Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ким себепкер?

Ким себепкер?

Эгер азап-кайгыга Кудай себепкер болбосо, көптөрдүн ачарчылыктан кыйналышына, жакырчылыктын кеңири кулач жайышына, кандуу согуштардын, жан сыздаткан оорулардын, табигый кырсыктардын болуп жатканына ким күнөөлүү? Ыйык Китепте адамзаттын кайсы негизги үч себептен улам азап чегип келатканы айкын түшүндүрүлөт.

  1. Өзүмчүлдүк, ач көздүк, жек көрүүчүлүк. Ыйык Китепте: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп жазылган (Насаатчы 8:9). Ооба, көп учурда жеткилеңсиз, өз көмөчүнө күл тарткан, ырайымсыз адамдардын айынан кыйналабыз.

  2. Күтүлбөгөн жагдайлар. Адамдар «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылгандыктан» да азап тартышат (Насаатчы 9:11). Тагыраак айтканда, алар ылайыксыз учурда ылайыксыз жерде болуп калгандыктан, кокустуктан, шалаакылыктан же жаза басып алгандыктан жапа чегишет.

  3. Бул дүйнөнүн каардуу башкаруучусу. Ыйык Китепте азап чегип жатканыбыздын башкы себеби ачык көрсөтүлөт. Анда «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында» экени айтылат (1 Жакан 5:19). Шайтан башында Кудайга кызмат кылган күчтүү периште болгон, бирок «чындыктан четтеп кеткен» (Жакан 8:44). Ага өз кызыкчылыгын көздөгөн башка периштелер да кошулуп, Кудайга каршы чыгышкан. Натыйжада алар жин-перилер болуп калышкан (Башталыш 6:1—5). Ошондон бери Шайтан менен жин-перилер бул дүйнөгө күчтүү таасир этип, көптөрдү мыкаачылыкка түртүп келишет. Бул биздин күндөрдө өзгөчө байкалууда. Учурда Шайтан катуу каарданып, «бүт жер жүзүн адаштырып жүрөт». Ошондуктан жер бетинде кайгы-касырет күч алууда (Аян 12:9, 12). Ооба, Шайтан — канкор башкаруучу. Ал адамдардын кыйналганынан ырахат алат. Андыктан азап тартып жатканыбызга Кудай эмес, Шайтан күнөөлүү.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Жүрөгү таш, мерез бирөө гана бейкүнөө адамдарды жамандыкка кабылтат. Ал эми Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:8). Ал мээримдүү болгондуктан «эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» (Аюп 34:10).

Бирок силер: «Кудай ырайымсыз Шайтандын бийлик кылышына дагы канчага чейин жол берет?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Буга чейин билгенибиздей, Кудай жамандыкты жек көрөт жана кыйналып жатканыбызды көргөндө, жүрөгү сыздайт. Ыйык Китеп бизди: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп чакырат (1 Петир 5:7). Бизди сүйгөндүктөн жана зор күчкө ээ болгондуктан Кудай жакында азап-кайгынын, адилетсиздиктин баарын жок кылат. Бул тууралуу кийинки макаладан билебиз *.

^ 7-абз. Азап-кайгы эмне үчүн көп болуп жатканы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин 26-бөлүмүн карагыла. Китепти www.isa4310.com/ky сайтынан акысыз жүктөп алууга болот.