Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Өспүрүм баланы кантип тарбияласа болот?

Өспүрүм баланы кантип тарбияласа болот?

КӨЙГӨЙ

Үй-бүлөңөр менен 21:00дөн кийин эч ким телефон менен сүйлөшпөйт деп чечкенсиңер, бирок ушул жумада эле кызыңарды түн ортосунда SMS жазышып жаткан жеринен экинчи жолу кармап алдыңар. Уулуңар үйгө 22:00дө келиши керек болчу, бирок дагы 23:00дөн өткөндөн кийин келди.

Өспүрүм баланы тил алганга үйрөтсө болот. Бирок ан үчүн алгач анын эрежелерге эмне үчүн баш ийбей жатканын билип алганыңар оң. Ошондо жагдай силер ойлогондой анчалык деле коркунучтуу эмес экенин түшүнөсүңөр.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Айкын болбогон эрежелер. Өспүрүмдөрдүн айрымдары эрежелерди бузса, эмне болорун билгиси келгендиктен эле эрежелерди бузушу мүмкүн. Мисалы, ата-энеси баласына туура эмес иш кылганда, кантип жазалаарын айтса, баласы ата-энесинин айтканындай кылар-кылбасын текшерип көргүсү келиши ыктымал. Мындай баланы ээн баш болуп баратат деп айтууга болобу? Андай деп деле айтууга болбойт. Өспүрүм балдар туура эмес кылганы үчүн бирде жазаланып, бирде жазаланбаса жана эрежелер так-айкын болбосо, эрежелерди буза беришет.

Катуу кармоо. Айрым ата-энелер өспүрүм баласын көзөмөлдөш үчүн толгон-токой эрежелерди киргизишет. Баласы баш ийбей койсо, ачууланып, андан да көп эрежелерди бекитишет. Бирок мындай кылуунун натыйжасы жакшы болбойт. Өспүрүм балдарды тарбиялоо жөнүндөгү бир китепте мындай делет: «Катуураак кармаган сайын, балаңар ого бетер каршы боло баштайт. Муну тоңуп калган майды үбөлөнө берген жумшак нанга сыйпаганга салыштырса болот. Тоңгон май андай нанга сыйпалбайт, күчкө салып сыйпай берсе, нан үбөлөнүп калат. Ошо сыяктуу эле, балаңарды күчкө салып баш ийдиргенге аракет кылсаңар, жагдай ого бетер оордойт» («Parent/Teen Breakthrough»).

Туура тарбия берүүнүн натыйжасы жакшы болот. Тарбиялоо жазалоону эле эмес, насааттап-үйрөтүүнү да билдирет. Анда өспүрүм балаңарды эрежелерге баш ийгенге кантип үйрөтө аласыңар?

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Талабыңар айкын болсун. Өспүрүмдөр алардан эмне талап кылынарын жана баш ийбей койсо, кесепети кандай болорун айкын түшүнүшү керек. (Ыйык Китептеги принцип: Галатиялыктар 6:7.)

Сунуш: Эрежелердин тизмесин түзгүлө. Андан соң: «Эрежелер көп болуп кеткен жокпу? Же аз болуп калдыбы? Айрымдарын алып салсам болобу? Баламдын жоопкерчиликтүү боло баштаганына жараша айрым эрежелерди өзгөртүшүм керекпи?» — деп ойлонуп көргүлө.

Айтканыңарга кармангыла. Өспүрүмдөр бир эле эрежени бир нече жолу бузуп, бирок бирде жазаланып, бирде жазаланбаса, башы маң болушу мүмкүн. (Ыйык Китептеги принцип: Матай 5:37.)

Сунуш: Балаңардын туура эмес кылганына көз жумуп койбой, ар бир «кылмышынын» кесепетин сөзсүз тартарын түшүнгөнгө жардам бергиле. Мисалы, ал белгиленген убакыттан кеч келсе, кийинки жолу эрте келишин талап кылсаңар болот.

Эстүү болгула. Балаңар жоопкерчиликтүү экенин далилдегенден кийин, ага көбүрөөк эркиндик бергениңер эстүүлүккө жатат. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 4:5.)

Сунуш: Өспүрүм балаңар менен эрежелерди талкуулагыла. Кайсы бир эрежеге баш ийбей койсо кандай чара көрүлүшү керектигине байланыштуу оюн уксаңар болот. Өспүрүмдөр түзгөнгө өздөрү катышкан эрежелерге көбүрөөк баш ийишет.

Мүнөзүн калыптагыла. Максатыңар балаңарды эрежелерге баш ийгенге үйрөтүү эле эмес, ага абийирин тарбиялоого жардам берүү, тактап айтканда, жаман менен жакшыны ажыратуу жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берүү болуш керек. («Жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам бергиле» деген кутучаны карагыла.) (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 3:16.)

Сунуш: Кеңештерди Ыйык Китептен издегиле. Анда «түшүнүккө... ээ кыла турган акыл-насааттар», «тажрыйбасыздарга акыл, жаштарга билим» бере турган жана алардын «ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтө турган кеп-кеңештер жазылган (Накыл сөздөр 1:1—4).