Мазмунун көрсөтүү

Шайтан Ибилис чынында эле барбы?

Шайтан Ибилис чынында эле барбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, Шайтан Ибилис чынында эле бар. Ал — Кудайга каршы чыккан периште жана «дүйнөнүн башкаруучусу» (Жакан 14:30; Эфестиктер 6:11, 12). Ыйык Китепте анын эмне деп аталганынан анын кандай экенин билүүгө болот.

  •   Шайтан. Бул сөз «душман» дегенди билдирет (Аюп 1:6).

  •   Ибилис. Бул сөз «жалаачы» дегенди билдирет (Аян 12:9).

  •   Жылан. Бул сөз Ыйык Китепте «адаштыруучу» деген мааниде колдонулат (2 Корунттуктар 11:3).

  •   Азгыруучу (Матай 4:3).

  •   Жалганчы (Жакан 8:44).

Жөн эле жамандык эмес

 Айрымдар Шайтан Ибилис деп ичибизде жашаган жамандыкты, жаман сапаттарды эсептешет. Бирок Ыйык Китептен андай эмес экенин билүүгө болот. Анткени анда Кудайдын Шайтан менен сүйлөшкөнү жазылган. Эгер Шайтан жөн эле жамандык же жаман сапат болсо, Кудай өзүндөгү жаман сапат менен сүйлөшкөн болуп калмак. Бул болсо мүмкүн эмес. Себеби Ыйык Китепте Кудайдын адил жана жеткилең экендиги айтылган (Мыйзам 32:4; Аюп 2:1—6). Андан сырткары, Ыйык Китепте Шайтандын жеткилең, эч качан күнөө кетирбеген Иса пайгамбарды азгырганы жазылган (Матай 4:8—10; 1 Жакан 3:5). Демек, мындан Шайтан чынында эле бар жана ал жөн гана жамандык эмес деген жыйынтык чыгарууга болот.

 Бирок көптөр Шайтандын бар экенине ишенишпейт. Бул таң калыштуу эмес, анткени Ыйык Китепте Шайтан өзүнүн максатына жетиш үчүн ар кандай калпты колдонору айтылган (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10). Анын адамдарды адаштырыш үчүн колдонгон эң эле күчтүү амалдарынын бири — өзүнүн жок экенине ишендирүү (2 Корунттуктар 4:4).

Шайтан жөнүндөгү дагы бир жаңылыш ой

Айрымдардын ою: «Шайтан — Кудайдын кызматчысы. Кудай аны адамдарды айыптап, аларды соттош үчүн колдонот».

 Чынында кандай? Шайтан Кудайдын кызматчысы эмес, душманы. Ал Кудайга кызмат кылган адамдарга каршы иш жүргүзүп, аларды айыптап, жалаа жапканга аракет кылат (1 Петир 5:8; Аян 12:10).