Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өз келечегиңер өз колуңарда!

Өз келечегиңер өз колуңарда!

КЕЛЕЧЕГИНИН КАНДАЙ БОЛОРУН АР БИР АДАМ ӨЗҮ ЧЕЧЕ АЛАБЫ? Айрымдар: «Жашообуз жеке чечимибизге эмес, маңдайыбызга жазылганына жараша болот»,— деп ойлошот. Кайсы бир максатына жетпей калганда алар: «Айла жок, бул мага буйруган эмес турбайбы»,— дешет.

Башкалар болсо ырайымсыз, адилетсиз азыркы дүйнөдө ойлогон оюн ишке ашыра албай, көңүл чөгөттүккө кабылышат. Алар жашоосун жакшыртканга аракет кылышса да, согуш, кылмыштуулук, табигый кырсык, оору сыяктуу каргашалардан улам тилеги таш капкан учурлары көп болушу мүмкүн. Ошондуктан: «Аракет кылып эмне кылам?» — деп кол шилтеп коюшат.

Албетте, максатыңарга жетер-жетпесиңерге жагдай-шартыңар бир топ эле таасир эте алат (Насаатчы 9:11). Бирок түбөлүк келечегиңердин кандай болорун өзүңөр чече аласыңар. Ыйык Китепте өз келечегиңер өз колуңарда экени айтылат. Анда эмесе, ал китепте эмне делерин карап көрөлү.

Байыркы учурда ысрайыл эли убада кылынган жерге кирердин алдында, аларды жетектеген Муса пайгамбар Жахабанын атынан мындай деген: «Мен сага өмүр менен өлүмдү, бата менен каргышты сунуш кылдым... Өзүң да, тукумуң да өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда. Жахаба Кудайыңды сүй, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал» (Мыйзам 30:15, 19, 20).

«Мен сага өмүр менен өлүмдү, бата менен каргышты сунуш кылдым... Өмүрдү танда» (Мыйзам 30:19).

Ооба, Кудай ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотуп, аларга убада кылынган жерде ээн-эркин, бактылуу өмүр сүрүүнү сунуш кылган. Анткен менен мунун баары өзүнөн өзү эле болуп калмак эмес. Кудайдан бата алыш үчүн алар «өмүрдү тандашы» керек болчу. Кантип? Ан үчүн Жахаба Кудайын сүйүшү, анын тилин алышы, ага ишенимдүү бойдон калышы зарыл эле.

Бүгүнкү күндө силерге да ошо сыяктуу чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берилүүдө жана чыгарган чечимиңер келечегиңерге сөзсүз таасир этет. Кудайды сүйүүнү, анын тилин алууну жана ага ишенимдүү бойдон калууну тандасаңар, өмүрдү — жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоону — тандаган болосуңар. Бирок ал кадамдар өз ичине эмнелерди камтыйт?

КУДАЙДЫ СҮЙҮҮ

Сүйүү — Кудайдын эң негизги сапаты. Элчи Жакан ыйык рухтун жетеги менен: «Кудай — сүйүү»,— деп жазган (1 Жакан 4:8). Ошондуктан Иса пайгамбар осуяттардын ичинен эң маанилүүсү кайсы деген суроого: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деп жооп берген (Матай 22:37). Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүгө ага ойлонбой эле баш ие берүү же андан коркуу сезими шарт түзбөйт. Буга сүйүү түрткү бериши керек. Эмне үчүн аны сүйгөнүбүз маанилүү?

Жахабанын адамдарга болгон сүйүүсү ата-эненин балдарына болгон сүйүүсүнө окшош. Жеткилеңсиз болсо да, мээримдүү ата-эне балдарынын бактылуу болуп, ийгиликке жетишин каалагандыктан аларга акыл-насаат айтат, колдоп-кубаттайт, оңдоп-түзөйт. Алар балдарынан эмнени күтөт? Аларды сүйүшүн жана айткан пайдалуу кеп-кеңештерин жүрөгүнө түйүп алышын каалашат. Андыктан асмандагы жеткилең Атабыздын да бизден анын бардык жакшылыктарын баалашыбызды күткөнү орундуу эмеспи?

АНЫ УГУУ

Ыйык Китепте «угуу», «тил алуу» деген сөздөр синоним катары колдонулат. Мисалы, кайсы бир балага: «Ата-энеңди ук»,— дегенибизде ага: «Ата-энеңдин тилин ал»,— деп айткан болобуз. Ошо сыңары, Кудайды угуу деген анын айткандарын билип, тил алууну билдирет. Биз Кудайдын үнүн түзмө-түз уга албайбыз, бирок анын Сөзү болгон Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарды аткаруу менен аны уккан болобуз (1 Жакан 5:3).

Кудайды угуу канчалык зарыл экенин көрсөтүш үчүн Иса Машаяк бир жолу: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деген (Матай 4:4). Тамактанып турганыбыз маанилүү болсо, Кудай жөнүндө билим алганыбыз андан да маанилүү. Эмне үчүн? Даанышман Сулайман пайгамбар: «Акылмандык, акча сыяктуу эле, коргойт. Бирок билим менен акылмандыктын артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында»,— деп түшүндүргөн (Насаатчы 7:12). Мындан көрүнүп тургандай, Кудай берген билим менен акылмандык бизди коргойт жана түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн туура чечим чыгарууга жардам берет.

АГА ИШЕНИМДҮҮ БОЙДОН КАЛУУ

Иса Машаяктын мурунку макалада айтылган мисалын эстесеңер. Ал: «Тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз»,— деген болчу (Матай 7:13, 14). Андай жолдо кетип баратканда биз мыкты экскурсоводдон көзүбүздү албай, анын жанында жүрөбүз. Ошо сыңары, көздөгөн жерибизге, түбөлүк өмүргө, жетүү үчүн дайыма Кудайга жакын болгонубуз маанилүү (Забур 16:8). Муну кантип кылсак болот?

Күн сайын кыла турган иштер көп, ал эми кылгыбыз келген нерселер андан да көп. Алар бир топ убактыбызды алгандыктан же алаксыткандыктан, Кудай бизден эмнелерди күтөрү жөнүндө ойлонууга аз эле убактыбыз калышы же такыр эле калбай калышы мүмкүн. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз»,— деген эскертүү камтылат (Эфестиктер 5:15, 16). Эгер Кудай менен болгон мамилебизди жашообузда биринчи орунга койсок, ага жакын болобуз (Матай 6:33).

ЧЕЧИМДИ ӨЗҮҢӨР ЧЫГАРАСЫҢАР

Өткөндү өзгөртө албасаңар да, өзүңөрдүн жана жакындарыңардын келечеги жаркын болушу үчүн, туура чечим чыгара аласыңар. Ыйык Китепте асмандагы Атабыз Жахаба Кудайдын бизди абдан жакшы көрөрү жана эмнелерди кылышыбызды каалаары жазылган. Микей пайгамбардын эмне дегенине көңүл бурсаңар:

«Оо, пенде, ал эмне жакшы экенин сага айткан. Жахаба сенден адилет болуудан, кайрымдуулукту жакшы көрүүдөн, Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүүдөн башканы талап кылабы?» (Микей 6:8).

Жахаба силерди анын жолунда жүрүүгө жана ал жолдо жүргөндөр үчүн даярдап койгон кереметтүү баталарын алууга чакырууда. Анын чакырыгын кабыл аласыңарбы? Чечимди өзүңөр чыгарасыңар.