ишенимдештери болгондуктан, аларга ого бетер даярдуулук менен кызмат кылышсын.
Мындан ары да ушуларды үйрөтүп+, ушуларга үндө.
3 Эгер кимдир бирөө жалган окууларды таратып+, туура сөздөрдү+, Мырзабыз Иса Машаяктын насаатын, Кудайга берилгендикке шайкеш келген+ окууну кабыл албаса,
4 ал — текебер+, эч түшүнүгү жок киши+. Ал араздашууну+, сөз үчүн талашып-тартышууну жакшы көрөт*+. Мындай нерселер ичи тарлыкты+, чыр-чатакты, кемсинтерлик сөздөрдү+, арам ой менен шектенүүнү туудурат,
5 ошондой эле ой жүгүртүүсү бурмаланып+, чындыктан четтеп кеткен адамдардын+ ортосунда талаштарды жаратат. Алар Кудайга берилгендикти бир нерсеге ээ болуунун жолу катары көрүшөт+.
6 Ооба, Кудайга берилгендик көрсөтүп+, колдо бар нерсеге ыраазы болсок+, көп нерсеге ээ болобуз+.
7 Анткени биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз+.
8 Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу+.
9 Ал эми баюуга умтулгандар азгырылып+, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган+ көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет+.
10 Себеби акчага болгон сүйүү+ — бүт жамандыктын+ тамыры+. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп, ишенимден четтеп кетишти, көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашты+.
11 Сен болсо, Кудайдын кишиси, ал нерселерден качып+, адилдикке, Кудайга берилгендикке, ишенимге, сүйүүгө, туруктуулукка жана жумшак болууга умтул+.
12 Ишеним күрөшүндө ийгиликтүү күрөш+, түбөлүк өмүргө бекем карман. Анткени сен түбөлүк өмүргө чакырылгансың жана ал тууралуу көп күбөлөрдүн алдында ачык, эң сонун жарыялагансың+.
13 Понтий Пилаттын алдында+ эң сонун күбөлөндүргөн+ Машаяк Исанын, ошондой эле бардыгынын өмүрүн сактап турган Кудайдын алдында сага буйрук кылам+:
14 бул осуятты сактап, Мырзабыз Иса Машаяк ачык көрүнгөнгө чейин+, таза, эч ким айыптай албагыдай бол.
15 Бактылуу жана жалгыз Өкүмдар+ белгиленген убакта+ ачык көрүнөт. Ал — падышалык кылгандардын Падышасы+, мырзалардын Мырзасы+.
16 Жалгыз ал өлбөстүккө ээ+ жана адам жете алгыс жарыкта жашайт+. Аны бир да киши көргөн эмес, көрө да албайт+. Урмат-сый+, түбөлүк күч-кубат ага таандык болсун. Оомийн.
17 Азыркы дүйнө түзүлүшүндөгү байларга+ мындай насаат айт: бой көтөрүшпөсүн+, өзгөрүлмө байлыкка эмес+, ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берген Кудайга таянышсын+,
18 жакшылык кылышсын+, жакшы иштерге бай болушсун+, берешен болушсун, өздөрүндөгү нерселерди башкалар менен бөлүшө билишсин+,
19 чыныгы жашоого+ бекем карманыш үчүн, келечекке жакшы негиз боло турган+ жана жок болбой турган кенч жыйнашсын+.
20 Тиметей, өзүңө тапшырылганды сакта+ жана Кудайга шек келтирген куру сөздөрдөн, карама-каршы ойлорду туудурган жалган билимден алыс бол+.
21 Себеби айрымдар ошондой билим менен мактанып, ишенимден четтеп кетишти+.
Кудай силерге ырайымын төгө берсин.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «талашып-тартышуу оорусуна чалдыккан».