Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

App Store дүкөнүнө кирүүгө мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо, JW Library тиркемесин орнотуп алгыла (Android)

App Store дүкөнүнө кирүүгө мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо, JW Library тиркемесин орнотуп алгыла (Android)

JW Library тиркемесин Android менен иштеген каражатыңарга тиркемелердин расмий дүкөнүнөн («Google Play Store» же «Amazon Appstore») жүктөй албай жатсаңар, аны JW Library (Android) пакетин (APK) колдонуп орното аласыңар.

JW Library APK пакетин орнотуш үчүн каражатыңардын жөндөөлөрүнө кирип, «белгисиз тиркемелерди жүктөө» же «белгисиз булактардан жүктөп алууга уруксат берүү» дегенди күйгүзүп коюшуңар керек. Муну кантип кылса болорун билиш үчүн электрондук каражатыңардын китепчесин карап көрсөңөр болот.

JW Library APK пакетин жүктөп, орнотуш үчүн төмөнкүлөрдү кылгыла:

  1. APK пакетин каражатыңарга сактап коюш үчүн «Жүктөп алуу» дегенди баскыла.

  2. JW Library APK файлын каражатыңардан таап, аны басып, жүктөп алгыла.

JW Library APK файлын жүктөп алгандан кийин жаңы версиялары чыккан-чыкпаганын текшерип тургула. Ан үчүн мындай кылсаңар болот:

  1. JW Library тиркемесинин жөндөөлөрүнө кирип, учурда кайсы версиясы орнотулганын биле аласыңар.

  2. Эгер версиянын номуру төмөндө көрсөтүлгөн номурдан төмөн болсо, жогоруда айтылган кадамдарды кылып, APK файлды жүктөп, орнотуп алгыла.

Версиясы: 14.3 (408605)