Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттар

АКШнын улуттук коопсуздук департаментинин билдирүүсүнө ылайык, акыркы он жылдан ашуун убакыттын ичинде аэропорттогу коопсуздук кызматкерлери учакка түшкөндө алып жүрүүгө тыюу салынган нерселердин 50 миллиондоюн кармашкан. 2011-жылдын ичинде эле коопсуздук кызматкерлери жүргүнчүлөрдөн 1200дөн көп ок атуучу курал тартып алышкан. Андай куралдарды алып жүргөндөрдүн көбү курал алып жүрүшкөнүн жөн гана унутуп калышканын айтышкан.

Бразилия

Окуучулардын сабактан качышын токтотуу максатында билим берүү министрлиги тарабынан мектеп формаларына электрондук чиптер тагыла баштады. Бул ата-энелерге балдарынын мектепке барган-барбаганын билгенге жардам берет. Бала мектепке барганда, ата-энесине баласынын мектепке келгенин, ал эми 20 мүнөттөн ашык кечигип жатса, келбегенин билдирген маалымат жөнөтүлөт.

Норвегия

Лютеран чиркөөсү мындан ары Норвегиянын мамлекеттик дини болбойт. Норвегиянын парламенти биринчи жолу конституцияны өзгөртүүгө жана чиркөөнүн мамлекеттин иштерине көп кийлигишпешине добуш берди.

Чех республикасы

Бир сурамжылоого катышкан Чех республикасындагы жумушчулардын үчтөн эки бөлүгү жумушта болбогон учурда да жумушка байланыштуу телефон чалгандарга, электрондук кат жана SMS жөнөткөндөргө жооп беришерин айтышкан. Үчтөн көп бөлүгү аларга жооп бербей коюуну туура эмес деп эсептешет.

Индия

Индияда 20 жылдан ашуун убакыттын ичинде азык-түлүктү өндүрүү дээрлик 50 пайызга өссө да, күрүч менен буудайдын 71 миллион тонна кору бар болсо да, эл азык-түлүккө жетпей келет. Элге кордогу дандын 40 пайыздайы гана берилет. Буга башка нерселер менен бирге паракорчулук жана ысырапкорчулук себеп болууда.