Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Улуу Кир

Улуу Кир

Б.з.ч. 539-жылдын октябрь айынын бешинен алтысына караган түнү Вавилон (Ыйык Китепте Бабыл) империясынын борбор шаары Вавилондо эч кимдин оюна келбеген окуя болгон. Тарых барактарына жазылып калган ошол түнү мидиялыктар менен перстер Вавилонду басып алышкан. Аларды Улуу Кир (Ыйык Китепте Кореш) деп белгилүү болгон Персиянын падышасы Кир баштап барган. Анын согуш жүргүзүү ыкмасы мыкты болгон.

КИРДИН ВАВИЛОНДУ БАСЫП АЛЫШЫ

Байыркы шаарлар жөнүндөгү бир китепте: «Кир Вавилонго көз артып, аны басып алууну ойлогон маалда Вавилон Ортоңку Чыгыштагы, балким, дүйнө жүзүндөгү гүлдөп-өскөн шаарлардын бири болгон»,— делет («Ancient World Leaders—Cyrus the Great»). Евфрат дарыясы Вавилонду аралап акчу. Ошондой эле шаарды курчап турган бийик дубалдын айланасындагы каналга ошол дарыядан суу келчү. Шаардын дубалы бийик болгондуктан жана суу менен курчалгандыктан, Вавилонду эч ким басып ала албачудай көрүнчү.

Кирдин жоокерлери Евфрат дарыясынын нугун башка жакка буруп коюшкандыктан, суу акырындап азая берген. Анан алар азайып калган сууну кечип өтүп, Вавилондун ачык калган дарбазасынан кирип барышкан да, шаарды эч каршылыксыз эле басып алышкан. Грек тарыхчылары Геродот менен Ксенофонттун жазгандарына ылайык, вавилондуктар шаардын ичинен өздөрүн коопсуз сезгендиктен ошол түнү көптөр, падышасы баш болуп, майрамдап жатышкан. ( «Кол менен дубалга жазылган жазуу» деген кутучаны карагыла.) Кир Вавилонду басып алганда, пайгамбарлардын алдын ала жазгандары аткарылган.

Cyrus’ conquest of Babylon was foretold in the Bible

 ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АЙТКАНДАРЫ

Ышая пайгамбардын айткандары өзгөчө таң калтырат, себеби алар 200 жылдай мурун эле, кыязы, Кир төрөлгөнгө чейин 150 жыл мурун айтылган. Анда төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар:

  • Вавилонду Кир аттуу киши басып алмак жана жүйүттөрдү кулчулуктан бошотмок (Ышая 44:28; 45:1).

  • Евфрат дарыясы соолуп, Кирдин аскерине жол ачылмак (Ышая 44:27).

  • Шаардын дарбазалары ачык калмак (Ышая 45:1).

  • Вавилондун аскери согушсуз эле багынып бермек (Жеремия 51:30; Ышая 13:1, 7).

КУЛЧУЛУКТАН БОШОНУУ

Вавилон аскери б.з.ч. 607-жылы Иерусалимдин таш-талканын чыгарып, тирүү калгандардын көбүн туткундап кеткен. Жүйүттөр туткунда канча жүрүшмөк? Кудай: «Жетимиш жылдан кийин мен Бабыл падышасын да, ошол элди да жоопко тартам... жерин... түбөлүккө ээн калтырам»,— деген (Жеремия 25:12).

Жогоруда айтылгандай, Кир Вавилонду б.з.ч. 539-жылы каратып алган. Ошондон көп өтпөй эле ал жүйүттөрдү кулчулуктан бошоткон. Жүйүттөр туткун болуп кеткенинен туура 70 жыл өткөндөн кийин, б.з.ч. 537-жылы, мекенине кайтып келе башташкан (Эзра 1:1—4). Вавилон болсо, акыры, «ээн калган». Ошентип, Ыйык Китепте айтылгандар дагы бир жолу так аткарылган.

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗЫКТЫРЫШЫ КЕРЕК?

Көңүл бурсаңар: Ыйык Китепте 1) жүйүттөрдүн 70 жыл туткунда болору, 2) Вавилонду Кир аттуу киши басып алары жана анын кандай ыкманы колдонору, 3) Вавилондун таптакыр ээн калары алдын ала айтылган. Мындай нерселерди адам алдын ала биле албайт болчу! Андыктан: «Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес, аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— деп жыйынтык чыгаруу акылдуулукка жатат (2 Петир 1:21). Ырас, Ыйык Китеп — изилдеп чыгууга арзый турган китеп!

^ абз. 36 Бул сөздөр тыйындын салмагына карата колдонулат. Көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебинин 7-бөлүмүн карагыла.