Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте акчага, карызга байланышкан кеңештер берилеби?

Ыйык Китепте акчага, карызга байланышкан кеңештер берилеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте акчаны колдонууга жана карызга байланышкан кандай төрт принцип бар экенин карап көрөлү.

  1.   Акчаны каякка короторуңузду ойлонуштуруп алыңыз. Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Бир нерсени сатып алганга шашпаңыз. Эмне аларыңызды алдын ала ойлонуштуруп, бюджет түзүп алыңыз да, ага бекем карманыңыз.

  2.   Зарыл болбосо, карыз албаңыз. Ыйык Китепте мындай делет: «Карыздар — карыз бергендин кулу» (Накыл сөздөр 22:7). Эгер карызыңыз бар болсо жана аны убагында төлөй албачудай болуп жатсаңыз, карыз бергендерге жагдайды түшүндүрүп, балким, карыз төлөөнүн айрым шарттарын өзгөртүүнү суранып көрөттүрсүз. Андайда, Накыл сөздөр 6:1—5-аяттарда айтылган кишиге окшоп, талыкпай иш-аракет кылышыңыз керек. Ал жерде андай кишиге: «Момундук менен жакыныңа жалынып-жалбар. Көз ирмебе, кирпик какпа»,— деп кеңеш берилет. Андыктан сүйлөшкөнүңүздөн эч кандай майнап чыкпай жатса да, багынбаңыз.

  3.   Акчаны биринчи орунга койбоңуз. Ыйык Китепте: «Ач көз киши байлыктын артынан сая түшөт, бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:22). Ач көздүк жокчулукка алып баргандан тышкары, адамдын Кудай менен болгон мамилесин да бузушу мүмкүн.

  4.   Колдо бар нерсеге ыраазы болуңуз. Ыйык Китепте: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп айтылат (1 Тиметей 6:8). Эмне себептен Ыйык Китепте ушундай кеңеш берилген? Анткени акчасы болсо эле, адам бактылуу болуп, телегейи тегиз жашайт деп айтууга болбойт. Чынында, дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардын арасында байлар анчалык деле көп эмес. Алардын байлыгы — үй-бүлөсү менен досторунун сүйүүсү жана эң негизгиси, Кудай менен болгон достугу (Накыл сөздөр 15:17; 1 Петир 5:6, 7).