Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Деңиз үлүлдөрүнүн кабыгы

Деңиз үлүлдөрүнүн кабыгы

ЖУМШАК денелүү деңиз үлүлдөрү сыртындагы кабыгынан улам оор шарттарда жашай алышат жана деңиздин түбүндөгү чоң кысымга туруштук бере алышат. Аларды коргоп турган укмуштуудай бул жөндөмү инженерлерге алардын түзүлүшүн, көлөмүн изилдөөгө түрткү берген. Алар бул коопсуз унаалар менен үйлөрдү долбоорлоого жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Көңүл бурсаңар: Үлүлдөрдүн кабыгынын эки түрү: кош капкалуу жана спираль түрүндө буралган кабыгы изилденген.

Кош капкалууларды изилдөөдө алардын капкасынын сыртындагы кабыргалары сырттан келген кысымды эки капкасы бириккен жерине жана эң четтерине багыттаары аныкталган. Ал эми андан айырмаланып, спираль түрүндө буралгандары сырттан келген кысымды кабыгынын так борборуна, андан соң улам жоонойгон учуна багыттаары байкалган. Эки жагдайда тең кысым кабыктын эң катуу, эң бекем жерлерине багытталат. Ушунун аркасында катуу сокку урулган учурларда ичинде жаткан үлүл азыраак зыян тартат.

Мындан тышкары, изилдөөчүлөр үлүлдүн накта кабыктары менен аларга окшоштурулуп 3-D принтердин жардамы менен жасалган жасалма жарым шардын жана конустун кысымга туруштук берүү жөндөмүн сынап көрүшкөн. Натыйжада үлүлдүн накта кабыктарынын кысымга туруштук берүү жөндөмү жасалма кабыктардыкына салыштырмалуу дээрлик эки эсе жогору экени аныкталган.

Бир журналда бул изилдөөнүн жүзөгө ашышына байланыштуу окумуштуулардын: «Качандыр бир убакта үлүлдүн кабыгына окшогон унааны айдап калышыбыз мүмкүн. Ошондо ал кооз эле эмес, ичиндеги „жумшак денелерди“ да коргогон мыкты унаа болот»,— деген ойлору жазылган («Scientific American»).

Кандай деп ойлойсуңар? Деңиз үлүлдөрүнүн кабыгы эволюция жолу менен пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?