1 Жакан 5:1—21

5  Ким Исанын Машаяк экенине ишенсе, ал — Кудайдын баласы+. Кудайды сүйгөндөр анын балдарын да сүйөт+.  Кудайдын балдарын+ сүйөрүбүздү аны сүйүп+, осуяттарын аткарып жатканыбыздан билебиз+.  Анткени Кудайды сүйүү+ — бул анын осуяттарын аткаруу+. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес+.  Ким Кудайдын баласы болсо+, ал дүйнөнү жеңет+. Биз дүйнөнү ишенимибиздин+ аркасында жеңдик+.  Дүйнөнү+ ким жеңе алат?+ Исанын Кудайдын Уулу экенине+ ишенген адам эмеспи?+  Иса Машаяк суу жана кан аркылуу келген. Ал суу менен эле эмес+, суу жана кан менен келген+. Буга рух күбө+, анткени рухтун күбөлөндүрүүсү чын.  Ошентип, үч күбө бар:  рух+, суу+ жана кан+. Үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бирдей+.  Кудайдын күбөлөндүрүүсү адамдардын биз кабыл алып жаткан күбөлөндүрүүсүнөн+ жогору. Анткени ал — өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү+. 10  Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, ал өзүнө берилген күбөлөндүрүүнү+ кабыл алган болот. Ким Кудайга ишенбесе, ал аны жалганчы кылып көрсөткөн болот+, анткени Кудайдын өз Уулу жөнүндөгү+ күбөлөндүрүүсүнө+ ишенбей койду. 11  Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди+. Ал өмүргө биз Уулу аркылуу ээ болдук+. 12  Ким Кудайдын Уулун кабыл алса, ал өмүргө ээ, ал эми ким кабыл албаса, ал өмүргө ээ эмес+. 13  Муну силерге жазып жатканымдын себеби: мен силердин, Кудайдын Уулунун ысмына ишенгендердин+, түбөлүк өмүргө ээ экениңерди+ билишиңерди каалайм. 14  Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы+, анын бизди угарына шектенбейбиз+. 15  Эмне сурасак да+, анын угарын билсек, анда сураганыбызды аларыбызды да билебиз+. 16  Эгер кимдир бирөө бир тууганынын өлүмгө алып барбай турган күнөө+ кылып жатканын көрсө, ал үчүн тиленсин, ошондо Кудай ага өмүр берет+. Мен өлүмгө алып барбай турган күнөө+ жөнүндө айтып жатам. Бирок өлүмгө алып бара турган да күнөө бар. Андай күнөө жөнүндө тилениш керектигин айткан жокмун+. 17  Жаман иштердин баары — күнөө+, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар. 18  Ким Кудайдын баласы болсо+, анын күнөө кылбай каларын билебиз. Кудайдын Уулу+ аны коргоп тургандыктан, кара өзгөй ага тие албайт+. 19  Биз өзүбүздүн Кудайдан экенибизди+, ал эми бүт дүйнөнүн Шайтандын* бийлиги астында экенин билебиз+. 20  Ошондой эле Кудайдын Уулу келип+, чыныгы Кудайды таанып-билишибиз үчүн+, бизге акыл бергенин да билебиз+. Биз чыныгы Кудай менен анын Уулу Иса Машаяк аркылуу биримдиктебиз+. Ал — чыныгы Кудай+ жана түбөлүк өмүрдүн булагы+. 21  Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кара өзгөйдүн».