Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Азап-кайгы

Азап-кайгы

Кээ бирөөлөр биздин азап чегип жатканыбызга Кудай себепкер же, жок эле дегенде, кайдыгер карайт дешет. Чынында эле ошондойбу? Ыйык Китепте бул туурасында эмне деп айтылат? Ал китепте жазылгандар силерди таң калтырышы мүмкүн.

Азап-кайгыга Кудай себепкерби?

«Кудай жамандык кылбайт» (Аюп 34:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар жашоодогу нерселердин баары Кудай буйругандай болот деп ойлошкондуктан, азап-кайгыны да Кудай жиберет деп эсептешет. Маселен, табигый кырсык болгондо, Кудай адамдарды кандайдыр бир күнөөсү үчүн жазалап жатат деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте адамдардын азап тартып, кайгы-муңга батышына Кудайдын тиешеси жоктугу так-даана айтылган. Алсак, башыбызга мүшкүл түшүп кыйналганда: «Кудай мени сынактан өткөрүп жатат»,— деп ойлоо жаңылыштык экени жазылган. Анткени: «Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп айтылат (Жакып 1:13). Башкача айтканда, биз тушуккан кыйынчылыктарды Кудай жибербейт. Кыйынчылыкты башка салуу жамандык кылууга жатмак. Ал эми Кудай тууралуу: «Кудай жамандык кылбайт»,— делет (Аюп 34:12).

Эгер азап тартышыбызга Кудай себепкер болбосо, анда мунун баары кимдин же эмненин айынан болуп жатат? Өкүнүчтүүсү, көп учурда адамдар өздөрү бири-бирине жамандык кылышат (Насаатчы 8:9). Андан сырткары, кээде кайсы бир кырсык-каргашага дал ошол убакта, дал ошол жерде болуп калганыбыз үчүн эле кабылып калабыз (Насаатчы 9:11). Ыйык Китепте бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» болгондуктан, адамзаттын кайгы-муңуна ушул «дүйнөнүн башкаруучусу» — Шайтан Ибилис — жооптуу экендиги айтылат (Жакан 12:31; 1 Жакан 5:19). Адамзатты кайгыга батырып, азап-тозокко салып жаткан — Кудай эмес, Шайтан.

Кудай кандайдыр бир чара көрөбү?

«Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган» (Ышая 63:9).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бирлер Кудайга биздин кыйналып жатканыбыз баары бир деп ойлошот. Мисалы, бир жазуучу Кудайдын «кайрымсыз экени жана азап тартып жатканыбызга жаны ачып да койбой турганы айдан ачык» экенин жазган. Ошондой эле Кудай бар болгон күндө деле, адам баласына барып турган кош көңүлдүк менен мамиле кыларын айткан.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китептин бир да жеринде Кудайдын кайдыгер же таш боор экени айтылган эмес. Тескерисинче, адамдардын азап тартканын көргөндө Кудайдын да жүрөгү ооруй турганы жана жакында бизди азап-кайгыдан арылтары айтылат. Эмесе, Ыйык Китепке негизделген, көңүл жубата турган үч ойго токтололу.

Кудай баарын көрүп турат. Адам баласы азапка малынгандан тартып анын бир да көз жашы Жахабанын * баарын байкап турган «курч көздөрүнүн» жаздымында калган эмес (Забур 11:4; 56:8). Алсак, байыркы учурда Кудайдын элин башкалар эзгенде, ал: «Мен... элимдин тарткан азабын көрдүм»,— деп айткан. Кудай ал тууралуу үстүртөдөн эле билгенби? Жок, анткени: «Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем»,— деген (Чыгуу 3:7). Кудай башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын, кала берсе башкалар билбеген же толук түшүнө албаган кыйынчылыктарды да бирин калтырбай билет деген ойдун өзү эле көптөрдү жубатып-сооротот (Забур 31:7; Накыл сөздөр 14:10).

Боор ооруйт. Жахаба Кудай адамдардын кайгы-муңга батып жатканынан жөн гана кабардар болуп койбостон, кошо кайгырып, жүрөгү ооруйт. Мисалы, байыркы заманда Кудайдын эли азап тартканда, анын зээни кейиген. Ыйык Китепте: «Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган»,— делет (Ышая 63:9). Пенделеринен алда канча жогору турса да, Кудай аларга боор ооруп, кайгысын кошо тартып, жүрөгү мыкчылат. Ооба, чынында, Жахаба «абдан боорукер, кайрымдуу» (Жакып 5:11). Андан тышкары, ал бизге кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет (Филипиликтер 4:12, 13).

Адамзатты азап-кайгыдан арылтат. Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, Кудай ар бир адамды кайгы-муңдан арылтат. Ал өзүнүн асмандагы Падышалыгы, башкача айтканда, өкмөтү аркылуу бүткүл адамзаттын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртөт. Ошол заман туурасында Ыйык Китепте: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— деп жазылган (Аян 21:4). Ал эми көзү өтүп кеткен кишилер эмне болот? Азап-тозогу жок бейкут жашоону алар да көрө алышы үчүн, Кудай аларды тирилтип, кайрадан өмүр тартуулайт (Жакан 5:28, 29). Ошол кезде адамдар мурун башынан кечирген кыйынчылыктарын эстеп, тынчы кетеби? Жок, анткени Жахаба: «Мен жаңы асман менен жаңы жерди жаратып жатам. Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деп убада берген (Ышая 65:17) *.

^ 13-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ 15-абз. Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатканын жана аны кантип жок кыларын билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 8, 11-бөлүмдөрүн карагыла.