Накыл сөздөр 4:1—27
4 Балдарым, түшүнүккө ээ болуу үчүн+ атаңардын акыл-насаатына кулак салгыла+, ага дитиңерди койгула.
2 Анткени мен силерге жакшы таалим берем+. Менин мыйзамымды таштабагыла+.
3 Мен атамдын мыкты уулу болчумун+, энемдин назик, жалгыз баласы элем+.
4 Атам мага таалим берип+, мындай деген: «Сөздөрүмдү жүрөгүңдө+ бекем сакта+. Осуяттарымды аткарып, узак жаша+.
5 Акылмандыкка+, түшүнүккө ээ бол+. Айткандарымды унутпа, алардан четтебе+.
6 Акылмандыкты таштаба, ошондо ал сени сактайт. Аны сүй, ошондо ал сени коргойт.
7 Эң негизгиси — акылмандык+. Акылмандыкка ээ бол, ээ болгон бардык нерселериң менен бирге түшүнүккө да ээ бол+.
8 Аны жогору баала, ошондо ал сенин зоболоңду көтөрөт+. Аны кучагыңа алсаң, ал сени даңазалайт+.
9 Ал башыңа көз жоосун алган гүлчамбар кийгизет, сага кооз таажы тартуу кылат+.
10 Кулак сал, уулум, айткандарымды кабыл ал+. Ошондо узак өмүр сүрөсүң+.
11 Сени акылмандыктын жолунда жетектеп+, чынчылдыктын жолдорунда алып жүрөм+.
12 Басканда кадамыңды кере шилтейсиң+, чуркаганда чалынбайсың+.
13 Акыл-насаатты бекем карма+, коё бербе+. Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң+.
14 Ыймансыздардын жолуна түшпө+, жамандык кылгандардын жолунда жүрбө+.
15 Алардын жолунан оолак бол+, ал жол менен баспа+; андан бурулуп, кыя өт+.
16 Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт+, кимдир бирөөнү кулатмайынча кирпик кагышпайт+.
17 Алар ыймансыздыктын нанына тоюп+, зордук-зомбулуктун шарабын ичишет+.
18 Ал эми адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет+.
19 Ыймансыздардын жолу караңгы түндөй+; алар эмнеге чалынарын билишпейт+.
20 Уулум, сөздөрүмө кулак сал+, айткандарыма кулагыңды төшө+.
21 Алар көз алдыңан кетпесин+. Аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта+.
22 Анткени алар — тапкандар үчүн өмүр+, бүт денеси үчүн саламаттык+.
23 Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта+, анткени андан өмүр булактары чыгат+.
24 Оозуңду жалгандыктан+, тилиңди арамзалыктан алыс кыл+.
25 Көзүң түз карасын+, көз карашың алдыңа багытталсын+.
26 Бутуң баскан жолду түздө+, бардык жолдоруң туруктуу болсун+.
27 Оңго да, солго да бурулба+. Бутуңду жамандыктан алыс кыл+.