Накыл сөздөр 23:1—35
23 Падыша менен бир дасторконго отуруп калсаң, алдыңдагынын баарын байкап отур+.
2 Эгер тамаксоо жан болсоң, кекиртегиңе бычак така+.
3 Алданып калбашың үчүн анын даамдуу тамак-ашына сугуңду артпа+.
4 Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа+. Өз түшүнүгүңө таянба+.
5 Жок болуп кете турган байлыкты эмнеге телмире карайсың?+ Ал бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга учуп кетет+.
6 Сараңдын тамагын жебе+, анын даамдуу тамак-ашына сугуңду артпа+.
7 Анткени ал ичинен баарын эсептеп турат+. Сага: «Же, ич»,— дегени менен, жүрөгү сени менен эмес+.
8 Бир кесим жесең да, аны кайра кусасың, айткан жылуу сөздөрүң да текке кетет+.
9 Акылсыздын кулагына сүйлөбө+, анткени ал акылдуу сөздөрүңдү баркка албайт+.
10 Илгерки чекти жылдырба+, жетимдердин* талаасына кирбе+.
11 Анткени алардын Куткаруучусу* күчтүү. Ал аларга болушуп, сага каршы чыгат+.
12 Жүрөгүңдү акыл-насаатка бур, кулагыңды билим камтылган сөздөргө төшө+.
13 Баланы жазасыз калтырба+. Чыбык менен сабасаң, өлүп калбайт.
14 Жанын көрдөн* куткарыш үчүн аны чыбык менен жазалашың керек+.
15 Уулум, сенин жүрөгүң акылдуу болсо+, менин да жүрөгүм кубанат+.
16 Туура сөздөрдү сүйлөгөнүңдө, жан дүйнөм* шаттанат+.
17 Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын+, күнү бою Жахабадан коркуп турсун+.
18 Ошондо келечегиң кең болот да+, үмүтүң орундалат+.
19 Уулум, кулак салып, акылдуу бол, жүрөгүңдү туура жолго бур+.
20 Шарапка мас болгондордун+, этке ашыра тойгондордун арасында болбо+.
21 Анткени аракеч менен соргок жакырланат+, уйкучулук жыртык кийим кийгизет+.
22 Сага өмүр берген атаңдын тилин ук+, энеңди карып калганы үчүн эле баркка албай койбо+.
23 Чындыкты+, ошондой эле акылмандыкты, акыл-насаатты жана түшүнүктү+ сатып ал, аларды кайра сатпа.
24 Адил адамдын атасы сүйүнөт+, акылдууга өмүр берген да кубанат+.
25 Ата-энең кубанат, сени төрөгөн аял сүйүнөт+.
26 Уулум, жүрөгүңдү мага бер, көздөрүң жолдоруман ырахат алсын+.
27 Анткени сойку — терең аң+, бөтөн жерлик аял — тар кудук.
28 Ал, каракчыдай болуп, буктурмада отурат+, эркектердин арасында ишенимсиздердин санын көбөйтөт+.
29 Кайгырган ким? Тынчы кеткен ким? Чатакташкан ким?+ Түйшүк тарткан ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталаган ким?
30 Алар — керээли-кечке шарап ичкендер+, күчтүү шарап издегендер+.
31 Шараптын кызарганына, чөйчөктө жылтылдаганына караба, анын жагымдуу даамына кызыкпа.
32 Акырында ал жыландай чагып алат+, кара чаар жыландай уу чачат+.
33 Көзүңө кызыктай нерселер көрүнүп, жүрөгүң бузуку нерселерди сүйлөйт+.
34 Ошондо деңиздин ортосунда, кемеде жаткандай болосуң+.
35 «Мени урушту, бирок этим ооруган жок, сабашты, бирок сезген жокмун+. Кайрадан шарап издеш үчүн деги качан ойгоном?» — дейсиң+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «атасы жок балдардын».
^ Же: «кун төлөп сатып алуучусу».
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
^ Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүм».