Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын силерге боору ооруйбу?

Кудайдын силерге боору ооруйбу?

АДАМ БАЛАСЫНЫН ТАБИЯТЫ ЭМНЕНИ АЙТЫП ТУРАТ?

Боорукердик деген «өзүңдү кимдир бирөөнүн ордуна коюп, анын сезимдерин же башынан эмнени өткөрүп жатканын түшүнө билүүнү» билдирет. Акыл-эс саламаттыгын изилдеген Рик Хансон деген окумуштуу адам баласынын табиятынан эле боорукер келерин айткан.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Эмне үчүн адамдар, башка тирүү жандыктардан айырмаланып, боорукер болушат? Ыйык Китепте Кудайдын бизди өзүнө окшош кылып жаратканы айтылат (Башталыш 1:26). Ошол себептен кандайдыр бир деңгээлде анын касиет-сапаттарын чагылдыра алабыз. Андыктан камкор адамдар боорукердигинен улам башкаларга жардам бергенде мээримдүү Жаратканыбыз Жахабанын боорукердигин чагылдырган болушат (Накыл сөздөр 14:31).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

Кудай бизге боор ооруйт жана азап тартышыбызды такыр каалабайт. Мисирдин эзүүсүнөн бошонгондон кийин 40 жыл чөл кезип, башынан оор кыйынчылыктарды кечирген байыркы ысрайыл эли жөнүндө Ыйык Китепте: «Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган»,— делет (Ышая 63:9). Көңүлгө аларлык нерсе, Кудай ысрайылдыктардын кандай азаптарга дуушар болуп жатканын билип эле койбостон, алар менен кошо кыйналган. «Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем»,— деген ал (Чыгуу 3:7). Кудай: «Ким силерге тийсе, ал менин көзүмдүн карегине тийген болот»,— деп да айткан (Закарыя 2:8). Ооба, башкалар жүрөгүбүздү оорутканда, анын да жүрөгү ооруйт.

Кээде өзүбүздү айыптап, Кудайдын боорукердик көрсөтүшүнө татыксыз сезишибиз мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте: «Кудай жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет»,— деген ынандырарлык сөздөр жазылган (1 Жакан 3:19, 20). Жахаба бизди өзүбүздөн да жакшы билет. Ага жагдайыбыз, ойлорубуз, сезимдерибиз толугу менен белгилүү. Ошондой эле анын бизге боору ачыйт.

Кыйынчылыкка кабылганыбызда, Кудай жардамга келет. Ошондуктан андан сооротушун, акылмандык беришин, колдошун сурасак болот

Ыйык Китеп бизди эмнеге ынандырат?

  • «Чакырганыңда, Жахаба жооп берет. Жардам сураганыңда, ал: „Мен мындамын!“ — дейт» (ЫШАЯ 58:9).

  • «„Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам. Силер мени чакырып, мага келесиңер, менден тиленесиңер, ошондо мен силерди угам“» (ЖЕРЕМИЯ 29:11, 12).

  • «Көз жашымды чаначыңа сактап кой. Анын баары китебиңе жазылган эмеспи?» (ЗАБУР 56:8).

КУДАЙ БИЗДИ БАЙКАП ТУРАТ, ТҮШҮНӨТ ЖАНА БООРУ ООРУЙТ

Кудайдын бизге боору ооруй турганын билүү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам береби? Мариянын окуясын карап көрөлү.

Ал мындай дейт: «18 жаштагы балам эки жыл рак оорусу менен күрөшүп, каза болуп калганда, күйүтүм күч болуп, жашоо оордой, адилетсиздей сезилген. Жагдайыма кийлигишпей, баламды айыктырбай койгону үчүн Жахабага катуу таарынгам.

Алты жылдан кийин жыйналыштагы бир досума Жахабанын мени жакшы көрбөй турганын айтып, сезимдерим менен бөлүшкөндө, ал мени кунт коюп укту. Сөзүмдү бөлбөй, бир нече саат уккандан кийин 1 Жакан 3:19, 20дагы: „Кудай жүрөгүбүздөн чоң“,— деген сөздөрдү цитата кылды. Бул жүрөгүмдү ушунчалык козгоду. Андан кийин Жахабанын кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызды түшүнөрүн айтты.

Бирок жүрөгүмдөгү таарынычтан арылуу оңой болгон жок. Анан мен Забур 94:19дагы: „Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан“,— деген сөздөрдү окудум. Ал аяттагы сөздөр мен үчүн жазылгандай эле сезилди. Акыры, Жахабанын мени угарын, түшүнөрүн билдим, кыйынчылыктарымдын баарын ага айтсам, бир топ жеңилдеп каларымды байкадым».

Кудайдын бизди түшүнөрүн, бизге боору ооруурун билүү абдан соороторлук! Бирок эмне үчүн азап-кайгы ушунчалык көп? Кудай бизди туура эмес иштерибиз үчүн жазалап жатабы? Ал азап-кайгыны жок кылыш үчүн бир нерсе кылабы? Кийинки макалаларда ушул суроолорго жооп берилет.