Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Буга чейин ачылгандарды колдонуу (iOS)

Буга чейин ачылгандарды колдонуу (iOS)

JW Library программасындагы бул функция сиз окуган макалаларды жана Ыйык Китептеги бөлүмдөрдү эстеп калат. Ошондуктан бул функцияны колдонуп буга чейин окуган жериңерге, алсак, кайсы бир аятка оңой эле кайтып бара аласыз.

Төмөндө буга чейин ачылгандар деген функцияны колдонууга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Буга чейин ачылгандарга баруу

Ыйык Китеп куржунун басып турсаңыз, Ыйык Китептен буга чейин окулгандардын тизмеси чыгат. Алардын бирине барыш үчүн керектүүсүн басыңыз.

Адабияттар куржунун басып турсаңыз, буга чейин окуган бардык адабияттардын тизмеси чыгат. Алардын бирине барыш үчүн керектүүсүн басыңыз.

 Буга чейин ачылгандарды өчүрүү

Буга чейин ачылгандардын тизмесин ачыш үчүн Ыйык Китеп же Адабияттар куржунун басып туруңуз. Анан тизменин төмөн жагындагы Өчүрүү дегенди басыңыз.

Бул функциялар iOS 6.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2014-жылдын май айында чыккан JW Library программасынын 1.2 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (iOS)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.