Насаатчы 9:1—18
9 Мен бардыгына дитимди койдум+, булардын баарын изилдеп чыктым: адил адамдар менен акылмандар жана алардын иштери чыныгы Кудайдын колунда экен+. Адам баласы өзүнөн мурун өкүм сүргөн сүйүүнү да, жек көрүүнү да билбейт+.
2 Баарынын көрөрү бир+: адил адам+ менен ыймансыздын+, жакшы, таза адам менен арамдын, курмандык чалган менен чалбагандын көрөрү бир+. Күнөөкөр сыяктуу эле, жакшы адамдын да, ойлонбой ант берген адам сыяктуу эле+, ант берүүдөн корккондун+ да көрөрү бир.
3 Күн астында жасалган бардык иштердин өкүнүчтүүсү бул: баарынын көрөрү бир болгон соң+, адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон+. Өмүр бою алардын жүрөгүнөн наадандык кетпейт+; алар акыры барып өлгөндөргө кошулушат+.
4 Тирүүлөрдүн арасында жүргөндөрдүн үмүтү бар, анткени өлгөн арстанга караганда+ тирүү ит артык+.
5 Тирүүлөр өлөрүн билет+, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт+. Аларга эми тиешеси берилбейт, анткени алар эскерилбей калышат+.
6 Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганычы да жок болот+. Күн астында жасалып жаткан иштердин биринде да эми алардын үлүшү болбойт+.
7 Чыныгы Кудай сенин иштериңе ыраазы болгондуктан+, бар да, наныңды кубаныч менен же, шарабыңды шайыр жүрөк менен ич+.
8 Кийимиң ар убак ак болсун+, башыңа ар дайым май сыйпалсын+.
9 Күн астында Кудайдан алган куру бекер өмүрүңдүн бардык күндөрүндө, куру бекер күндөрүңдүн баарында, сүйгөн аялың менен жашоонун ырахатын көр+. Себеби бул — жашоодогу энчиң+, күн астында кылган эмгегиңдин үзүрү.
10 Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер+. Анткени сен бара турган жайда+ — көрдө*+ — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да+, акылмандык да+ жок.
11 Мен кайрадан артка кылчайып, күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңишке шамдагайлар эле+, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле+, нанга акылмандар эле+, байлыкка түшүнүгү барлар эле+, урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт экен+. Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат+.
12 Анткени адам+ өз убактысын билбейт+. Балык торго+, канаттуулар кылтакка түшкөндөй эле+, адам баласына да каргашалуу убак+ күтүлбөгөн жерден келет+.
13 Мен күн астынан акылмандыкка байланыштуу муну да көрдүм, ал мага укмуштуудай көрүндү:
14 бир чакан шаар бар эле, анда эркектер аз болчу. Ал шаарга улуу падыша барып, курчады да, ага каршы чоң дөбө үйдү+.
15 Бирок шаардан бир акылман кедей чыгып, акылмандыгы менен шаарды сактап калды+. Анткен менен ал кедейди кийин эч ким эстеп койгон жок+.
16 Ошондо: «Күчкө караганда акылмандык жакшы+. Бирок кедейдин акылмандыгы баркка алынбайт, анын сөзүнө кулак кагышпайт»,— дедим+.
17 Акылсыздардын арасында бийлик жүргүзгөн башкаруучунун кыйкырыгына караганда+ акылмандардын сабырдуулук менен айткан сөзүн көбүрөөк угушат+.
18 Курал-жарактан акылмандык артык, бирок бир эле күнөөкөр көп жакшы нерсени бүлдүрүшү мүмкүн+.
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.