Элчилер 20:1—38

20  Козголоң басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакыртып, аларды бекемдеди. Анан коштошуп+, Македонияга барыш үчүн жолго чыкты+.  Ал жактагы аймактарды кыдырып, ишенимдештерин көп нерселерди айтып берип бекемдегенден кийин+ Грецияга барды.  Ал жерде үч ай жүргөн соң Сирияга сүзүп кетмекчи болду. Бирок жүйүттөрдүн аны кармаганы жатканын билип калгандыктан+ кайра Македония аркылуу кетип калууну чечти.  Аны бероялык Пурдун уулу Сопатыр+, тесалоникалык Аристарх+ менен Секундос, дербелик Гай, Тиметей+ жана азиялык Тихик+ менен Трофим+ коштоп жүрүштү.  Алар Троаска+ бизден мурун барып, ошол жерде күтүп турушту.  Биз болсо калама майрамынан+ кийин Филипиден кемеге отуруп, беш күн дегенде Троаска+ жеттик. Ал жерде баарыбыз жети күн болдук.  Жуманын биринчи күнү*+ тамактаныш үчүн чогулганыбызда, Пабыл эртеси күнү жолго чыга тургандыктан ал жердегилерге кайрылып сөз сүйлөдү. Ал түн ортосуна чейин сүйлөдү.  Биз чогулган үстүнкү бөлмөдө+ бир топ чырак күйүп турган.  Пабыл сүйлөп жатканда, терезеде отурган Эйтик деген жаш жигит катуу уктап кетип, үчүнчү кабаттан кулап түштү. Барып карашса — өлүп калыптыр. 10  Пабыл ылдый түшүп, баланын жанына барды да+, эңкейип, аны кучактап: «Ызы-чуу салбагыла, бала тирүү*»,— деди+. 11  Анан жогору чыгып, нан сындырып, тамактана баштады. Ал жердегилер менен бир топко чейин, таң атканга чейин, сүйлөшүп отурду да, андан кийин жолго чыкты. 12  Тирилген баланы болсо алып кетишти. Анын тирүү экенин көрүп, баары аябай сооронуп калышты. 13  Биз, Пабыл айткандай кылып, андан мурун кемеге отуруп, Ас шаарына жөнөдүк. Өзү болсо жөө бармай болду. Биз аны ошол жактан ала кетмекчи болдук. 14  Пабыл Аска келгенде, Мителенеге чогуу сүзүп кеттик. 15  Эртеси күнү ал жерден жолго чыгып, Хиоско жеттик. Кийинки күнү болсо Самоско бир азга токтодук да, анын эртеси Милетке бардык. 16  Пабыл убактысын Азияда коротпош үчүн Эфестен+ кыя өтүүнү туура көрдү. Анткени ал, мүмкүн болсо, Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде+ болуп калайын деп, шашып жатты. 17  Ал Милеттен Эфеске кабар берип, жыйналыш аксакалдарын+ чакыртты. 18  Алар келгенде, Пабыл мындай деди: «Мен Азияга+ келген күндөн тартып жаныңарда жүргөндө+ өзүмдү кандай алып жүргөнүмдү жакшы билесиңер. 19  Жүйүттөрдүн арам оюнан+ улам көптөгөн сыноолорго кабылып, көз жашымды төгүп, Теңирге* зор момундук менен+ кулдай кызмат кылдым+. 20  Ошондой эле силерге пайдалуу нерселерди айткандан, эл алдында жана үймө-үй кыдырып+ окуткандан баш тарткан жокмун+. 21  Ооба, мен жүйүттөргө да, гректерге да өкүнүүнүн+, Кудайга кайрылуунун жана Мырзабыз Исага ишенүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып, кылдат күбөлөндүрдүм+. 22  Эми болсо рухтун жетегине баш ийип+, Иерусалимге баратам. Ал жерде башыма эмнелер түшөрүн билбейм. 23  Бирок ыйык рух+ мени түрмө менен кыйынчылыктар күтүп турганын мага ар бир шаарда кайра-кайра айтып жатат+. 24  Бирок мен жанымды эч аябайм+. Кудайдын ырайымы тууралуу+ жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш үчүн жарышымдын аягына чыгып+, Мырзабыз Иса тапшырган+ кызматымды+ аягына чейин аткарсам эле болду. 25  Менден Падышалык жөнүндө кабар уккан баарыңардын жүзүмдү экинчи көрбөй турганыңарды билем. 26  Ошондуктан бүгүн силерди күбө болууга чакырам: мен эч кимдин канына забын эмесмин+, 27  анткени силерге Кудайдын эркин толугу менен жарыялоодон баш тарткан жокмун+. 28  Өзүңөргө+ жана бүт оторго+ сак болгула+. Кудайдын өз Уулунун каны менен сатып алган+ жыйналышын кайтарышыңар үчүн+, ыйык рух силерди оторго көзөмөлчү* кылып дайындаган+. 29  Мен кеткенден кийин, араңарга оторду аябаган ач* карышкырлардын+ кирерин билем. 30  Андан сырткары, шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн+ өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат+. 31  Ошондуктан сергек болгула жана көз жашымды төгүп, үч жыл бою+ ар бириңерге күн-түн дебей насаат айтканымды эсиңерден чыгарбагыла+. 32  Силерди Кудай жана анын ырайымы жөнүндөгү сөз коргосун+. Ал сөз силерди бекемдеп+, бардык ыйыкталгандар менен бирге мураска ээ кылат+. 33  Мен эч кимдин күмүшүнө, алтынына же кийимине көз арткан эмесмин+. 34  Өзүңөр билгендей эле, мына ушул колум менен өзүмдүн да+, жанымдагылардын да муктаждыктарын канааттандырып жүрдүм. 35  Ушинтип эмгектенип+, алсыздарга жардам бериш керектигин+ жана Мырзабыз Исанын: „Алганга караганда берген бактылуу“+,— деген сөздөрүн унутпаш керектигин силерге бардык жагынан көрсөттүм». 36  Ушуларды айткандан кийин Пабыл алар менен бирге тизелеп+, тиленди. 37  Анан баары буркурап ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап+ өпкүлөштү+. 38  Анткени аларды: «Жүзүмдү экинчи көрбөйсүңөр»,— деген сөздөрү+ өзгөчө кайгыртты. Андан кийин аны кемеге чейин узатып барышты+.

Шилтемелер

Мт 28:1дин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «анын жаны өзүндө».
Же: «Мырзабызга». Грек. Кириос.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Же: «жаалдуу».