Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СИЛЕРДИН ЖАШООҢОРГО КЫЗЫКДАРБЫ?

Кудай силердин жашооңорго кызыкдарбы?

Кудай силердин жашооңорго кызыкдарбы?

«Мен болсо бир байкушмун, жакырмын. Бирок Жахаба мени ойлойт» * ДӨӨТҮ ПАЙГАМБАР, Б.З.Ч. 11-КЫЛЫМ.

«Элдер чакадан тамган тамчыдай» (ЫШАЯ 40:15)

Дөөтү пайгамбардын Кудай аны ойлойт деп күткөнү акылга сыярлык беле? Кудай силердин жашооңорго кызыкдарбы? Ал силерди ойлойбу? Көптөргө Кудуреттүү Кудай адамдардын жашоосуна кызыкдар дегенге ишенүү кыйынга турат. Эмне үчүн?

Мунун бир себеби Кудайдын эң жогорку абалды ээлегенинде. «Анын көз алдында элдер чакадан тамган тамчыдай, таразадагы чаңдай. Ал аралдарды чаңдай көтөрөт» (Ышая 40:15). Биздин күндөрдө жашаган бир атеист жазуучу Кудай адамдардын жашоосуна кызыкдар же адамдарга көңүл бурат дегенге ишенүү акылсыздык экенин айткан.

Айрымдар болсо жүрүм-турумунан улам өздөрүн Кудайдын назар салышына татыксыз сезишет. Мисалы, Жим деген бир киши мындай дейт: «Башкалар менен урушпаш үчүн жана сабырдуу болуш үчүн дайыма Кудайдан жардам сурап тиленчүмүн. Бирок акырында мен ушунчалык жаман адаммын, мени жадагалса Кудай да оңдой албайт деп ойлоп калгам».

Кудай чын эле адамдарды байкабайбы? Ал бизден ошончолук алыспы? Күнөөлүү пенделерине карата ал кандай сезимдерди туят? Кудай өзү жөнүндө маалымат бербесе, бул суроолор жоопсуз калмак. Бирок Кудай Ыйык Китепке өзүнүн мээримдүү, камкор экенин жаздырган. Анда: «Чынында, ал ар бирибизге жакын»,— делет (Элчилер 17:27). Кийинки төрт макалада Кудайдын адамдарга көңүл бурары айтылат. Ошондой эле анын айрымдарга кантип көңүл бурганына да токтолобуз.

^ 3-абз. Забур 40:17; Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.