ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР
Коста-Рикага саякат
МЫНДАН беш кылым мурун Коста-Рикага биринчилерден болуп испаниялыктар барган. Алар ал жактан көп алтын табабыз деп үмүттөнгөндүктөн аны Коста-Рика (байлыкка тунган жээк) деп аташкан, бирок алардын үмүтүн таш капкан. Бүгүнкү күндө ал аймак баалуу металлдарга бай өлкө эмес, биотүрдүүлүгү эң көп өлкөлөрдүн бири катары белгилүү.
Коста-Риканын тургундары сөздөргө кичирейтүүчү -ико деген мүчө улап сүйлөгөндүктөн тикостор деп белгилүү болуп калышкан. Мисалы, алар ун моменто (бир момент) дебей, ун моментико (бир моментче) дешет. Алар күнүмдүк турмушта бири-бири менен сүйлөшкөндө пюра бида (чыныгы жашоо) деген сөздү көп колдонушат. Анткени бир нерсеге ыраазы болгондо да, макул болгондо да, учурашканда да, коштошкондо да ушул эле сөздү айтышат.
Коста-Риканын элинин эң жакшы көргөн тамактарынын бири — гало пинто (түзмө-түз «чарала короз» дегенди билдирет). Аны жасаш үчүн алгач күрүч менен буурчак өз-өзүнчө бышырылат да, анан татымалдар кошулуп, баары кайра чогуу бышырылат. Ал тамакты коста-рикалыктар эртең менен, түштө же кечинде жей
беришет. Ал эми алардын улуттук ичимдиги болуп кафе чорреадо саналат. Андай кофе атайын жасалган жыгачтын оюгуна салынган чүпүрөк чыпкадан өткөрүлүп жасалат.Коста-Рикада Жахабанын Күбөлөрүнүн 450дөй жыйналышы бар. Ал жыйналыштар он тилде, анын ичинде Коста-Рика жаңдоо тилинде жана жергиликтүү калктын брибри, кабекар деген тилдеринде өткөрүлөт.
БИЛЕСИҢЕРБИ? Коста-Рикада тоголок формага келтирилген жүздөгөн таштар бар. Эң чоңунун диаметри 2,4 метрге жетет. Айрымдардын ою боюнча, алар 1 400 жылдан ашуун убакыт мурун жасалган. Алардын кандай максатта жасалганы сыр бойдон калууда.