1 Жакан 3:1—24
3 Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз үчүн+, асмандагы Атабыз бизге кандай зор сүйүү көрсөттү+. Биз, чынында эле, анын балдарыбыз. Бирок дүйнө+ аны таанып-билбегендиктен бизди да билбейт+.
2 Сүйүктүү бир туугандарым, эми биз Кудайдын балдарыбыз+, бирок келечекте кандай болорубуз азырынча айкын боло элек+. Ал ачык көрүнгөндө+, ага окшош болорубузду гана билебиз+, анткени анын кандай экенин көрөбүз+.
3 Андан үмүттөнгөндөрдүн ар бири, ага окшоп таза болуш үчүн+, өзүн тазалайт+.
4 Ким күнөө кылса+, ал мыйзамсыздык да кылган болот+, анткени күнөө+ — бул мыйзамсыздык.
5 Силер Исанын бизди күнөөлөрүбүздөн арылтыш үчүн келгенин+, өзү болсо күнөөкөр эмес+ экенин да билесиңер.
6 Ким аны менен биримдикте болсо+, күнөө кылбай калат+. Күнөө кылып жүргөн адам аны көргөн да, таанып-билген да жок+.
7 Балдарым, силерди эч ким адаштырбасын. Ким туура иш кылып жүрсө, Иса адил болгондой эле, ал да адил+.
8 Күнөө кылып жүргөн киши Ибилистен, анткени Ибилис башынан эле күнөө кылып келет+. Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн+ келген+.
9 Ким Кудайдын баласы болсо, ал күнөө кылбай калат+, себеби анда Кудайдын ыйык руху* бар. Кудайдын баласы болгондуктан+ ал күнөө кыла албайт.
10 Туура иш кылбаган адам+, бир тууганын сүйбөгөн адамдай эле, Кудайдан эмес+. Кудайдын балдары менен Ибилистин балдарын ушундан айырмалап билүүгө болот.
11 Силер башынан эле угуп келаткан кабарды+, бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин, унутпагыла+.
12 Кара өзгөйдөн болгон жана бир тууганын өлтүрүп койгон Кабылдай болбойлу+. Ал бир тууганын эмне үчүн өлтүргөн? Анткени өзүнүн иштери жаман+, ал эми бир тууганынын иштери адил болчу+.
13 Бир туугандарым, дүйнөнүн силерди жек көргөнүнө таң калбагыла+.
14 Биз өлүмдөн өмүргө өткөнүбүздү билебиз+, себеби бир туугандарыбызды сүйөбүз+. Ким бир тууганын сүйбөсө, ал өлүмдүн бийлиги астында+.
15 Бир тууганын жек көргөн+ ар бир адам — киши өлтүргүч+. Киши өлтүргүчтүн болсо+ түбөлүк өмүргө ээ эмес экенин билесиңер+.
16 Иса биз үчүн өз жанын бергендиктен+, биз сүйүү деген эмне экенин билдик+. Ошондуктан биз да бир туугандарыбыз үчүн жаныбызды бергенге милдеттүүбүз+.
17 Кимдир бирөөнүн колунда бар болсо+, бирок бир тууганынын муктаж экенин көрүп туруп+ боорукердик көрсөтпөсө+, анда ал кантип Кудайды сүйсүн?+
18 Балдарым, бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес+, ишибиз менен+, чын жүрөктөн+ сүйөлү+.
19 Чындыктан экенибизди+ ушундан билебиз жана жүрөгүбүздү Кудайдын бизди сүйөрүнө ынандырабыз.
20 Жүрөгүбүз бизди эмнеден улам айыптабасын+, аны ушуга ынандырабыз, анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет+.
21 Сүйүктүү бир туугандарым, жүрөгүбүз айыптабаса, Кудай менен эркин сүйлөшө алабыз+.
22 Осуяттарын аткарып, ага жаккан иштерди кылып жаткандыктан+ андан сураганыбыздын баарын алабыз+.
23 Анын осуяты бул: Уулу Иса Машаяктын ысмына ишенип+, ал осуят кылгандай, бири-бирибизди сүйүшүбүз керек+.
24 Анын осуяттарын аткарган адам аны менен биримдикте, ал да аны менен биримдикте+. Анын биз менен биримдикте экенин+ бизге берген рухунан+ билебиз.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «уругу».