Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда Ортоңку Чыгыш

Көңүл чордонунда Ортоңку Чыгыш

Бир кезде эң байыркы цивилизациялардын мекени болгон Ортоңку Чыгыш археологиялык табылгалардын булагы болуп саналат.

Канаан шарап жасоочулары.

2013-жылы археологдор азыркы Израилдин аймагынан 3 700 жылдай мурун канаандыктар казышкан чоң жер төлө табышкан. Анын ичинен жалпы сыйымдуулугу азыркы 3 000 шараптын бөтөлкөлөрүнүкүнө барабар шарап куюлган чоң 40 кумура табылган. Шараптын калдыктарын изилдеген бир археолог канаандыктардын шарапты мыкты жасаганын баса белгилеп: «Бардык кумуралардагы шарап бирдей рецепт менен жасалган»,— деп айткан.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Ыйык Китепте байыркы Израилде «тамшанткан шарап» жасалганы жана чоң кумураларда сакталганы жазылган (Сулаймандын ыры 7:9; Жеремия 13:12).

Калктын кескин көбөйүшү.

«Гардиан» гезитинде Мисирде 2012-жылы 2010-жылга караганда 560 000ге көбүрөөк наристе төрөлгөнү жазылган. Мисирдин сурамжылоо борборлорунун биринде иштеген Осман Магед: «Бул Мисирдин тарыхындагы эң чоң көрсөткүч»,— деген. Эгер калк ушундай тездик менен көбөйө бере турган болсо, айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, өлкөдө суу, энергия жана тамак-аш азыркыдан да тартыш болот.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Ыйык Китепте Кудай адамдардын жер бетин белгилүү бир деңгээлге чейин толтурушун жана баары керектүү нерселер менен камсыз болушун ниет кылганы жазылган (Башталыш 1:28; Забур 72:16).

Катылган тыйындар.

Израилдеги бир чоң жолдун жанынан «төртүнчү жыл» деген жазуусу бар 100дөн ашуун коло тыйын табылган. Ал жазуу жүйүттөр римдиктерге каршы уюштурган жана Иерусалимдин кыйрашына алып келген көтөрүлүштүн төртүнчү жылына (б.з. 69, 70-ж.) тиешелүү. «Тыйындардын ээси Рим армиясынын көтөрүлүштү басып коёруна көзү жетсе керек. Ошондуктан кийин алам деген үмүттө тыйындарын катып койгон көрүнөт»,— деген казуу иштерин жетектеген Пабло Бетцер.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Б.з. 33-жылы Иса пайгамбар Рим аскерлеринин Иерусалимди курчап аларын алдын ала айтып, аман калыш үчүн жолдоочуларына тоого качышы керектигин эскерткен (Лука 21:20—24).