Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКШЫ АДАМДАР ЖАМАНДЫККА КАБЫЛЫШАТ?

Эмне үчүн жакшы адамдар жамандыкка кабылышат?

Эмне үчүн жакшы адамдар жамандыкка кабылышат?

Жахаба * Кудай бардык нерсени жараткандыктан жана кудурети күчтүү болгондуктан, көптөр жер жүзүндө болуп жаткан жамандыктын баарына Кудай күнөөлүү деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепте Кудай жөнүндө мындай делет:

  •  «Жахабанын бардык жолдору адил» (Забур 145:17).

  •  «[Кудайдын] жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл» (Мыйзам 32:4).

  •  «[Жахаба] абдан боорукер, кайрымдуу» (Жакып 5:11).

Жамандыкты Кудай кылбайт. Анда ал адамдарды жаман иш кылууга түртүшү мүмкүнбү? Жок. Ыйык Китепте: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп жазылган (Жакып 1:13). Кудай кимдир бирөөнү жаман иш кылууга түртүп сынабайт. Ал жамандыкты жибербейт дагы, эч кимди жаман иш кылганга түртпөйт дагы! Анда жамандык эмнеден улам болот же анын болушуна ким күнөөлүү?

ЫЛАЙЫКСЫЗ УЧУРДА ЫЛАЙЫКСЫЗ ЖЕРДЕ БОЛУП КАЛУУ

Адамдардын кыйынчылыкка кабылып жатканынын бир себеби Ыйык Китепте мындай деп түшүндүрүлөт: «Баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11). Кишинин кырсыкка кабылар-кабылбасы, андан жабыр тартар-тартпасы анын кайсы учурда кайсы жерде болгонуна жараша болот. Мындан 2000 жылдай мурун Иса Машаяк мунара кулаганда анын алдында калып өлгөн 18 киши жөнүндө айткан (Лука 13:1—5). Алардын ошентип өлгөнү жаман кишилер болгонун билдирген эмес. Алар ал кырсыкка ошол жерде болуп калганы үчүн гана кабылышкан. Ал эми 2010-жылдын январь айында Гаитиде болгон жер титирөөнү мисалга алсак, өкмөт берген маалыматка ылайык, андан 300 000ден ашуун киши каза тапкан. Ал кырсык эч кимди ылгаган эмес. Оору да эч кимди ылгабайт.

Эмне үчүн Кудай жакшы адамдарды кырсыктан сактап калбайт?

Айрымдар: «Ушундай кырсыктарды болтурбай койгонго Кудайдын кудурети жетпейби? Ал жакшы адамдарды сактап кала албайбы?» — деп ойлошу мүмкүн. Андай кырсыктарды болтурбай коюу үчүн, Кудай аларды алдын ала көрө билиши керек. Кудай келечекти көрө алат. Бирок ал ошол жөндөмүн дайыма эле колдоно береби? (Ышая 42:9).

Ыйык Китепте: «Биздин Кудайыбыз асманда, ал эмнени кааласа, ошону ишке ашырат»,— деп жазылган (Забур 115:3). Жахаба Кудай кыла алган нерсесинин баарын эле кыла бербейт, ал зарыл деп эсептегенин гана кылат. Ошондой эле эмнени алдын ала билүүнү зарыл деп эсептесе,  ошону гана билет. Мисалы, байыркы Содом менен Амор шаарлары жамандыкка толгондо, Кудай Ыбрайым пайгамбарга: «Төмөн түшүп, алардын кылып жаткан иштери мага жеткен зар-муңчалык жаманбы же жокпу, көрөйүн, барып билейин»,— деген (Башталыш 18:20, 21). Ошого чейин Жахаба Кудай ал шаарларда жамандыктын канчалык жайылганын көрүп-билбей эле коюуну чечкен. Ошол сыяктуу эле, Кудай, эгер туура көрсө, айрым нерселерди көрбөй-билбей коё алат (Башталыш 22:12). Бул Кудайдын жеткилең эместигин же күчү чектелүү экенин билдирбейт. «Иштери жеткилең» болгондуктан, Кудай көрө билүү жөндөмүн тең салмактуу колдонот. Ал аны өзүнүн ой-ниети менен байланышы бар жагдайларда гана колдонот; ал адамдарды тигиндей же мындай кылууга эч качан мажбурлабайт (Мыйзам 32:4) *. Демек, Жахаба Кудай келечекти көрө билүү жөндөмүн өзү туура көргөн учурда гана колдонот деп жыйынтык чыгарсак болот.

Эмне үчүн Кудай жакшы адамдарды кырсыктан сактап калбайт?

АДАМДАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

Жамандыктын болушуна кандайдыр бир деңгээлде адамдар өздөрү да күнөөлүү. Ыйык Китепте бул мындайча түшүндүрүлөт: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат» (Жакып 1:14, 15). Адамдар жаман каалоосуна жетеленип иш кылганда сөзсүз кесепети болот (Римдиктер 7:21—23). Тарых тастыктап тургандай, айрымдардын үрөй учурарлык иштерге барганынын айынан көптөр азап тартышат. Андан тышкары, жаман адамдар башкаларды да жаман ишке түрткөндүктөн, адамзат жамандыктан арылбай келет (Накыл сөздөр 1:10—16).

Айрымдардын үрөй учурарлык иштерге барганынын айынан көптөр азап тартышат

Кудай адамдардын ишине кийлигишип, жамандык кылышына жол бербей коюшу керекпи? Келгиле, адам баласы кандай болуп жаралганына көңүл буралы. Ыйык Китепте Кудай адамды өзүнө окшош кылып жаратканы жазылган. Ошондуктан биз анын сапаттарын чагылдыра алабыз (Башталыш 1:26). Ошондой эле ар бирибизде эң сонун белек — чечим чыгаруу эркиндиги — бар. Биз Кудайды сүйөр-сүйбөсүбүздү жана ага жаккан иштерди кылар-кылбасыбызды өзүбүз чече алабыз (Мыйзам 30:19, 20). Эгер Кудай бизди кайсы бир жолдо жүрүүгө мажбурласа, чечим чыгаруу эркиндигибизден ажыратып койгон болмок. Анда биз белгилүү бир нерселерди кылууга программалаштырылган роботтордой эле болуп калмакпыз. Баарын маңдайыбызга жазып койсо да, ошондой эле болуп калмак. Андыктан Кудай бизге кайсы жолго түшөрүбүздү өзүбүз чечкенге укук бергенине абдан ыраазы болсок болот. Бирок бул адамдар өздөрүнүн катасынын жана туура эмес чечимдеринин айынан түбөлүк кыйнала берет дегенди билдирбейт.

 КАРМА МЫЙЗАМЫ СЕБЕППИ?

Эгер индустан же буддисттен: «Эмне үчүн жакшы адамдар жамандыкка кабылышат?» — деп сурасаңар, ал: «Буга Карма мыйзамы себеп болот. Алар мурунку жашоосунда кылгандарынын кесепетин тартып жатышат»,— деп жооп бериши мүмкүн *.

Мунун туура же туура эмес экенин билиш үчүн Ыйык Китепте өлүм жөнүндө эмне деп айтыларын билип алышыбыз керек. Кудай Эйден багында Адам атага: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген (Башталыш 2:16, 17). Эгер Адам ата Кудайга баш ийип, күнөө кылбаса, түбөлүк жашамак. Бирок ал Кудайга баш ийбей койгондуктан акыры өлгөн. Өлүм анын балдарына да өткөн. Ошентип, «өлүм... бардык адамдарга өткөн» (Римдиктер 5:12). Демек, «күнөө үчүн жаза — өлүм» деп айтса болот (Римдиктер 6:23). Ыйык Китепте ошондой эле: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат»,— деп жазылган (Римдиктер 6:7). Башкача айтканда, адам өлгөндө, кылган күнөөлөрүнүн баары кечирилет.

Адам мурунку жашоосунда кылган жаман иштеринин кесепетин тартып азап чегет деп айткандар бүгүнкү күндө миллиондоп саналат. Алар, адатта, өздөрүнүн жана башкалардын кыйналып жатканын кадимки нерседей көрөт. Бирок мындай окуу жаман иштерге бөгөт коё алган жок. Ал окууга кармангандар адам өлүп, кайрадан тирилүү циклынан жакшы жүрүм-турумдун жана өзгөчө билимдин аркасында гана чыга алат дегенге ишенишет. Мындай көз караш Ыйык Китепте айтылгандардан кыйла айырмаланат *.

АЗАП-КАЙГЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ

Жамандыктын негизги себепкери «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан Ибилис экенин билчү белеңер? (Жакан 14:30)

Жамандыктын болушуна жалгыз эле адамдар күнөөлүү эмес. Шайтан Ибилис жөнүндө айта турган болсок, башында ал Кудайга кызмат кылган ишенимдүү периште болгон, бирок «чындыктан четтеп кеткен» жана анын айынан дүйнөдө күнөө пайда болгон (Жакан 8:44). Ал Адам ата менен Обо энени Кудайга каршы чыгууга түрткөн (Башталыш 3:1—5). Иса Машаяк аны «кара өзгөй» жана «бул дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган (Матай 6:13; Жакан 14:30). Адамзаттын басымдуу бөлүгү Кудайдын осуяттарын баркка албаганга үндөгөн Шайтандын жолунда жүрөт (1 Жакан 2:15, 16). Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында» экени жазылган (1 Жакан 5:19). Шайтан тарапка башка периштелер да өтүп кеткен. Ыйык Китепте Шайтан менен жин-перилер «бүт жер жүзүн адаштырып» жаткандыктан, жер жамандыкка толгону айтылат (Аян 12:9, 12). Ошондуктан жамандыктын болушуна, негизинен, Шайтан Ибилис күнөөлүү.

Ооба, адамдардын азап тартышына жана жамандыктын болушуна Кудай күнөөлүү эмес. Кудай дүйнөдөгү бүт жамандыкты жок кылууну убада кылган. Ал тууралуу кийинки макалада сөз кылынат.

^ абз. 3 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ абз. 11 Кудай жамандыктын болушуна эмне үчүн жол берип жатканын билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла.

^ абз. 16 Карма мыйзамы деп аталган окуунун каяктан келип чыкканын билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепченин 8—12-беттерин карагыла.

^ абз. 18 Өлгөндөрдүн абалын жана алардын келечекте эмне болорун билиш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 6, 7-бөлүмдөрүн карагыла.