Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап-кайгы Кудайдын жазасыбы?

Азап-кайгы Кудайдын жазасыбы?

ЛУЗИА СОЛ БУТУНАН АКСАП БАСАТ. Бала кезинде ал полиомиелитке (нерв системасын жабыркаткан абдан жугуштуу ооруга) чалдыккан. 16 жашында ага жумуш берүүчүсү: «Апаңдын тилин албай, ага жаман мамиле кылгандыктан, Кудай сени ушинтип жазалаган»,— деген. Андан бери бир нече жыл өтсө да, ошондо канчалык жаман болгону Лузианын дагы деле эсинде.

ДАМАРИСТИН МЭЭ РАГЫНА КАБЫЛГАНЫ БИЛИНГЕНДЕ, атасы ага: «Башыңа ушундай мүшкүл түшкүдөй эмне кылдың эле? Аябай жаман иш кылсаң керек, ошон үчүн Кудай жазалап жатат»,— деген. Бул анын жан дүйнөсүн катуу жаралаган.

Адамдар тээ илгертен эле ооруну Кудайдын жазасы деп ойлоп келишет. Бир китепте жазылгандай, Машаяктын убагында көптөр «адам илдетке өзүнүн же туугандарынын күнөөсүнөн улам чалдыгат, бул — күнөө үчүн жиберилген жаза» деп ишенишкен («Manners and Customs of Bible Lands»). Дагы бир китепте болсо орто кылымдарда айрымдардын «Кудай аларга кылган күнөөлөрү үчүн жаза катары ооруларды жибергенине ишенишкени» айтылган («Medieval Medicine and the Plague»). Анда 14-кылымда бүтүндөй Европа боюнча миллиондогондордун күлапса оорусунан кырылганы Кудайдын ыймансыздарга жиберген жазасы болгонбу? Же медицина тармагындагы изилдөөчүлөр аныктагандай, ага бактериялык инфекция себеп болгонбу? Кээ бирлер: «Адамдар күнөөсүнүн азабын тартышы үчүн, Кудай аларды чын эле ооруга чалдыктырабы?» — деп ойлонушу мүмкүн *.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Эгер оору, азап-кайгы Кудайдын адилеттүү жазасы болсо, анда эмне үчүн Иса Машаяк оорулууларды айыктырган? Бул Кудайдын адилеттүүлүгүнө, адилдигине каршы иш кылууга тете болуп калбайт беле? (Матай 4:23, 24). Иса Машаяк эч качан андайга бармак эмес. Ал: «Мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деген. «Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деп да айткан (Жакан 8:29; 14:31).

Ыйык Китептен айкын көрүнгөндөй, Кудай «эч качан адилетсиздик кылбайт» (Мыйзам 32:4). Мисалы, ал учакта бараткан бир кишини жазалаш үчүн учакты кырсыкка учуратып, андагы жүздөгөн бейкүнөө кишилерди эч качан өлтүрмөк эмес. Кудайдын адил экенин билгендиктен Ыбрайым пайгамбар анын «адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылбай» турганын айткан. Ошондой эле: «Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?» — деген (Башталыш 18:23, 25). Ыйык Китепте: «Кудай... жамандык кылбайт»,— деп да жазылган (Аюп 34:10—12).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

Азап-кайгыга кабылганыбыз кайсы бир күнөөбүз үчүн бизди Кудай жазалап жатканын билдирбейт. Иса пайгамбар шакирттери менен тубаса сокур кишини жолуктурганда муну айкын көрсөткөн. Шакирттери андан: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өзүнүн күнөөсү себеп болгонбу же ата-энесиникиби?» — деп сураган. Ошондо Иса: «Буга өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон эмес»,— деп жооп берген (Жакан 9:1—3).

Ошол кезде ооруга байланыштуу кеңири жайылган туура эмес көз карашты эске алганда, Исанын ал кишинин сокур болушуна өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болбогонун айтканына шакирттери таң калса керек. Иса сокур кишини айыктырып эле койбостон, азап-кайгы Кудайдын жазасы деген көз караштын туура эмес экенин айкын кылган (Жакан 9:6, 7). Бүгүнкү күндө жан сыздаткан оору менен күрөшүп келаткандар алардын кыйналышына Кудай себепкер эмес экенин билип, соороно алышат.

Эгер адамдар ооруга Кудай жазалагандыктан кабылган болсо, анда Иса аларды эмне үчүн айыктырган?

Ыйык Китеп бизди эмнеге ынандырат?

  • «Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт» (ЖАКЫП 1:13). Адамзат кылымдардан бери дуушар болуп келаткан жамандыктын баары, анын ичинде оору, азап-кайгы, өлүм жакында биротоло жок болот.

  • Иса Машаяк «бардык ооруларды айыктырган» (МАТАЙ 8:16). Муну менен ал Кудайдын Падышалыгынын келечекте дүйнө жүзү боюнча эмнелерди ишке ашырарын көрсөткөн.

  • «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (АЯН 21:3—5).

КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Анда эмне үчүн адам баласы ушунчалык азап чегип, кыйналып келет? Бул суроо миңдеген жылдардан бери көптөрдү ойлондуруп келатат. Кайгы-касыретке Кудай себепкер болбосо, анда ким себепкер? Кийинки макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 4-абз. Байыркы убакта Жахаба Кудай айрымдарды кайсы бир күнөөсү үчүн жазалаган учурлар болсо да, Ыйык Китепте анын азыркы күндө жаза катары ооруну же кырсык-каргашаны жиберери айтылбайт.