Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңар өлүм жөнүндө сураса...

Балаңар өлүм жөнүндө сураса...

КЫЙЫНЧЫЛЫК

Алты жашар балаңар: «Сиз да бир күнү өлүп каласызбы?» — деп сурап калат. Силер болсо эмне дериңерди билбей: «Суроосуна жооп берсем, түшүнө алабы? Өлүм деген эмне экенин кантип түшүндүрөм?» — деп ойлонуп каласыңар.

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Балдар деле өлүм жөнүндө ойлонушат. Кээде алардын өлүп калган кишини туурап ойногонун көргөн чыгарсыңар. Ошондуктан өлүмдү балдар менен сөз кылбай турган тема катары көрбөгүлө жана балаңар өлүм жөнүндө сураса, көңүл бөлбөй койбогула. Аны менен өлүм жөнүндө ачык сүйлөшкөнүңөрдүн кийин ага пайдасы тиет, тактап айтканда, жакын адамын жоготкондо күйүттү көтөрүүгө жардам болот.

Балаңар менен ушундай темада сүйлөшүү аны башын маң кылган, кереги жок ойлорго салат деп коркпогула. Тескерисинче, бул аны коркуу сезиминен арылтат. Ошондой эле аны менен сүйлөшүүнүн аркасында өлүм жөнүндөгү туура эмес оюн оңдой аласыңар. Анткени айрым окумуштуулардын айтымында, алты жашка чейинки балдардын көбү адатта киши өлгөндө жашоо токтойт деп ойлошпойт. Ошондуктан алардын оюндарында өлгөн киши бирде «өлүк» болсо, бирде кайра «тирүү» болуп калат.

Эс тарта баштаганда балдар өлүмдүн олуттуулугун түшүнө башташат, ошондуктан бушайман болуп, ар кандай суроолорду беришет. Ал эми жакын кишиси каза болуп калса, ал тургай корко башташы мүмкүн. Мына ошондуктан алар менен өлүм жөнүндө сүйлөшүү маанилүү. Психиатр Марион Хаза: «Балдар үйдөн өлүм жөнүндө сүйлөшүүгө болбойт дегендей сезимде болсо, өлүмдөн ого бетер корко башташат»,— дейт.

Кантип түшүндүрөм деп тынчсызданбагыла. Бир изилдөөдөн айкын болгондой, балдарга «жылуу сөздөр менен айтылган чындык» керек, алар ошону уккусу келет. Балдар бир нерсе жөнүндө сурап жатса, демек, алар ошол жөнүндө сүйлөшкөнгө даяр.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ыңгайлуу учурду коё бербегиле. Мисалы, балаңар жолдун боюнда өлүп жаткан чымчыкты көрсө же жакшы көргөн үй жаныбары өлүп калса, аны менен бул жөнүндө сүйлөшүш үчүн: «Өлүп калган жаныбарлар кыйналабы? Алар үшүйбү, ачка болобу? Жаныбардын же кишинин өлүк экенин кантип билсе болот?» — деген сыяктуу суроолорду берсеңер болот. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 3:1, 7.)

Чындыкты жашырбагыла. Таанышыңар же тууганыңар каза болуп калганда балаңарга «ал алыс жакка кетип калды» деген сыяктуу жаңылыш ойго түртө турган сөздөрдү айтуудан сак болгула. Анткени ал аны бир күнү кайра келет деп ойлоп алышы мүмкүн. Антүүнүн ордуна, эмне болгонун жөнөкөй сөздөрдү колдонуп түз эле айткыла. Маселен: «Чоң апаң өлүп калгандыктан, анын денеси иштебей калды. Биз аны менен сүйлөшө албайбыз. Бирок аны эч качан унутпайбыз»,— десеңер болот. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 4:25.)

Бала өлүмдү жугуштуу нерседей көрүп: «Мен да өлүп калам»,— деп ойлошу мүмкүн. Андыктан андай эмес экенин түшүндүрүп, соороткула

Соороткула. Балдар кимдир бирөөнү: «Мен бир нерсени туура эмес кылганым же туура эмес ойлогонум үчүн өлүп калды» — деп ойлоп, өзүн күнөөлөшү ыктымал. Ошондуктан балаңарга эч кандай күнөөсү жок экенин түшүндүргүлө. Андан тышкары: «Эмне үчүн антип ойлоп жатасың?» — деп сурап көргүлө. Анан сезимин этибарга албай койбогула, айткандарын кунт коюп уккула. Ошондой эле бала өлүмдү жугуштуу нерседей көрүп: «Мен да өлүп калам»,— деп ойлошу мүмкүн. Андыктан андай эмес экенин түшүндүрүп, аны соороткула.

Сөзгө тарткыла. Балдарыңар менен көзү өтүп кеткен туугандарыңар, ал тургай алар көрбөй калган туугандарыңар жөнүндө сүйлөшүүдөн коркпогула. Чоң ата, чоң апасы же башкалар менен болгон кызыктуу, күлкүлүү окуяларды айтып бергиле. Алар жөнүндө ачык сүйлөшкөнүңөрдүн аркасында, балаңар көзү өтүп кеткен киши жөнүндө сүйлөшүүнүн же алар жөнүндө ойлонуунун эч жаман жери жок экенин түшүнөт. Бирок ошол эле учурда балаңарды өлүм тууралуу сүйлөшүүгө мажбурлабагыла. Ал жөнүндө ыңгайы келген башка учурда деле сүйлөшсөңөр болот. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 20:5.)

«Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китептин 34, 35-бөлүмүндөгү маалымат балаңарга өлүм жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтыларын билгенге жардам берет. (АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР деген жерди карагыла.)