Матай 5:1—48

5  Калың элди көрүп, Иса тоого чыкты. Ал отургандан кийин, жанына шакирттери келди.  Ошондо ал мындай деп насаат айта баштады:  «Рухий муктаждыгын сезгендер* бактылуу+, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык+.  Кайгыргандар бактылуу, анткени алар сооронушат+.  Мүнөзү жумшактар* бактылуу+, анткени алар жерди мурасташат+.  Адилдикти эңсегендер* бактылуу+, анткени алар канааттанышат+.  Кайрымдуулар бактылуу+, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт.  Жүрөгү тазалар бактылуу+, анткени алар Кудайды көрүшөт+.  Тынчтыкка умтулгандар* бактылуу+, анткени алар Кудайдын уулдары деп аталышат+. 10  Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу+, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык. 11  Мен үчүн кордук көрсөңөр+, куугунтукталсаңар+ жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар. 12  Кубанып-шаттангыла+, анткени асмандагы сыйлыгыңар+ чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан+. 13  Силер жердин тузусуңар+. Туз күчүн жоготсо, аны кантип калыбына келтирүүгө болот? Ал ыргытылып+, тепсендиде калгандан башка эч нерсеге жарабай калат. 14  Силер дүйнөнүн жарыгысыңар+. Тоонун үстүнө жайгашкан шаар көрүнбөй калбайт. 15  Адамдар чыракты күйгүзүп, үстүнө өлчөгүч идишти көмкөрүп коюшпайт+, аны чыракпаяга коюшат. Ошондо жарык үйдүн ичиндегилердин баарына тиет. 16  Башкалар жакшы иштериңерди көрүп+, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн+, силердин да жарыгыңар+ алардын алдында жаркырап турсун. 17  Мени Мыйзамды же пайгамбарлардын сөздөрүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула+. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим+. 18  Силерге айтып коёюн, асман менен жер жок болуп кеткен күндө да+, Мыйзамдын эң кичинекей тамгасы, атүгүл тамганын бир сызыгы да жок болбойт, баары аткарылат+. 19  Ошондуктан кимде-ким андагы эң кичинекей осуяттардын бирин бузса+ жана башкаларды да ошого үйрөтсө, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыксыз болот*+. Ал эми ким аларды аткарса жана башкаларды да ошого үйрөтсө+, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыктуу деп табылат*+. 20  Силерге айтып коёюн, эгерде адилдигиңер китепчилер менен фарисейлердикинен жогору болбосо+, асман Падышалыгына кирбейсиңер+. 21  Байыркы убакта жашагандарга: „Киши өлтүрбө+. Ким киши өлтүрсө+, ал сот алдында жооп берет“+,— деп айтылганын уккансыңар. 22  Мен болсо силерге мындай дейм: бир тууганына каарданганын токтотпогон ар бир адам+ сот алдында жооп берет+; ким бир тууганын оозго алгыс сөздөр менен кордосо, ал Жогорку соттун* алдында жооп берет, ал эми ким бир тууганына: „Жеткен акылсызсың!“ — десе, ал оттуу гээнага* ташталат+. 23  Курмандык жайына* курмандык алып келгениңде+, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең+, 24  курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш+, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал+. 25  Сага каршы арызданган адам+ менен сотко баратканыңда эле элдешип ал, болбосо ал сени сотко, сот болсо өкүмдү ишке ашыруучуга өткөрүп берет да, түрмөгө түшөсүң. 26  Сага айтып коёюн, сокур тыйыныңа чейин төлөп бермейин, ал жерден чыкпайсың+. 27  Силер: „Ойноштук кылба“+,— деп айтылганын уккансыңар. 28  Мен болсо силерге мындай дейм: аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам+ жүрөгүндө+ аны менен ойноштук кылган болот+. 29  Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер+. Себеби бүт денең гээнага ыргытылгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы+. 30  Ошондой эле оң колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер+. Себеби бүт денең гээнага ташталгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы. 31  Андан сырткары: „Аялы менен ажырашкан адам+ ага талак кат жазып берсин“+,— деп айтылган. 32  Мен болсо силерге мындай дейм: аялы менен бузуктуктан+ башка себеп менен ажырашкан ар бир адам анын ойноштук кылышына себепкер болот+ жана ажырашкан аялга* үйлөнгөн адам ойноштук кылган болот+. 33  Ошондой эле байыркы убакта жашагандарга: „Антыңды бузба+, Жахабага берген антыңды аткар“+,— деп айтылганын уккансыңар. 34  Мен болсо силерге мындай дейм: такыр ант бербе+; асманды оозанып ант бербе, анткени ал — Кудайдын тактысы+, 35  жерди оозанып да ант бербе, анткени ал — Анын таман асты+, Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал — улуу Падышанын шаары+. 36  Башыңды оозанып да ант бербе, анткени чачыңдын бир талын да кара же ак кыла албайсың. 37  „Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин+, мындан башканын баары кара өзгөйдөн*+. 38  Силер: „Көзгө көз, тишке тиш“+,— деп айтылганын уккансыңар. 39  Мен болсо силерге мындай дейм: жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер+. 40  Ошондой эле кимдир бирөө сени менен соттошуп, ички кийимиңди алгысы келсе, ага сырт кийимиңди да бер+. 41  Бийлиги бар бирөө сени бир чакырым* жол жүрүүгө мажбурласа, аны менен эки чакырым жол жүр+. 42  Сураган адамга бер, карыз алгысы келгенден жүзүңдү бурба+. 43  Силер: „Жакыныңды сүй+, душманыңды жек көр“+,— деп айтылганын уккансыңар. 44  Мен болсо силерге мындай дейм: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү+ жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула+. 45  Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар+, себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат+. 46  Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык?+ Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. 47  Ошондой эле бир туугандарыңар менен гана учурашсаңар, кандай өзгөчө иш кылган болосуңар? Башка элдер деле ошентишет эмеспи. 48  Андыктан асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула+.

Шилтемелер

Же: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр»; «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «Адилдикке ачка болуп, суусагандар».
Сөзмө-сөз: «тынчтык жаратуучулар».
Сөзмө-сөз: «асман Падышалыгында „улуу“ деп аталат».
Сөзмө-сөз: «асман Падышалыгында „эң кичинекей“ деп аталат».
Иерусалимдин сыртындагы таштандылар өрттөлгөн жай. Кара: 9-тирк.
Жүйүттөрдүн жогорку соту.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Бузуктуктан башка себеп менен ажырашкан аялга.
Шайтан.
Сөзмө-сөз: «миля». Рим милясы 1 479,5 метрге барабар. Кара: 13-тирк.