Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

JW Library программасын колдонуу (Android)

JW Library программасын колдонуу (Android)

JW Library программасына кош келиңиз! Бул программа Ыйык Китепти изилдөө жана окуу максатында чыгарылган. Бул программанын негизги функцияларын экрандын сол жагына кирип-чыкма терезесинен иштете аласыз. Ал терезе чыгышы үчүн, манжаңыз менен экрандын сол жагын басып туруп, оңду көздөй жылдырыңыз же экрандын өйдөңкү сол бурчунда жайгашкан Меню баскычын басыңыз.

 Ыйык Китеп

Ыйык Китеп куржуну Ыйык Китептин ар кандай котормолорун окууга жана жүктөп алууга шарт түзөт. Ыйык Китепти окуш үчүн анын кайсы бир китебин, анан ал китептин бөлүмүн тандаңыз. Ошондой эле аны окуп жатканда Изилдөө терезесинен шилтемелерди, байланышы бар аяттарды, башка котормолорду көрө аласыз.

Башка китептин аятын ачыш үчүн Ыйык Китеп куржунун кайра басып, Ыйык Китепке кирген китептердин тизмесин ачкыла.

 Адабияттар

Адабияттар куржунунда текст, аудио, видео түрүндө ар кандай адабияттар бар. Ал куржундагы адабиятты басып, анын ичинен окуй турган макаланы тандаңыз. Аны окуп жатканда келтирилген аяттарды да окуй аласыз. Ал үчүн келтирилген аяттарды басыңыз, ошондо Изилдөө терезесинен аяттар ачылат. Ал эми терезенин ичинен аяттардын шилтемесин бассаңыз, аяттар Ыйык Китептин өзүнөн ачылат.

Адабияттардын тизмесинен башка адабиятты ачып окуш үчүн кирип-чыкма терезени ачып, Адабияттар куржунун кайра басыңыз.

 Күндүн аяты

Күндүн аятын окуш үчүн кирип-чыкма терезени ачып, Күндүн аяты куржунун басыңыз.

 Онлайн

Расмий сайтыбызга кириш үчүн кирип-чыкма терезени ачып, Онлайн куржунун басыңыз.

 Жаңы функциялар

Электрондук каражатыңыздын иштетүү системин жаңыртып, JW Library программасынын эң акыркы версиясын колдонуп жатканыңызга ынаныңыз.

Электрондук каражатыңызда Android иштетүү системинин эң акыркы версиясы болгону жакшы. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемени басыңыз: https://support.google.com/nexus/answer/4457705.

Электрондук каражатыңыздын жөндөөлөрүнө кирип, иштетүү системин автоматтык түрдө жаңырткан функцияны күйгүзүп койсоңуз болот. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемени басыңыз: https://support.google.com/googleplay/answer/113412.