Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ким биринчи ойлоп тапкан?

Ким биринчи ойлоп тапкан?

Акыркы жылдары өсүмдүктөр менен жаныбарлар окумуштуулар менен инженерлерди көп нерсеге үйрөтүштү (Аюб 12:7, 8). Биомиметика деген тармактын адистери жаңы техникаларды чыгарууда жана мурункуларынын сапатын жогорулатуу үчүн ар кандай жаратуулардын өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө. Төмөнкү мисалдарды карап жатканда: «Буларды ойлоп чыгарганы үчүн атак-даңкка ким татыктуу?» — деп ойлонуп көргүлө.

Киттин сүзгүч канаттары

Авиакуруучулар бүкүр киттен эмнеге үйрөнө алышат? Көп нерсеге десек болот. Чоң бүкүр киттин салмагы 30 тоннага жетет, бул жүктөлгөн жүк ташуучу унаанын салмагына барабар. Узундугу 12 метрге жеткен алп денеси дөңгөчтөй ийкемсиз көрүнүп, сүзгүч канаттарынын да көлөмү бир топ болгону менен, ал суу астында шамдагай келет.

Окумуштууларды денеси ушундай ийкемсиз көрүнгөн жаныбардын кууш айлампа пайда кылыш үчүн чукул бурула алганы өзгөчө таң калтырган. Көрсө, кептин баары анын сүзгүч канаттарынын түзүлүшүндө экен. Анын сүзгүч канаттарынын алдыңкы жагы самолёттун канатындай жылмакай эмес, араанын тиштериндей орсок келип, канатынын үстүндө катар-катар бүдүрчөлөр жайгашкан.

Бүкүр кит сууну жара сүзүп көтөрүлүп баратканда, алиги бүдүрчөлөр көтөрүү күчүн жогорулатып, суунун каршылыгын азайтат. Кандайча? Бир журналда кит чукул айланып сүзгөндө да, бүдүрчөлөрү сүзгүч канатынын үстүнөн суунун ырааттуу, бир калыпта агып өтүшүн шарттаары түшүндүрүлгөн («Natural History»). Эгер сүзгүч канатынын асты жагы орсок эмес, түз болсо, кит мынчалык чукул бурулуп көтөрүлө алмак эмес. Себеби ага сүзгүч канаттарынын артында пайда болгон ирим көтөрүлүүгө тоскоолдук кылмак10.

Табияттагы кереметтердин патенти кимге таандык?

Бул ачылыш кайсы жагынан пайдалуу болчудай? Ал самолёттордун канатынын абанын агымын өзгөрткөн калактарын же дагы башка бөлүктөрүн кичирейтип, азайтууга мүмкүндүк бериши ыктымал. Андай канат салыштырмалуу коопсуз болмок, аны тейлөө да оңойго турмак. Биомеханика тармагынын адиси Жон Лонг жакынкы келечекте «реактивдүү самолёттордун канаттары бүкүр киттин сүзгүч канаттарындагыдай бүдүрчөлөр менен жабдылышы толук мүмкүн экенине» ишенет11.

Ак чардактын канаты

Самолёттун канаты куштардын канатына окшоштурулуп жасалганы көптөргө маалым. Бирок инженерлер жакында жаңы баскычка көтөрүлүштү. «Нью сайентист» журналында белгиленгендей, «Флорида университетинин изилдөөчүлөрү ак чардактай болуп абага тез көтөрүлүүгө жана тез конууга, калкып учууга жөндөмдүү алыстан башкарылуучу самолёттун моделин жасашты»12.

Ак чардак канатын түбүнөн — канаты менен денеси бириккен туштан — эле эмес, ортосунан — күң жилиги менен кар жилиги бириккен жерден — да бүккөндүктөн, ушинтип жеңил уча алат. Журналда ак чардактын ийилчээк канатынын үлгүсү боюнча жасалган «60 сантиметрлик авиамоделдин канатын кыймылга келтирүү үчүн, бир нече рычагды башкаруучу чакан кыймылдаткыч колдонулганы» айтылган. Канатынын мындай түзүлүшүнүн аркасында ал бийик имараттардын арасына да конуп, калкып уча алат. Аскер кызматкерлеринин айрымдары чоң шаарлардагы химиялык жана биологиялык курал-жарактарды издөөгө колдонуу үчүн ушундай самолёт курууга абдан кызыкдар.

Ак чардактын буту

Ак чардактын буту муз үстүндө турса да тоңбойт. Эмне үчүн? Себеби анын, суук аймактарда жашаган башка жаныбарлардыкындай эле, кызыктуу бир өзгөчөлүгү бар.

Ак чардактын денесиндеги жылуу кан муздабайт. Муздак кан бутунда эле жүгүрөт

Ал эмне болгон өзгөчөлүк? Муну түшүнүү үчүн бири бирине жанаша жайгашкан эки суу түтүгүн элестетүүгө болот. Алардын биринде — ысык, экинчисинде муздак суу агат дейли. Эгер эки түтүктөгү суу бир багытта акса, ысык суу аккан түтүктөгү жылуулук экинчи түтүккө жарым-жартылай өтөт. Ал эми бири бирине карама-каршы багытта акса, анда ысык суу аккан түтүктөгү жылуулук муздак суу аккан түтүккө дээрлик толугу менен өтөт.

Ушундай процесстен улам ак чардак муздун үстүндө турганда, анын бутунан өйдө көздөй көтөрүлгөн муздак кан жылыйт. Ошентип, чымчыктын денесиндеги кан муздабай, жылуу бойдон сакталат. Механика жана аэронавигация боюнча инженер Артур Фраас мунун «дүйнөдөгү эң натыйжалуу процесстердин бири» экенин айткан13. Бул дизайн өзгөчө болгондуктан, инженерлер аны өндүрүштө колдонууда.

Даңкталууга ким татыктуу?

Көнөчөк сымал балыктын үлгүсү боюнча жасалган, абаны оңой жиреген машиненин модели

Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын инженерлери чаяндай болуп баскан көп буттуу робот чыгаруунун үстүнөн иштеп жатышат. Ал эми финляндиялык инженерлер чоң курт-кумурскага окшоп тоскоолдуктардан оңой өтө алган 6 дөңгөлөктүү трактор чыгарышты. Башка изилдөөчүлөр аба ырайына жараша ачылып-жабыла турган тобурчактын үлгүсү боюнча майда түкчөлөрү бар кездеме чыгарышууда. Мындай кездемеден тигилген кийим кишинин денесинин температурасына жараша өзгөрүп турат. Машине куруу тармагынын адистери көнөчөк балыктыкындай формадагы, абаны оңой жирөөгө ыңгайлаштырылган машине чыгарууда. Дагы бир изилдөөчүлөр ары жеңил, ары бышык зоот чыгаруу максатында деңиз кулакчасынын соккунун күчүн азайтуу же ага туруштук берүү касиетин изилдешүүдө.

Дельфиндин угуу органына тең келген аппарат жок

Табияттагы ушул сыяктуу кереметтердин көптүгүнөн изилдөөчүлөр биологиялык системаларды камтыган маалымат корун түзүшкөн. Окумуштуулар андагы маалыматтарды изилдөө менен, «Экономист» журналында белгиленгендей, «долбоорлоодо пайда болгон кыйынчылыктарды табигый жол менен чече» алышат. Ал маалымат корунда топтолгон биологиялык системалар «жаратылыш патенти» деп аталат. Адатта, ойлоп чыгарылган нерсени мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөргөн адам же компания патенттин ээси болот. Ал маалыматтар тууралуу «Экономист» журналында мындай делген: «Биомиметикадагы жетишкендиктерди „жаратылыш патенти“ деп атоо менен изилдөөчүлөр ойлоп чыгарган нерселеринин анык „ээси“ табият же жаратылыш экенин баса көрсөтүүдө»14.

Окумуштуулар деңиз кулакчасынын соккуга туруштук берүү касиетин изилдешүүдө

Табияттагы мындай кереметтүү ой-долбоорлор кайдан пайда болгон? Көптөгөн окумуштуулар аны миллиондогон жылдарга созулган эволюциядагы кокустуктун натыйжасы деп эсептешет. Ал эми башка изилдөөчүлөр карама-каршы көз карашта. Микробиолог Майкл Бихи «Нью-Йорк таймс» гезитинин 2005-жылы 7-февралда чыккан санына мындай деп жазган: «[Табияттагы] ырааттуулукту көрүп туруп, бир гана талашсыз жыйынтыкка келүүгө болот: канаттуунун көзүнөн, бутунан, каркылдаган үнүнөн каз экени айкын көрүнүп турса, аны каз эмес деп ким талашат?!» Муну менен ал эмнени айткысы келген? «Кайсы бир нерсенин долбоорлонуп жасалганы айдан ачык көрүнүп турса, аны четке кагууга болбойт»,— дейт Бихи15.

Геккон манжаларындагы молекулярдык күчтүн аркасында бир нерсенин жылмакай бети менен баса алат

Албетте, самолёттун коопсуз жана техникалык көрсөткүчү жогору канатын курган инженер мактоого татыйт. Ошондой эле абаны оңой жиреген машинени, кийим тигүү үчүн сапаттуу кездемени ойлоп чыгарган адамдардын да эмгегин жогору баалоого болот. Жалпыга маалым болгондой, кимдир бирөөнүн ойлоп чыгарган нерсесин көчүрүп жасаган, бирок анын чыныгы жаратманын көмүскөдө калтырган адам кылмышкер катары каралат.

Окумуштуулар инженерия тармагында кыйынчылыктарды чечүүдө, болгону, жаратылышты туурап, көчүрмө жасашууда. Бирок айрымдарынын табияттагы укмуштуудай ой-долбоорлорду аң-сезимсиз эволюцияга ыйгарып койгону туурабы? Эгерде көчүрмөнү акыл-эстүү адам жасаса, анда түп нусканы ким жасаган? Чынында эле, даңктоого кимиси татыктуураак: жаратманбы же аны туурап бир нерсе жасаган адамбы?

Акылга сыярлык тыянак

Көптөр табиятты изилдеп чыгып, Ыйык Китепти жазууга катышкан элчи Пабылдын: «[Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот»,— деген сөздөрүнө кошулууда (Римдиктер 1:19, 20).