Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СИЛЕРДИН ЖАШООҢОРГО КЫЗЫКДАРБЫ?

Кудай силерди жубата алат

Кудай силерди жубата алат

«Көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай бизди... сооротот» (2 КОРУНТТУКТАР 7:6).

«Мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулу» (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 2:20)

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН БУГА ШЕКТЕНИШЕТ? Айрымдар абдан кыйналып турса да, Кудайдан көйгөйүн чечип беришин суроо өзүмчүлдүккө жатат деп ойлошот. Мисалы, Ракел: «Дүйнөдө адамдардын канчалык көп экенин, алардын олуттуу көйгөйлөргө кабылып жатканын ойлогондо өзүмдүкү болбогон нерседей сезилип калат. Ошон үчүн Кудайдан жардам сурагандан оңтойсузданам»,— дейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Бизге жардам берип, бизди жубатыш үчүн Кудай мурун эле чара көрүп койгон. Күнөө ар бир адамга тукум кууп өткөндүктөн, Кудайдын талабын эч ким толук аткара албайт. Бирок Кудай бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү жууш үчүн өз Уулун, Иса Машаякты, жиберген (1 Жакан 4:10). Анын курмандыгы аркылуу күнөөлөрүбүздүн кечирилишине, таза абийирге ээ болушубузга, тынчтык өкүм сүргөн жаңы заманда түбөлүк жашашыбызга жол ачылган *. Ал курмандык бүт адамзат үчүн берилгенби же ал Кудайдын жеке силерге да көңүл бурарын далилдейби?

Элчи Пабыл Иса Машаяктын курмандыгына аябай ыраазы болгондуктан: «Азыр өткөрүп жаткан өмүрүмдү мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулуна ишенүү менен өткөрүп жатам»,— деген (Галатиялыктар 2:20). Машаяк өмүрүн элчи Пабыл аны жолдогонго чейин эле берген. Ошентсе да элчи Пабыл анын курмандыгын Кудайдын жеке ага берген белеги деп эсептеген.

Машаяктын курмандыгы — Кудайдын жеке силерге да берген белеги жана Кудайдын силерди абдан баалаарын далилдейт. Ошондой эле «түбөлүк сооронуч, кереметтүү үмүт» берет жана «жакшы иштерди кылууга, жакшы сөздөрдү сүйлөөгө бекемдейт» (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).

Бирок ал курмандык 2 000 жылдай мурун берилген. Анда Кудай силерге жакын болгусу келерин кайдан билсе болот?

^ 5-абз. Иса Машаяктын курмандыгы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 5-бөлүмүн карагыла.