Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СИЛЕРДИН ЖАШООҢОРГО КЫЗЫКДАРБЫ?

Кудай силерди түшүнөт

Кудай силерди түшүнөт

«Оо, Жахаба, сен мени изилдегендиктен билесиң» (ЗАБУР 139:1).

«Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн» (ЗАБУР 139:16)

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН БУГА ШЕКТЕНИШЕТ? Көптөр адам баласы Кудайдын көз алдында күнөөкөр, таза эмес жана анын көңүл бурушуна татыксыз деп ойлошот. Өтүшүп кеткен депрессиядан азап чеккен Кендра деген бир аял Кудайдын талаптарын аткара албай жатам деп ойлогондуктан өзүн күнөөлөй берчү. Ошентип отуруп ал атүгүл Кудайдан жардам сурап тиленбей да калган.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Жахаба Кудай күнөөлүү экениңерге эле көңүл топтой бербейт, ал ички дүйнөңөрдү көрө билет жана чынында кандай адам экениңерди түшүнөт. Ыйык Китепте: «Ал биздин эмнеден жаратылганыбызды билет. Топурак экенибизди унутпайт»,— деп жазылган. Андан сырткары, ал «бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт», эгер чын жүрөктөн өкүнсөк, ырайымдуулук менен кечирет (Забур 103:10, 14).

Биринчи макалада айтылган Дөөтү пайгамбардын мисалына токтололу. Ал Кудайдан тиленип жатканда: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү... китебиңе жазылып коюлган... Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил»,— деп жалынган (Забур 139:16, 23). Ооба, Дөөтү пайгамбар күнөө кетирип алган учурларда, атүгүл чоң күнөө кетиргенде да, чын жүрөктөн өкүнгөнүн Кудай көрөрүнө бекем ишенген.

Силерди Жахаба гана эң сонун түшүнөт. Ыйык Китепте: «Адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деп айтылат (1 Шемуел 16:7). Жахаба Кудай силердин эмне үчүн тигиндей же мындай кылганыңарды жакшы түшүнөт. Ал көргөн тарбияңарды, кандай чөйрөдө чоңойгонуңарды жана кулк-мүнөзүңөрдү эске алат. Ал силерди жакшы адам болгонго умтулуп жатканыңарды көрүп турат жана, атүгүл ката кетирип алсаңар да, кылган аракетиңерди баалайт.

Адам баласын эң сонун түшүнгөн Кудай силерди кантип жубатат?