Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Мунай «жеген» микроорганизмдер

Мунай «жеген» микроорганизмдер

МЕКСИКА булуңунда 2010-жылы мунай платформасы жарылып, дээрлик беш миллион баррелдей (800 000 000 литр) мунай сууга төгүлгөн. Бирок бир нече айдан кийин сууну каптап калган мунайдын көп бөлүгү жок болуп кеткени байкалган. Эмне себептен?

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар көптөгөн деңиз бактерияларынын мунайдын курамындагы узун чынжырлуу карбон молекулаларын ажырата аларын аныкташкан. Айлана-чөйрөнү изилдеген микробиолог, профессор Терри Хайзен, ал бактерияларды «мунай издеген ракеталар» деп сүрөттөгөн. Мексика булуңундагы мунайдын жок болуп кетишине кандайдыр бир деңгээлде ушул бактериялар себеп болгон.

Би-би-си «мунай нечендеген кылымдар бою табигый жол менен деңиздин түбүнөн чыгып тургандыктан», «мындай мунай жегич бактериялардын деңиздерде жашаганы таң калыштуу эмес» экенин билдирген.

Деңизди мунайдан тазалаш үчүн адамдар тарабынан да көп аракет жасалууда. Ошентсе да алардын пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн. Алсак, сууну тазалоо үчүн колдонулуп жаткан диспергаторлор (мунайды бөлүктөргө ажыратуу үчүн колдонулган химиялык заттар) жаратылыштагы мунайды бөлүктөргө ажыратуу процесстердин жүрүшүнө тоскоолдук кылат. Анын үстүнө, алар уулуу болгондуктан айлана-чөйрөгө узак убакытка чейин залал келтирет. Ал эми табияттын мунайды ажыратуу жөндөмдүүлүгү, анын ичинде «мунай жегич бактериялар», химиялык заттардан айырмаланып, деңиздин эч нерсеге залакасын тийгизбей өзүн-өзү тазалашына шарт түзөт *.

Кандай деп ойлойсуңар? Мунайды ажыратуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон деңиз бактериялары өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

^ 6-абз. Мексика булуңундагы кырсыктын деңиздеги жашоого дагы канча убакка чейин зыян келтирерин азырынча айтуу кыйын.