Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кумар оюндары

Кумар оюндары

Айрымдар кумар оюндарынын эч кандай жаман жери жок дешет. Башкалары аны абдан залакалуу деп эсептешет.

Кумар оюндарынын эмнеси жаман?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр кумар оюндарын, эгер алар мыйзамдаштырылган болсо, тек гана зыянсыз көңүл ачуу катары көрүшөт. Алсак, андай оюндарга коомчулукка пайдалуу программаларды каржылаган жана өкмөт өзү демөөрчүлүк кылган лотереялар кирет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте кумар оюндары жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Бирок анда Кудайдын ага карата көз карашын билүүгө жардам берген принциптер камтылган.

Негизи, кумар ойноонун максаты — башкалардын эсебинен акчалуу болуу. Ал эми Ыйык Китепте: «Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула»,— деген эскертүү жазылган (Лука 12:15). Чынында, кумар ойноого адамдын ач көздүгү себеп болот. Андай оюндарды уюштургандар оңой акча табууну каалагандар кыялына жетеленип, казинолордо чоң акча саюуга даяр экенин билгендиктен чоң утушту жарнамалашат. Демек, кумар оюндары ач көздүктү тыйбай эле, ого бетер күчөтөт.

Алардын өзөгүндө өзүмчүлдүк — башкалар уттуруп ийген акчаны утуп алууну самоо — жатат. Ыйык Китеп болсо адамды «өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөөгө» үндөйт (1 Корунттуктар 10:24). Андан тышкары, Кудайдын осуяттарынын биринде: «[Жакыныңа]... таандык бир да нерсеге көз артпа»,— делет (Чыгуу 20:17). Чын-чынына келгенде, утушка ээ болууну көздөп жаткан киши башкалардын утулушун каалап жаткан болот.

Ошондой эле Ыйык Китеп бизге ийгиликти адамды жолдуу кыла турган кандайдыр бир сырдуу күч катары көрүп алуудан сак болушубуз керектигин эскертет. Мисалы, байыркы Ысрайылда айрымдар чыныгы Кудайга ишенүүнүн ордуна, «Кут кудайына дасторкон жайып», ага сыйынышканда, Кудай аларга: «Силер менин көз алдымда жамандык кылып, мага жакпаган нерселерди тандап алгансыңар»,— деп айткан (Ышая 65:11, 12).

Кээ бир өлкөлөрдө мыйзамдаштырылган кумар оюндарынан түшкөн каражаттын билим берүү ишине, экономиканы өнүктүрүүгө жана башка коомдук программаларга жумшалары чын. Бирок кептин баары ошол каражаттын кандай жол менен табылып жатканында. Андай акча ач көздүккө, өзүмчүлдүккө түздөн-түз шыкак болгон, ошондой эле эмгектенбей эле акча табууга азгырган оюндардан түшөт.

«[Жакыныңа]... таандык бир да нерсеге көз артпа» (Чыгуу 20:17).

Кишиге кандай таасир этет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китеп: «Баюуга умтулгандар азгырылып, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет»,— деп эскертет (1 Тиметей 6:9). Кумар оюндары ач көздүктөн тамыр алат, ал эми ач көздүк кишини бузат. Ошондуктан ал Ыйык Китепте биз жаа бою качышыбыз керек болгон нерселердин катарына кошулган (Эфестиктер 5:3).

Оңой жол менен акча табууга багытталган кумар оюндары акчаны сүйдүрө баштайт. Ал эми акчага болгон сүйүү Ыйык Китепте «бүт жамандыктын тамыры» экени айтылат. Акчалуу болууну көксөө адамдын жашоосун машакаттуу кылып, Кудайга болгон ишенимин да солгундатып коё алгандыктан, анын таасири күч деп айтууга болот. Ыйык Китепте акчаны сүйүп, анын тузагына түшүп калгандар «көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашары» айтылган (1 Тиметей 6:10).

Ач көздүк кишини тойбос кылып коёт. Андай киши колунда болгонуна эч качан ыраазы болбойт жана эч качан бактылуу боло албайт. Бул туурасында Ыйык Китепте: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт»,— деп айтылат (Насаатчы 5:10).

Миллиондогондор кумар оюндарына азгырылып отуруп акыры анын кулуна айланышат. Бул көйгөйдүн дүйнө жүзү боюнча канчалык кеңири жайылганын, бир изилдөө көрсөткөндөй, Кошмо Штаттардын өзүндө эле кумарпоздордун миллиондоп саналары тастыктап турат.

Ыйык Китепте: «Башында ач көздүк менен алынган мураска кийин бата тийбейт»,— деген жакшы сөз бар (Накыл сөздөр 20:21). Кумарпоздор карызга белчесинен батып, атүгүл бардык мүлкүнөн ажырап калышат. Андан тышкары, көбү жумушунан, үй-бүлөсүнөн, досторунан айрылат. Ал эми Ыйык Китептеги принциптерге карманган киши кумар ойноонун кесепеттеринен тышкары болуп, бактылуу жашай алат.

«Баюуга умтулгандар азгырылып, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет» (1 Тиметей 6:9).