Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Бүкүр киттин сүзгүч канаты

Бүкүр киттин сүзгүч канаты

ЖЕТИЛГЕН бүкүр киттин салмагы жана көлөмү автобустукунан чоң. Бирок сүт эмүүчүлөрдүн түркүмүнө кирген бул алп жаныбар абдан ийкемдүү келет. Анын оңой чумкуганы жана оңой бурулганы таң калтырбай койбойт. Бул бүкүр киттин ийкемдүү болгонунун сыры эмнеде? Кептин баары анын сүзгүч канатынын орсогой болгонунда.

Көңүл бурсаңар: Киттердин көпчүлүгүнүн жана кит сымалдуулардын сүзгүч канаттарынын астыңкы кыры түз болот. Ал эми бүкүр киттики алардыкынан айырмаланат. Анын сүзгүч канатынын астыңкы кыры орсогой келет. Бүкүр кит сүзгөндө, суу анын сүзгүч канатынын орсокторунан агып өтүп, көп ирим пайда болот. Анын сүзгүч канатынын орсоктору суунун агымдарын багыттайт жана турубуленттүүлүктү пайда кылат. Мунун аркасында киттин көтөрүлүү күчү жогорулайт жана ал ылдамдыгын басаңдатпай, сүзгүч канатын каалагандай бура алат. Ал сүзгүч канатын чоң бурч менен бурганда, орсоктору суунун каршылыгын азайтат. Бул киттин денесинин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн чоң сүзгүч канаты үчүн абдан маанилүү.

Окумуштуулар бүкүр киттин сүзгүч канатынын түзүлүшүнө окшоштуруп, натыйжалуу иштей турган кеменин башкаргыч рулун, суу турбиналарын, жел тегирмендерин жана тик учактын винтинин калактарын жасоого аракеттенүүдө.

Кандай деп ойлойсуңар? Бүкүр киттин сүзгүч канаты өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?