Мазмунун көрсөтүү

Кудай адамдын бешенесине жазып коёбу? Жашоодо бүт баары анын буйругу боюнча болобу?

Кудай адамдын бешенесине жазып коёбу? Жашоодо бүт баары анын буйругу боюнча болобу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай жашообузду маңдайыбызга жазып, алдын ала чечип койбойт. Ал адам баласына өз алдынча чечим чыгарууга эрк берген. Бул туурасында Ыйык Китепте эмне деп айтылганына көңүл бурсаңар.

  •   Кудай адамды өзүнө окшоштуруп жараткан (Башталыш 1:26). Көбүнчө сокур сезимге жетеленип жашаган жаныбарлардан айырмаланып, бизде Жараткан Кудайыбызда бар сапаттар, алсак, сүйүү жана адилеттүүлүк сыяктуу сапаттар бар. Ошону менен бирге бизге чечим чыгаруу эркиндиги да берилген.

  •   Келечегибиздин кандай болору көп учурда өзүбүздөн көз каранды. Ошондуктан Ыйык Китеп аркылуу Кудай бизди: «Өмүрдү танда... Кудайыңды сүй, анын тилин ал» — деп, өзүнүн мыйзам-осуяттарын аткарууга үндөйт (Мыйзам 30:19, 20). Эгер Кудай бизге жашообузда чечим чыгарганга эркиндик бербесе, бул сөздөрдү айтмак эмес, минтип айтыш атүгүл таш боордукка жатып калмак. Адам баласына эркиндик бергендиктен, Кудай өзүнүн эркин аткарууга эч качан мажбурлабайт. Кайра, бизге жылуу-жумшак гана: «Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай... болмок»,— деп кайрылып жатат (Ышая 48:18).

  •   Адамдын кандайдыр бир ийгиликке жетиши тагдырынын буйругуна эмес, өзүнүн аракетине жараша болот. «Аракет кылсаң, берекет болот» дегендей, эгер ийгиликке жеткибиз келсе, талыкпай күч жумшашыбыз абзел. Ыйык Китепте: «Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер»,— деп айтылган (Насаатчы 9:10). Дагы бир жеринде: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5).

 Чечим чыгаруу эркиндиги — бул Кудайдын бизге берген баалуу белеги. Анткени ошондой эркиндикке ээ болгондуктан гана биз аны «чын жүрөктөн» — өз эркибиз менен — жакшы көрө алабыз (Матай 22:37).

Бүт баары Кудайдын буйругу менен болобу?

 Ыйык Китепте Кудайдын Кудурети күчтүү экени, башкача айтканда, күчү чексиз экени айтылган (Аюп 37:23; Ышая 40:26). Бирок бул анын ошол күчүн колдонуп, жер бетинде болуп жаткан бардык ишти майда-чүйдөсүнө чейин башкарып турарын билдирбейт. Алсак, Ыйык Китепте Кудайдын анын элинин душманы болгон байыркы учурдагы Бабыл (Вавилон) өлкөсүнө каарын төгүп, ага каршы чара колдонбой, өзүн-өзү кармаганы жазылган (Ышая 42:14). Ошо сыңары, бүгүнкү күндө да Кудай ал берген эркиндикти кыянат колдонуп, башкаларга зыян келтирип жаткан адамдарга күч колдонбостон, өзүн кармап жатат. Бирок мунун да чеги болот (Забур 37:10, 11).