1 Корунттуктар 10:1—33

10  Бир туугандар, буларды билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында болуп+, баары деңизден өтүшкөн+,  баары булут астында деңизден өтүп, Муса+ менен биримдикте чөмүлтүлүшкөн,  баары бирдей рухий тамак жешкен+,  баары бирдей рухий суу ичишкен+. Алар өздөрүнүн артынан келаткан рухий аскадан ичишкен+. Ал аска+ Машаяк болчу+.  Бирок көбү Кудайды нааразы кылгандыктан+ чөлдө кырылып калган+.  Аларга окшоп жамандыкты эңсебешибиз үчүн+, бул бизге сабак болуп калды.  Кээ бирлерине окшоп бурканга табынбагыла+. Алар жөнүндө Ыйык Жазмада: «Эл ичип-жегени отурду. Анан туруп, көңүл ача башташты»,— деп жазылган+.  Айрымдарына окшоп бузуктук кылбайлы+; бузуктук кылышканынын айынан бир күндө алардын 23 миңи кырылган+.  Кээ бирлерине окшоп Жахабаны сынабайлы+; аны сынагандарды+ жыландар чагып өлтүргөн+. 10  Айрымдарына окшоп наалыбагыла; наалыгандар+ кыйратуучунун колунан өлүшкөн+. 11  Алардын башынан өткөндүн баары башкаларга сабак болушу үчүн болгон, ал эми дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта+ жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган+. 12  Ошондуктан ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун+. 13  Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар+. Бирок Кудай ишенимдүү+; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт+. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт+. 14  Андыктан, сүйүктүү бир туугандарым, бурканга табынуучулуктан+ качкыла+. 15  Мен буларды силерге акыл-эстүү+ адамдар экениңерди билгендиктен айтып жатам. Ал эми айткандарымды өзүңөр таразалап көргүлө. 16  Биз ыраазычылык билдирген ыраазычылык чөйчөгү+ Машаяктын канынын бизге пайда алып келерин билдирбейби? Ошондой эле биз сындырып жаткан нан+ Машаяктын денесинин бизге пайда алып келерин билдирбейби?+ 17  Нан бирөө болгондуктан, көп болгонубузга карабай+ биз да бир денебиз+, анткени баарыбыз бир нандан жеп жатабыз+. 18  Ысрайыл элин+ карагылачы: курмандыктардан жегендер курмандык жайы менен үлүштөш эмеспи?+ 19  Муну менен эмне айткым келет? Бурканга багышталган курмандыктын же буркандын өзүнүн кандайдыр бир мааниге ээ экенинби?+ 20  Жок. Айтайын дегеним, башка элдер чалган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат+. Мен болсо силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм+. 21  Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар+; бир эле учурда «Жахабанын дасторконунан» да+, жиндердин дасторконунан да тамактана албайсыңар. 22  Же «Жахабаны кызганткыбыз» келеби?+ Биз, эмне, андан күчтүү белек?+ 23  Менин баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу эмес+. Баарын кылууга укугум бар+, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт+. 24  Ар бир адам өзүнүн эмес+, башканын пайдасын көздөсүн+. 25  Эт базарында сатылгандын баарын таза абийир менен+, сураштырбай жей бергиле+. 26  Анткени «жер жана андагынын баары+ Жахабага таандык»+. 27  Ишенимдеш эмес бирөө конокко чакырса, аныкына барганда алдыңарга коюлгандын баарын таза абийир менен+, сураштырбай жей бергиле+. 28  Бирок кимдир бирөө: «Бул — курмандыкка чалынган тамак»,— деп калса, анда айткан киши үчүн жана абийир таза болушу үчүн, аны жебегиле+. 29  Мен силердин эмес, башканын абийирин айтып жатам. Бирөөнүн абийиринен улам эркиндигимдин сындалышына жол берип эмне кылам?+ 30  Эгер тамакты Кудайга ыраазычылык билдирип жесем, анда ыраазычылык билдирип жеген тамагым үчүн эмнеге айыпталышым керек?+ 31  Ошондуктан жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла+. 32  Жүйүттөрдүн да, гректердин да, Кудайдын жыйналышынын да мүдүрүлүшүнө себепкер болбогула+. 33  Мен да өзүмдүн эмес+, көптөрдүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калышы үчүн+, баарына бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам+.

Шилтемелер