Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Каалгып учкан куштардын канаттары

Каалгып учкан куштардын канаттары

РЕАКТИВДҮҮ учактар учканда канаттарынын учунда аба иримдери пайда болот. Ал иримдер каршылыкты пайда кылып, күйүүчү майдын көп кетишине себеп болот. Ошондой эле алар артта келатышы мүмкүн болгон учактарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан аба иримдери тарап жетишиши үчүн, бир эле аба жолу менен уча турган учактардын учуу убактысынын ортосунда жетиштүү айырма болушу кажет.

Учактарды долбоорлогон инженерлер бул көйгөйдү кандайдыр бир деңгээлде чечишкен. Алар учактардын канаттарынын учун, каалгып учкан бүркүттөр, сарылар жана кунастар сыяктуу куштардыкына окшоштуруп, өйдө кайрылып тургудай кылып жасоону сунушташкан.

Көңүл бурсаңар: Андай чоң куштар учуп баратканда канаттарынын учтары өйдө кайрылып турат. Мындай түзүлүш канаттардын узундугу кыска болгону менен, көтөрүү күчүнүн көп болушун шарттайт. Ошондой эле учуу сапатын жогорулатат. Инженерлер учактардын канаттарын так ошондой түзүлүштө долбоорлошкон. Алар эң алдыңкы аэродинамикалык түтүктүн жардамы менен тажрыйба жүргүзүп, учактын канаттарынын учу туура бурчта ийилсе жана абанын агымына ылайыкталып жасалса, учактын учуу сапаты ушу тапта 10 же андан көп пайызга жакшырарын аныкташкан. Анткени учактын канаттарынын учтарынын ошондой түзүлүштө болушу аба иримдеринин көлөмүн азайтып, каршылыкты төмөндөтөт. Андан тышкары, «кадимки каршылык күчүнө тоскоол кыла турган» тартуу күчүн жаратат («Encyclopedia of Flight»).

Бул ачылыш күйүүчү майдын үнөмдөлүшүнө, учактардын алысыраак учушуна, көбүрөөк жүк ташышына жана канаттарынын кыскараак болушуна шарт түзөт. Ал эми учактардын канаттарынын кыска болушу аларды токтоочу жайга жайгаштырууну да жеңилдетет. НАСА («Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармасы») учактардын канаттарынын учтары ушундай түзүлүштө болгонунун аркасында авиакомпаниялар 2010-жылы «дүйнө жүзү боюнча 7 600 000 000 литр күйүүчү май үнөмдөшкөнүн» жана абанын азыраак булганышына чоң салым кошконун билдирген.

Кандай деп ойлойсуңар? Каалгып учкан куштардын канаттары эволюциянын натыйжасыбы? Же Жараткандын долбоорубу?