Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Ыйык Китепти жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

Ыйык Китепти жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

JW Library программасынын эң негизги функциялары — Ыйык Китепти окуу жана изилдөө.

Төмөндө Ыйык Китептерди жүктөп алууга жана аларды өзүбүзгө ылайыкташтырууга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Ыйык Китепти жүктөп алуу

Ыйык Китептин котормолорун офлайн окугуңуз келсе, аларды жүктөп алыңыз.

  • Экрандын өйдө жагындагы тилкеден Ыйык Китеп куржунун басып, андан кийин Ыйык Китепке кирген китептердин тизмесин көрүш үчүн Китептер дегенди басыңыз.

  • Ыйык Китептин котормолорунун тизмесин көрүш үчүн Буйрук берүү тилкесин ачып, Тилдер дегенди басыңыз. Сиздин тилдеги көп колдонулган котормолор тизменин баш жагында болот. Ошондой эле ал тизмеден кайсы бир тилди же Ыйык Китептин кайсы бир котормосун издесеңиз болот. Ал үчүн тизменин үстүндөгү издөө талаачасына издеген тилди же котормону терип жазыңыз. Мисалы, «порт» деп жазсаңыз, португал тилиндеги Ыйык Китептер чыгат.

  • Тизмедеги Ыйык Китептин жанындагы булут белгиси аны жүктөп алуу керектигин билдирет. Ыйык Китепти жүктөп алыш үчүн аны басыңыз. Жүктөп алгандан кийин булут белгиси жоголуп кетет. Ошондон кийин аны ачып окуй аласыз.

Тизмеде Ыйык Китептин сиз окугуңуз келген котормосу жок болушу мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен программага Ыйык Китептин котормолору кошулушу мүмкүн болгондуктан, мезгил-мезгили менен текшерип туруңуз.

 Ыйык Китепти жок кылуу

Ыйык Китептин кайсы бир котормосун колдонбой калсаңар же каражатыңардан орун бошотуш керек болсо, аны жок кылып салсаңыз болот.

Ал үчүн Ыйык Китеп куржунун ачып, Ыйык Китептердин тизмеси чыгышы үчүн Тилдер деген белгини басыңыз. Жок кылгыңыз келген Ыйык Китептин жанындагы Көбүрөөк деген белгини басып, Жок кылуу деген белгини басыңыз.

 Ыйык Китепти жаңыртуу

Айрым учурларда жүктөп алынган Ыйык Китептер жаңырышы мүмкүн.

Андайда тизмедеги Ыйык Китептин жанында анын жаңырганын билдирген эки жебече белгиси пайда болуп калат. Ыйык Китепти бассаңыз, анын жаңырганын билдирген маалымат чыгат. Жүктөп алуу дегенди тандап, жаңыртылганын жүктөп алсаңыз болот же Кийинчерээк дегенди тандап, мурункусун окуй берсеңиз болот.

Бул функциялар Windows 8.1 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын март айында чыккан JW Library программасынын 1.4 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Windows)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.