Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Өзүмчүл дүйнөдө балдарды камкор кылып чоңойтуу

Өзүмчүл дүйнөдө балдарды камкор кылып чоңойтуу

БИЗДЕ башкаларга жакшылык кылганга күн сайын мүмкүнчүлүк болуп турат. Бирок көптөр башкалардын камын ойлобостон, өз жыргалчылыгын гана көздөйт. Муну алдамчылыктын кулач жайганынан, адамдардын бири-бирине орой, катаал мамиле кылганынан, өзүн өзү кармай албаганынан көрүүгө болот.

Көптөгөн үй-бүлөлөрдө да өзүмчүлдүк өкүм сүрүп келет. Мисалы, айрым жубайлар өздөрүн жакшыраак нерсеге татыктуу деп эсептегени үчүн гана ажырашып жатышат. Атүгүл ата-энелер өздөрү билбей эле балдарын өзүмчүл кылып чоңойтуп алышы мүмкүн. Кандайча? Балдарды эч жазалабай, ою менен боло берсе, өзүмчүл болуп калат.

Балдарын башкалардын камын ойлогон адам кылып тарбиялоого аракет кылган ата-энелер да жок эмес. Ушундай тарбия берүүнүн пайдасы зор. Боорукер болуп чоңойгон андай балдар башкалар менен оңой тил табышып кетишет жана алардын достугу бекем болот. Ошондой эле алар болгонуна ыраазы болуп жашай алышат. Эмне үчүн? Мунун себеби Ыйык Китепте алганга караганда берген адам бактылуу экени айтылат (Элчилер 20:35).

Эгер силер ата-эне болсоңор, өз көмөчүнө күл тарткан адамдарга толгон бул дүйнөдө балаңарды канткенде боорукер, башкаларга кам көрө билген адам кылып чоңойто аласыңар? Анда келгиле, балдарды өзүмчүл болууга түрткөн 3 нерсеге жана алардан кантип качса болоруна токтололу.

 1. Өтө эле мактай берүү

Көйгөй. Изилдөөчүлөрдүн байкоосуна ылайык, жумушка орношкон учурдагы жаштар өздөрү жөнүндө жогору ойдо. Алар көп деле аракет кылбаса же эч нерсе кылбаса деле ийгиликке жетерине ишенишет. Айрымдары өз жумушун жакшы аткарганга аракет кылбай эле, жумуш ордунан бат эле көтөрүлгүсү келет. Дагы бирөөлөр болсо өздөрүн өзгөчө деп эсептешет жана башкалардын өзгөчө мамиле кылышын каалашат. Бирок баары алар ойлогондой эмес экенин түшүнгөндө, көңүлү чөгүп, турмуштун запкысын көтөрө албай калышат.

Себеби эмнеде? Адамдын өзү жөнүндө жогору ойдо болушуна алган тарбиясы себеп болуп калат. Мисалы, ата-энелердин айрымдарына акыркы он жылдыкта кеңири тараган, өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүтүүгө үндөгөн көз караш абдан таасир этип келген. Ал көз караштын негизинде: «Кичинекей эле мактоо балага жакшы таасир этсе, аны көп мактоо андан да жакшы таасир этет»,— деген ой жаткан. Ал эми баланын кемчилигин айтып, тилдөө шагын сындырып, көңүлүн чөгөрөт деп эсептелген. Өзүн сыйлоого көп басым жасалган дүйнөдө балага өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүткөнгө жардам бербеген ата-эне өз милдетин жакшы аткарбаган ата-эне деп саналып келген. Ата-энелерге балдар эч качан өздөрү жөнүндө жаман ойдо болбошу керек деген сыяктуу ойлор айтылган.

Ошондуктан ошол убактагы ата-энелердин көбү балдарын дайыма, атүгүл алар мактоого татырлык эч нерсе кылбаса да, өтө эле мактай беришчү. Балдары кичинекей жакшы иш кылышса, аларды сөзсүз майрамдатышчу. Ал эми туура эмес иш кылышса, канчалык олуттуу болбосун, көз жумуп коюшчу. Ал ата-энелер өзүн өзү сыйлоо сезимин өстүрүүнүн сыры жаман нерсеге көз жумуп, дайыма мактап турууда деген ойдо болушчу. Алар балдарына өздөрүн ишенимдүү сезгенге жардам бере турган иштерди кылганды үйрөткөнгө караганда балдарынын өздөрүн жакшы сезишине көп маани беришчү.

Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте ылайык болгон учурларда мактап туруу зарыл экени айтылат (Матай 25:19—21). Бирок балдарды кубантыш үчүн эле мактай берсе, алар өзүн башкалардан жогору эсептей башташы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо, ал өзүн өзү алдап жатат»,— делет (Галатиялыктар 6:3). Ошондой эле ата-энелерге: «Баланы жазасыз калтырба»,— деген кеңеш берилет * (Накыл сөздөр 23:13).

Эмне кылсаңар болот? Зарыл болгондо балаңарды оңдоп-түзөгүлө, ал эми чын эле мактай тургандай иш кылганда, мактагыла. Бирок балаңарды кубантыш үчүн эле өтө мактай бербегиле. Мунун натыйжасы жакшы болбойт. «Өзүмчүл муун» деген китепте: «Өзүн өзү сыйлоо сезими сени кимдир бирөө бар болгонуң үчүн эле мактаганда эмес, шык-жөндөмүңдү өрчүтүп, бир нерсеге үйрөнгөндө гана пайда болот»,— деп жазылган.

«Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна,.. өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула» (Римдиктер 12:3).

 2. Өтө эле коргой берүү

Көйгөй. Жумушка жаңы орношкон жаштардын көбү турмуштагы кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге даяр эместей көрүнөт. Алар сынга алынганда, аны көтөрө албай калышат. Башкалары болсо оңой менен эч нерсе жактырбайт жана оюндагыдай гана жумушка орношкусу келет. Мисалы, Жозеф Аллен деген профессор бир китебинде жумушка орношкону келип аны менен сүйлөшкөн бир баланын: «Жумуш кээде тажатып жибере турганын түшүнөм, бирок мен такыр тажатпай турган жумушта иштегим келет»,— деп айтканын жазган. Аллен мырза: «Ал таптакыр тажатпай турган жумуш болбой турганын түшүнбөйт окшойт. 23 жашка чыккыча ушуну билбейби?» — деген («Escaping the Endless Adolescence»).

Себеби эмнеде? Акыркы он жылдыкта көптөгөн ата-энелер балдарын турмуштун бардык кыйынчылыктарынан коргоого аракет кылып келишкен. Эгер силердин кызыңар экзаменден өтпөй калса, эмне кыласыңар? Ага жакшы баа коюп, көтөрмөлөп коюшу үчүн, мугалимине барасыңарбы? Уулуңар бирөө менен уруша кетсечи? Аны менен урушкан адамды күнөөлөп киресиңерби?

Албетте, балаңарды жаман нерселерден коргогуңар келгени табигый нерсе, бирок өтө эле коргой берсеңер, балаңардын кылган ишим үчүн жооптуу эмесмин деген ойдо болушуна шарт түзүп коюшуңар мүмкүн. Өспүрүмдөрдү тарбиялоо жөнүндөгү бир китепте мындай деп жазылган: «Көңүлү кайт болгондо же башына мүшкүл түшкөндө, көтөрүп кеткенге жана ошол нерселерден тажрыйба топтогонго үйрөнгөндүн ордуна, [андай] балдар баары, анын ичинде ата-энеси аларга бир нерсе кылганга милдеттүү деген ойдо болуп, өзүмчүл болуп чоңоюшат» («Positive Discipline for Teenagers»).

Ыйык Китепте эмне делет? Жашоодо кыйынчылыктарга кабылбай койбойбуз. Ыйык Китепте ар бир адамдын кыйынчылыктарга туш болору айтылган (Насаатчы 9:11). Кыйынчылыктарга жакшы адамдар да кабылат. Мисалы, Кудайга берилгендик менен кызмат кылган элчи Пабыл көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Бирок ал ошол кыйынчылыктардан көп нерсени үйрөнгөн. Ал: «Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм... ток жүрүүнүн да, ачка жүрүүнүн да, молчулукта жашоонун да, жакырчылыкта жашоонун да сырын билдим»,— деп жазган (Филипиликтер 4:11, 12).

Эмне кылсаңар болот? Балдарыңардын жашын эске алып, аларга Ыйык Китептеги: «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деген принципти түшүнгөнгө жардам бергиле (Галатиялыктар 6:5). Эгер балаңар бирөөнүн бир нерсесин сындырып салса, өзүнө төлөткөнүңөр оң. Кызыңар экзаменден өтпөй калса, аны эмки экзаменге жакшылап даярданганга үндөгөнүңөр жакшы. Уулуңар бирөө менен уруша кетсе, аны жубатып, бирок ыңгайлуу учурда ага: «Менден кандай ката кетти?» — деген сыяктуу суроолордун үстүнөн ойлонуп көргөнгө жардам берсеңер болот. Көйгөйлөрүн чечкенге үйрөнгөн балдар, ата-энеси өтө эле коргой берген балдардан айырмаланып, кайраттуу, өзүнө ишенген адамдардан болуп чоңоёт.

«Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал... өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

 3. Каалаганын сатып берүү

Көйгөй. Бир сурамжылоодо жаштардын 81 пайызы башкаларга жардам бергенге караганда бай болгон алда канча маанилүү деген ойду айтышкан. Бирок байлык топтоого умтулуу адамды бактылуу кылбайт. Изилдөөлөрдөн дүнүйө-мүлккө көп маани бергендер башкаларга салыштырмалуу өздөрүн бактысыз сезери жана көңүл чөгөттүккө көбүрөөк кабылары айкын болгон. Ошондой эле алардын ден соолугу начар болот жана психикалык ооруларга көбүрөөк чалдыгат.

Себеби эмнеде? Айрымдар дүнүйө топтоого көп маани берген үй-бүлөдө чоңоюшат. Өзүмчүлдүк тууралуу айтылган бир китепте мындай деп жазылган: «Ата-энелер балдарын кубанткысы келет. Балдар болсо баарын алсам дейт. Ошон үчүн ата-энелер балдары каалаган нерселердин баарын сатып берет. Балдары оюндагысын алганда аябай сүйүнөт, бирок алардын кубанычы бир азга гана созулат. Анан алар андан да көптү каалай башташат» («The Narcissism Epidemic»).

Жарнама бизнеси менен алектенгендер көзүнө көрүнгөндү ала бергендердин эсебинен баюуну көздөйт. Жарнамаларда: «Сен эң жакшысын гана алышың керек! Сен ушуга татыктуусуң!» — деген сыяктуу ойлор таңууланат. Жаштардын көбү ушундай жарнамаларга ишенип алгандыктан азыр карызга белчесинен батып, өздөрү «татыктуу» болгон нерсенин акчасын төлөй албай жатышат.

Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте акчанын керек экени айтылат (Насаатчы 7:12). Бирок: «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры»,— деген эскертүү берилет. Анда: «Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп,.. көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашты»,— деп жазылат (1 Тиметей 6:10). Ошондой эле Ыйык Китепте байлык топтоого умтулбастан, болгонуна ыраазы болуп жашашыбыз керектиги айтылат (1 Тиметей 6:7, 8).

«Баюуга умтулгандар азгырылып, тузакка түшүшөт жана... көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет» (1 Тиметей 6:9).

Эмне кылсаңар болот? Ата-энелер, акчага жана буюм-тайымга карата көз карашыңар кандай экенин текшерип көргүлө. Жашооңордо эмне биринчи орунда турушу керектигин аныктап, балдарыңарга да ошондой кылганга жардам бергиле. Өзүмчүлдүк жөнүндөгү жогоруда айтылган китепте мындай кеңеш берилет: «Ата энелер балдары менен: „Кайсы бир буюмду кайсы убакта алганыбыз оң? Ал эми кайсы убакта албай эле койгонубуз жакшы?.. Качан кайсы бир буюмду башкалар ал дегени үчүн эле алып алдым эле?“ — деген сыяктуу суроолорду чогуу талкууласа болот».

Үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү буюм-тайым сатып келүү менен чечсе болот деген ойдон качкыла. Бир китепте: «Буюм-тайым сатып келүү көйгөйдү чечпейт. Пайда болгон көйгөйдү жаңы бут кийим сатып келүү менен же акча менен эмес, акыл эстүү, боорукер болуп, терең ойлонуп чечиш керек»,— деп жазылган («The Price of Privilege»).

^ абз. 11 Ыйык Китеп баланы катуу сабаганга же жан дүйнөсүн жабыркаткан сөздөрдү айтып тилдегенге үндөбөйт (Эфестиктер 4:29, 31; 6:4). Жазалоонун максаты ачууну чыгаруу эмес, баланы тарбиялоо болушу керек.