Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудай каякта эле?»

«Кудай каякта эле?»

«„КУДАЙ КАЯКТА ЭЛЕ?“ — ДЕГЕН СУРОО КӨП ОЙЛОНДУРАТ» (Рим папасы Бенедикт XVIнын Польшадагы Аушвиц концлагерине барганда айткан сөзү).

КАЙГЫ-КАСИРЕТ БОЛГОНДО: «КУДАЙ КАЯКТА ЭЛЕ?» — ДЕП ОЙЛОНГОН УЧУРУҢАР БОЛДУ БЕЛЕ? ЖЕ БАШЫҢАРГА МҮШКҮЛ ТҮШКӨНДӨ: «КУДАЙ МАГА КАМ КӨРӨБҮ?» — ДЕП ОЙЛОНДУҢАР БЕЛЕ?

Балким, силер да АКШда жашаган Шиланыкындай сезимде болоттурсуңар. Ал динге аябай ишенген үй-бүлөдө чоңойгон. Шила мындай дейт: «Кудай Жаратканыбыз болгондуктан, бала кезимен эле жүрөгүмдө Кудай дечүмүн. Бирок өзүмдү ага жакын сезчү эмесмин. Ал мени алыстан эле карап турат деп ойлочумун. Кудай мени жек көрөт деп деле ойлочу эмесмин, ошол эле учурда мени жакшы көрөрүнө ишенчү эмесмин». Шила эмне үчүн буга шектенчү? Ал: «Үй-бүлөбүз үстөкө-босток каргашага кабылган. Ошондо Кудай бизге такыр жардам бербей жаткандай сезилген»,— деп түшүндүрөт.

Шилага окшоп, силер да Кудайдын бар экенине ишенишиңер, бирок: «Ал мага кам көрөбү?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Жараткандын кудуреттүү, акылман экенине ишенген Аюп деген адил кишиде да ушундай ойлор болгон (Аюп 2:3; 9:4). Улам бир кырсык баскандыктан, ал өзүн жардамсыз калгандай сезип, Кудайдан: «Эмне үчүн жүзүңдү жашырып, мени душманыңдай көрүп жатасың?» — деп сураган (Аюп 13:24).

Кыйынчылыктарга Кудай күнөөлүүбү? Анын жалпы адамзатка жана жеке ар бирибизге кам көрөрүнө далилдер барбы? Бизге байкоо саларын, боор ооруурун, жардам берерин же бизди түшүнөрүн биле алабызбы? Ыйык Китепте булар тууралуу эмне делет?

Кийинки макалаларда Кудайдын адам баласын кандай жаратканынан анын бизге кам көрөрүнө байланыштуу эмнени биле аларыбызды карайбыз (Римдиктер 1:20). Ошондой эле ал жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин талкуулайбыз. Жаратылыш жана Ыйык Китеп аркылуу Кудайды «таанып-билген» сайын, анын «силерге кам көрөрүнө» ынана бересиңер (1 Жакан 2:3; 1 Петир 5:7).