Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Чындап байыткан баалуулуктар

Чындап байыткан баалуулуктар

Кристина көргөн көзүнө ишене албай турат. Ал жаңы эле аябай көп акча салынган кара баштык таап алды. Андай акчаны ал 20 жылдан ашык убакыт бою иштеп араң тапмак. Бирок аны ким жоготконун билет. Кристина эмне кылышы керек? Силер эмне кылат элеңер? Эмне деп жооп бергениңерден чынчылдыкка кандай караарыңар билинет.

Баалуулуктар деген эмне? Туура, маанилүү деп эсептелген адеп-ахлактык жана этикалык принциптер. Алар өз ичине кечиримдүүлүктү, чынчылдыкты, сүйүүнү, өмүрдү баалоону, өзүн өзү тыя билүүнү камтыйт. Баалуулуктар жүрүм-турумубузга, жашоодо эмнени биринчи орунга коёрубузга, башкалар менен болгон мамилебизге, балдарыбызга адеп-ахлак жагынан кандай тарбия берерибизге таасир этет. Бирок өйдөдө саналып өткөндөр маанилүүлүгүнө карабай барган сайын төмөндөөдө.

БААЛУУЛУКТАРДЫН ТӨМӨНДӨШҮ

2008-жылы Кошмо Штаттарда изилдөөчүлөр жүздөгөн жаштардан адеп-ахлактыкка байланыштуу баалуулуктарга кандай караарын сурашкан. «Нью-Йорк таймс» гезитинде Дэвид Брукстун: «Алардын адеп-ахлактык жөнүндө аз ойлонуп, аз сүйлөшөрү жүрөктү оорутат»,— дегени жазылган. Ал жаштардын көбү зордуктоону, киши өлтүрүүнү туура эмес деп эсептешет, бирок «машинени ичип алып айдоону, мугалимдерди алдоону же түгөйлөшүнүн көзүнө чөп салууну жана башка ушу сыяктуу нерселерди жаман иштердин катарына кошушпайт». Бир жаш кыз: «Эмне туура, эмне туура эмес экени жөнүндө көп деле ойлонбойм»,— деп  айткан. Көптөр: «Кандай кылганың туура десең, ошондой кыла бер. Жүрөгүңдү тыңшап иш кыл»,— деген ойдо. Мындай көз карашта болуу туурабы?

Жүрөгүбүз башкаларды сүйгөнгө, боорукер болгонго түрткү берет, ошол эле учурда ал «эң эле митаам, өтө бузулган» (Жеремия 17:9). Адеп-ахлак нормаларынын бүт дүйнө жүзүндө төмөндөп баратканы бул сөздөрдүн анык экенин далилдейт. Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» көптөрдүн «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн,.. ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген,.. Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн» адамдардан болушары илгери эле айтылган (2 Тиметей 3:1—5).

Жогоруда айтылгандар, жүрөгүбүзгө таянып иш кылгандын ордуна, аны текшерип көргөнгө түрткү бериши керек. Себеби Ыйык Китепте: «Ким өз жүрөгүнө таянса, ал акылсыз»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:26). Компас туура багытты көрсөтүшү үчүн, аны тууралап туруу зарыл. Анын сыңарындай, жүрөгүбүз туура багыт бериши үчүн, аны адеп-ахлак нормаларынын жардамы менен тууралап турушубуз кажет. Аларды кайдан табууга болот? Көптөр Ыйык Китептен издешет, анткени анда бардыгы так, ачык жазылган.

ПАЙДАЛУУ БААЛУУЛУКТАР

Ыйык Китептеги баалуулуктар адамдардын пайдасы үчүн берилген. Келгиле, алардын айрымдарын — сүйүүнү, боорукердикти, марттыкты, чынчылдыкты — карап көрөлү.

Сүйүү.

Бир китепте: «Башкаларды сүйүүгө үйрөнсөк, бакыт өзү эле эшигибизди чертип келип калат»,— деп айтылат («Engineering Happiness—A New Approach for Building a Joyful Life»). Баарыбыз сүйүүгө муктажбыз. Ансыз чындап бактылуу боло албайбыз.

Ыйык Китепте эмне делет? Анда: «Сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү»,— делет (Колосалыктар 3:14). Ошол сөздөрдү жазган киши: «Эгер... менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деп да айткан (1 Корунттуктар 13:2).

Бул жерде сөз кылынган сүйүү махабат сезими эмес жана жылуу, назик сезимдерди туюну эле билдирбейт. Андай сүйүү бизге башына кыйынчылык түшкөн бейтааныш адамдарга бир нерсе үмүт этпей жардам берүүгө түрткү берет. Ыйык Китепте мындай делет: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт,.. баарына чыдайт» (1 Корунттуктар 13: 4—7).

Үй-бүлөдө ушундай сүйүү болбосо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары, өзгөчө, балдар жапа чегет. Мисалга Мониканы алалы. Ал бала кезинде ур-токмок көп жеген, эмоциялык жактан аябай кыйналган, жыныстык зордук-зомбулукка да кабылган. Моника: «Мени эч ким жакшы көрчү эмес, жакшылыктан үмүтүмдү үзүп койгом»,— дейт. Бирок 15ке чыкканда ал Жахабанын Күбөсү болгон тай атасы менен тай энесиникине көчүп барган.

«2 жылдын ичинде эле алар мени уялчаак болбой башкалар менен тил табыша билгенге, сүйүү өрчүткөнгө, камкор болгонго үйрөтүштү. Мага эл сыйлаган адам болуп  чоңойгонго да жардам беришти»,— дейт Моника. Учурда ал жолдошу, үч баласы менен бактылуу өмүр сүрүп жатат. Ошондой эле үй-бүлөсү менен бирге башкаларга болгон сүйүүсүн далилдеп Ыйык Китептеги кабарды айтууда.

Дүнүйөкорлук, башкача айтканда, байлыкка умтулуу жана ыракат алуу жашоодогу эң баалуу нерсе деген көз караш — сүйүүнүн анча билинбеген «душманы». Жүргүзүлгөн изилдөөлөр бактылуу болуш үчүн көп нерсенин деле кереги жок экендигин, байлык адамды бактылуу кыла албасын көрсөтүп турат. Дүнүйө-мүлктү жашоодогу эң баалуу нерсе деп эсептегендер, чынында, бактысыз жашоого негиз салып жатышат. Ыйык Китепте да ошондой экени жазылган. Анда: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт. Бул да убаракерчилик»,— делет (Насаатчы 5:10). Ошондой эле: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула»,— деп жазылат (Еврейлер 13:5).

Боорукердик, марттык.

Калифорния университетиндеги (Беркли, АКШ) бир илимий борбор тарабынан басылып чыккан макалада: «Дүкөн кыдырып жүрүп өмүр бою созула турган бакытты сатып ала алсаң, кандай сонун болмок! Бул куру кыялдай сезилиши мүмкүн. Бирок сатып алган нерсең бере турган адамыңа жакса, өзүңдү бактылуу сезесиң»,— деп жазылган («The Greater Good Science Center»). Ооба, адам алганда эмес, бергенде бактылуу болот.

Ыйык Китепте эмне делет? Анда: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп жазылат (Элчилер 20:35).

Башкаларга бере ала турган нерселердин ичинен эң баалуусу биз өзүбүзбүз, башкача айтканда, убактыбыз, күчүбүз. Мисалы, Карен деген келин бир жолу машинеси менен кетип баратканда эки кызы менен машинеси бузулуп, жол жээкте отурган аялды көрүп, токтойт. Ал аял бир кызы экөө учакка кечигип жатышкан экен, бирок алардын машинеси жүрбөй, чакырган такси да кечигип жатыптыр. Аэропортко чейин 45 мүнөттүк жол болсо да, Карен аларды жеткирип коюуну айткан. Ошентип, аларды жеткирип келатып Карен ал аялдын берки кызы унаа токтоочу жайда дагы деле бирөөнү күтүп отурганын көрөт.

— Жолдошум жолдо келатат,— дейт ал.

— Аа, жакшы. Мен болсо Падышалык залынын короосундагы иштерди кылганы бараткам,— дейт Карен ага.

— Сиз Жахабанын Күбөсүсүзбү? — деп сурайт ал.

Карен ага Жахабанын Күбөсү экенин айткандан кийин, экөө дагы бир аз сүйлөшүп туруп калышат.

Бир нече жумадан кийин Карен электрондук кат алат. Ал катта мындай деп жазылган: «Апам экөөбүз жакшылыгыңызды унутпайбыз. Сиз болбосоңуз, барчу жерибизге жете албай калмакпыз. Эжем Жахабанын Күбөсү экениңизди айтканда, эмне үчүн жакшылык кылганыңызды түшүндүм. Апам — Жахабанын Күбөсү, мен болсо Жахаба Кудайга кызмат кылбай калгам. Бирок жакында кайрадан кызмат кылайын деп жатам». Карен өзүнүн ишенимдештерине жардам бергенин билгенде төбөсү көккө жете сүйүнүп, ыйлап жиберген.

Жазуучу Чарльз Д. Уорнер: «Бирөөгө чын жүрөктөн жардам берген киши өзүнө да жардам берген болот. Бул — жашообузга  мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн бири»,— деген. Ооба, Кудай адамдарды өзүмчүл эмес, анын кереметтүү сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башталыш 1:27).

Чынчылдык.

Бул — маданияты өнүккөн коомдун негизги этикалык баалуулугу. Чынчылдык жок болсо, коркунуч, ишенбестик пайда болот, коомчулук бузулат.

Ыйык Китепте эмне делет? Анда: «Сенин [Кудайдын] чатырыңда ким конок боло алат?.. Кынтыксыз жүргөн, адил иш кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн адам»,— деп жазылган (Забур 15:1, 2). Ырас, биз карап өткөн башка сапаттардай эле, чынчылдык — адамдын табиятына мүнөздүү сапат. Ал белгилүү бир жагдайларда же пайдасы тие турган учурларда эле чагылдырылбайт.

Акча таап алган Кристинанын мисалын эстесеңер. Ал байлыкка жетүүнү эмес, чын жүрөктөн Кудайга жагууну көздөчү. Ошондуктан акчасын жоготуп алган ишкер келгенде, Кристина ага акчасын таап алганын айткан. Анын чынчылдыгына тиги киши аябай таң калган. Ошондон кийин Кристинанын жумуш берүүчүсү аны жумуш ордунан көтөрүп, жооптуу кызматка — кампанын башчысы — кылып дайындаган. Бул окуя Ыйык Китептеги: «Ким жашоодон кубаныч алып, жакшы күндөрдү көргүсү келсе,.. оозун жалгандыктан сактасын»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин көрсөтүп турат (1 Петир 3:10).

«ЖАКШЫ КИШИЛЕРДИН ЖОЛУ МЕНЕН ЖҮР»

Ыйык Китептеги адеп-ахлактыкка байланыштуу баалуулуктар Жаратканыбыздын бизди сүйөрүн далилдеп турат. Себеби алар «жакшы кишилердин жолу менен жүргөнгө» жардам берет (Накыл сөздөр 2:20; Ышая 48:17, 18). Аларга карманып жашасак, Кудайды сүйөрүбүздү далилдеп, мол бата алабыз. Ыйык Китепте: «[Кудайдын] жолунан чыкпа, ошондо, жерди мураска алышың үчүн, ал сени жогорулатат. Сен ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң»,— делет (Забур 37:34).

Ооба, Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына карманып жашагандарды эң сонун келечек — жамандык болбогон заман — күтүп турат! Ал китепте карап чыгышыбызга арзый турган баалуулуктар жазылган.