Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

JW Library программасын колдонуу (Windows)

JW Library программасын колдонуу (Windows)

JW Library программасына кош келиңиз! Бул программа Ыйык Китепти изилдөө жана окуу максатында чыгарылган. Программа ачылгандан кийин экрандын өйдө жагындагы куржундарды басып, анын негизги функцияларын колдоно аласыңар. Буйрук берүү тилкесин чыгарыш үчүн чычканчанын оң баскычын басыңыз же экранды үстүнкү жагын басып туруп, ылдый жылдырыңыз.

 Башкы бет

Башкы беттен көп колдонулган Ыйык Китепти жана адабияттарды тез ачууга болот. Ошондой эле ал беттен акыркы чыккан адабияттарды жана күндүн аятын окуй аласыз.

 Ыйык Китеп

Ыйык Китеп куржуну Ыйык Китептин ар кандай котормолорун окууга жана жүктөп алууга шарт түзөт. Ыйык Китепти окуш үчүн анын кайсы бир китебин, анан ал китептин бөлүмүн тандаңыз. Ошондой эле аны окуп жатканда Изилдөө терезесинен шилтемелерди, байланышы бар аяттарды, башка котормолорду көрө аласыз.

Башка китептин аятын ачыш үчүн Ыйык Китеп куржунун кайра басып, андан кийин Ыйык Китепке кирген китептердин тизмесин көрүш үчүн Китептер дегенди басыңыз.

 Адабияттар

Адабияттар куржунунда текст, аудио, видео түрүндө ар кандай адабияттар бар. Адабияттар куржунун басып, окуй турган макаланы тандаңыз. Аны окуп жатканда келтирилген аяттарды да окуй аласыз. Ал үчүн келтирилген аяттарды басыңыз, ошондо Изилдөө терезесинен аяттар ачылат. Ал эми терезенин ичинен аяттардын шилтемесин бассаңыз, аяттар Ыйык Китептин өзүнөн ачылат.

Адабияттардын тизмесинен башка адабиятты ачып окуш үчүн Адабияттар куржунун кайра басып, Тобу боюнча дегенди басыңыз.

 Күндүн аяты

Күндүн аятын окуш үчүн экрандын өйдө жагында жайгашкан Күндүн аяты куржунун басыңыз.

 Онлайн

Расмий сайтыбызга кириш үчүн өйдө жагында жайгашкан Онлайн куржунун басыңыз.

 Жаңы функциялар

Электрондук каражатыңыздын иштетүү системин жаңыртып, JW Library программасынын эң акыркы версиясын колдонуп жатканыңызга ынаныңыз.

Электрондук каражатыңызда Windows иштетүү системинин эң акыркы версиясы болгону жакшы. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемелерди басыңыз:

Электрондук каражатыңыздын жөндөөлөрүнө кирип, иштетүү системин автоматтык түрдө жаңырткан функцияны күйгүзүп койсоңуз болот. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемени басыңыз: http://windows.microsoft.com/en-gb/windows-8/automatic-app-updates-help.