Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Германия

2012-жылы Германиянын жогорку сотторунун бири мамлекеттин көзөмөлүндөгү чиркөөдөн расмий түрдө чыккандардын диний коомдун мүчөсү боло албасын билдирген. Расмий түрдө чиркөөдөн чыгып, салык төлөбөй калган, бирок дининен баш тартпаган католиктер чиркөө жөрөлгөлөрүнө катыша албашы, дин кызматчыга барып өкүнө албашы, чиркөө бирикмесине мүчө болбошу, атүгүл чиркөө салтына ылайык көмүлбөшү мүмкүн.

Дүйнө жүзү

Дүйнө жүзүндөгү диндерди изилдөөдө «эч бир динге таандык эмес» экенин билдирген, бирок сөзсүз деле атеист болбогон адамдардын саны 1,1 миллиардга жетери аныкталган. Алар 2,2 миллиард болгон христиандардан жана 1,6 миллиардга жеткен мусулмандардан кийин 3-орунда турат. Ал эми индуизм динин туткандар 4-орунда. Алардын саны болжол менен 1 миллиардга жакын.

Жапония

Жапон окумуштуулары «мактоо мээнин сыйлык алганда жооп кайтарган бөлүктөрүн активдештирип, кубаныч тартуулаган сезимди» пайда кыларын билдиришкен. Бул ачылыш мактоо адамды жакшы жакка өзгөргөнгө түрткү берет деген ойду далилдеп турат.

Боливия

2012-жылдын аягында Боливияда эл каттоо болуп өткөн. Эл так саналышы үчүн, каттоо жүргүзүлгөн күнү жарандардан үйлөрүндө болуу талап кылынган. Ошондой эле чек аралар жабылган, унаа айдоого жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган.

Италия

Бир сурамжылоодо италиялыктар балдары менен күнүнө орто эсеп менен 15 мүнөт ойноорун айтышкан. «5 ата-эненин 1и гана оюн аркылуу балдарын бир нерсеге үйрөтсө болот деген ойдо»,— делет бир гезитте («La Repubblica»). Үстөл оюндарын ойлоп тапкан Андреа Анжиолино ата-энелер оюн аркылуу балдарынын чыгармачылык жөндөмүн өрчүтүп, «эрежелерге баш ийгенге» үйрөтө алышарын айткан.