Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Текстти чийип белгилөө (Android)

Текстти чийип белгилөө (Android)

Бул функциянын жардамы менен JW Library программасынан кайсы бир адабиятты окуп же изилдеп жатканда сөздү же сүйлөмдү чийип белгилей аласыз.

Төмөндө текстти чийип белгилөөгө байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Чийип белгилөө

Текстти чийип белгилөөнүн эки жолу бар.

Чийгиңиз келген сөздү басып турсаңыз, контекст менюсу пайда болот. Ал менюдан Чийип белгилөө дегенди басып, ал жердеги түстөрдүн бирин тандаңыз.

Кайсы бир cөздү же сүйлөмдү чийиш үчүн бир сөздү басып туруп, манжаңызды жылдырыңыз. Манжаңызды экрандан алганда контекст менюсу пайда болот. Ал менюну колдонуп чийип белгиленген жердин түсүн өзгөртсөңүз же жок кылсаңыз болот.

 Чийип белгиленген жерди өзгөртүү

Чийилген жердин түсүн өзгөртүш үчүн тексттин чийилген жерин басып туруп, контекст менюсунан башка түстү тандаңыз. Белгиленген жерди алып салыш үчүн ал жерди басып туруп, контекст менюсундагы Жок кылуу белгисин басыңыз.

Бул функциялар Android 4.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын ноябрь айында чыккан JW Library программасынын 1.6 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Android)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.